Түндүк Корея АКШнын вице-президентин "саясий куурчак" деп атады

Түндүк Корея АКШнын вице-президенти Майк Пенсти "саясий куурчак" деп атады Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Түндүк Корея АКШнын вице-президенти Майк Пенсти "саясий куурчак" деп атады

Түндүк Корея эмдиги айда пландалган саммиттин келечеги АКШнын колунда деп эскертти. Пхеньян Вашингтон маселени сүйлөшүүлөр аркылуу чече алат же ал "өзөктүк тиреш" жолу менен чечилет деп белгиледи.

Бул билдирүүнү Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынга жакын адам жасады. Ал АКШнын вице-президенти Майк Пенсти Түндүк Кореяны Ливияга салыштырганы үчүн кескин сынга алды.

Түндүк Кореянын Тышкы иштер министринин орун басары Чё Сон Ху АКШнын вице-президенти Майк Пенсти сынга алып, аны "саясий куурчак" деп атады.

Пенс Fox News каналына Түндүк Корея тууралуу интервью берип, өлкөдөгү өзөктүк куралды жок кылуу жараянын Ливия мамлекетиндеги окуялар менен салыштырган.

Мындай билдирүү Пхеньянды терең тынчсыздандырат. 2003-жылы Ливиянын лидери Муаммар Каддафи санкцияларды алып салса, өзөктүк курал программасынан баш тартарын айтып, эл аралык текшерүүгө макулдук берген.

Сегиз жылдан кийин Каддафи батышты жактаган көтөрүлүшчүлөр тарабынан өлтүрүлгөн.

Image caption Улуттук коопсуздук боюнча Трамптын кеңешчиси болуп шайланган Жон Болтон

Өткөн аптада Улуттук коопсуздук боюнча Трамптын кеңешчиси болуп шайланган Жон Болтондун ММКларга жасаган билдирүүлөрүндө Түндүк Кореядагы өзөктүк куралдарды жок кылуу "ливиялык сценарий" менен жүрүшү керектигин айткан эле.

Бул салыштырууга Пхеньян кабатыр болуп, АКШ менен Түндүк Кореянын ортосундагы жаңы кайым айтышуулар кайра тутанды.

Бирок ага карабастан аптанын башында Пенс Пхеньян өзөктүк куралдарын жок кылууга макул болбосо, Ливиядагы окуялар Түндүк Кореяда дагы кайталанат деп билдирген.

Түндүк Корея болсо маселе "өзөктүк тиреш" жолу менен чечилип калышы мүмкүн деп эскертүүдө.

Өзөктүк курал сыноолорун өткөргөн полигон жабылат

КЭДР өзөктүк куралдарды сыноодон өткөргөн Пунгери полигонун жабууга даярдык көрүүдө. Бул полигондо 2006-жылы алты ирет өзөктүк курал сыноодон өткөн. Акыркы сыноо 2017-жылы болгон.

Байкоо салган кытайлык эксперттер тоо арасындагы бул полигон масштабдуу кыйроого туш болгонун, колдонууга жараксыз болуп калганын айтып келе жатат.

Деген менен КЭДР бийлиги полигонду салтанаттуу түрдө жабууга даярдык көрүүдө. Ага Орусия, Британия, АКШдан журналисттер катышат.

Корей жарым аралындагы денуклеаризация Трамп менен Ким Чен Ындын жолгушуусундагы негизги маселе болмокчу.

Тема боюнча башка макалалар