Ким Чен Ындын "оң колу" АКШда, Лавров Түндүк Кореяда

Ким Чен Ындын "оң колу" аталган генерал Ким Ен Чол Нью-Йорк шаарына келди Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Ким Чен Ындын "оң колу" аталган генерал Ким Ен Чол Нью-Йорк шаарына келди

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын "оң колу" аталган генерал Ким Ен Чол АКШ тарабынан санкцияга кабылган. Бирок Вашингтон өлкөгө кирүүгө ага уруксат берип, АКШнын жогорку даражадагы расмийлери менен сүйлөшүүлөр өттү.

Ким Ен Чол менен АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео президент Трамп менен Ким Чен Ындын ортосундагы саммит боюнча жолугушуу өткөрүүдө. Ал тапта Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров иш сапары менен Түндүк Кореяга барып, Ким Чен Ынды Орусияга чакырды.

Түндүк Кореянын жогорку даражадагы расмийи Нью-Йорк шаарына келип, АКШнын дипломаттары менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт деген пикирге бир нече ай мурун эч ким ишенмек эмес.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Ким Ен Чол АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен чогуу тамактанды

Бирок генерал Ким Ен Чол АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен чогуу тамактанды.

Эки тарап негизинен өзөктүк куралдарды жок кылуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. АКШ Пхеньян өзөктүк куралдарын жок кылган күнү деле коопсуз экенин айтып келет.

Азырынча Вашингтон менен Пхеньяндын "өзөктүк арсеналды жок кылуу" деген терминди кандай түшүнөөрү белгисиз. Дал ушул маселеден улам Трамп менен Ким Чен Ындын ортосундагы саммит болбой калышы мүмкүн деп айтылууда.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Түндүк Кореянын генералы Ким Чен Ынды дайыма коштоп жүрөт

АКШ бул терминди Пхеньяндын өзөктүк курал долбоорун толугу менен токтотуу жана өзөктүк арсеналын жок кылуу катары кабыл алат. Бирок адистер Түндүк Корея өзөктүк куралдарын толугу менен жок кылууга макул эмес деп белгилешүүдө.

Ал тапта Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Түндүк Кореяга барып, Ким Чен Ын менен жолукту. Буга чейин бир дагы орус расмийи Ким Чен Ын менен бетме-бет жолуккан эмес.

Сүрөттүн автордук укугу MID_RF
Image caption Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Түндүк Кореяга барып, Ким Чен Ын менен жолукту

Апрель айында Пхеньян Лавровду Түндүк Кореяга чакырган. Анда Лавров Түндүк Кореянын лидери менен регионалдык көйгөйлөр жана дүйнөлүк саясаттагы маселелер тууралуу сүйлөшөбүз деп билдирген.

Орусиянын тышкы иштер министри Түндүк Кореяга каршы санкциялар толугу менен алынмайынча, Корей жарым аралындагы абал курч бойдон кала берет деп маалымдады.

Ошондой эле, АКШ менен Түндүк Кореянын ортосундагы сүйлөшүүлөргө Орусия кийлигишпейт деп кошумчалады.

АКШ менен Түндүк Кореянын ортосундагы тарыхый сүйлөшүүлөр 12-июнда Сингапурда өтөт деп жоромолдонууда.

Ким Ен Чол деген ким?

72 жаштагы генерал Ким Чен Ынды дайыма коштоп жүрөт. Түндүк Кореянын лидери эки ирет Кытайга келгенде жана Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин менен жолукканда, Ким Ен Чол анын жанында турган.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Пхеньянга келгенде генерал Ким Ен Чол менен дагы сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Түштүк Кореяда өткөн Олимпиада оюндарында генерал Ким АКШнын президентинин кызы Иванка Трамп менен чогу отурган

Ким Ен Чол мурдагы тыңчы жана аны мыкты "стратег" деп мүнөздөшүүдө. Вашингтон менен Пхеньяндын өзөктүк куралдарды жок кылуу боюнча келишимге жетүүдө генерал Ким Ен Чолдун ролу абдан маанилүү экени айтылууда.

Генерал Ким Ен Чол 2010-жылы Түштүк Кореянын аскердик кемелерине болгон кол салууну жана 2014-жылы Sony Pictures компаниясына жасалган кибер чабуулду уюштурду деп айыпталган.

АКШ-Түндүк Корея саммиттине кызуу даярдык

Дүйшөмбү күнү АКШ менен Түндүк Кореянын расмийлери Панмунжом кыштагында сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Өткөн бейшемби күнү президент Трамп Түндүк Кореянын "кастык" аракетинен улам эмдиги айда Сингапурда өтө турган саммиттен баш тарткан.

Бирок эки тарап кайрадан тил табышты окшойт.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Ишемби күнү Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин жолукту

Ишемби күнү Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин жолуккан. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Мун мырза Пхеньян "өзөктүк куралдарды жок кылууга даяр экенин" кайрадан жарыялаган болчу.

Саммиттен мурун кандай маселелер чечилиши керек?

Саммитке чейин бир нече маселе боюнча мунаса табылышы зарыл. Трамп эки тарап келишимге кол койбосо, сүйлөшүүлөрдөн баш тартууга даяр экенин көрсөттү.

Азырынча Вашингтон менен Пхеньян "өзөктүк арсеналды жок кылуу" деген терминди кандай түшүнөөрү белгисиз. АКШ бул терминди Пхеньяндын өзөктүк курал долбоорун толугу менен токтотуу жана өзөктүк арсеналын жок кылуу катары кабыл алат.

Ким Чен Ын болсо ага макул болобу белгисиз бойдон. Буга чейин Түндүк Корея сүйлөшүүлөр учурунда өзөктүк куралын жана ракеталарынын сыноосун токтотуп, бирок талаптары аткарылбаганда өзөктүк курал долбоорун кайрадан уланткан.

Саясат таануу боюнча адистердин айтымында, Вашингтон Түндүк Корея өзөктүк куралдарын жок кылгандан кийин гана санкцияларды жеңилдетип, экономикалык жардам көрсөтүүнү көздөйт.

Ал эми Ким Чен Ын жогоруда айтылган иштерди бир нече баскыч менен жүзөгө ашырууну каалайт. Пхеньяндын пикирде, АКШ менен Түндүк Корея санкцияларды этап менен жеңилдетип, Кошмо Штаттардын Корей жарым аралындагы аскерлеринин санын дагы азайтууну каалайт.

Трамп бул сунушту азырынча четке кага элек.

Түндүк Корея 2006-жылдан бери санкцияларга кабылган. Пхеньян экспортторун толугу менен токтотуп, аз көлөмдө гана мунай импорттойт.

Түндүк Корея мамлекеттүүлүгүнө дагы эч коркунуч жаралбайт деген кепилдикти талап кылууда.

Изоляциядан чыгуу аракети

Түндүк Корея дүйнө коомчулугу тарабынан обочолонуп калган өлкө. Анткени өзөктүк курал программасынан баш тартпай койгону, адам укуктарынын бузулушу, эл аралык укуктарды бузганы Пхеньянды БУУнун санкцияларына туш кылды.

Түндүк Корея алты жолу өзөктүк курал сыноосун өткөргөн. Ошондой эле алыскы аралыкка уча турган ракеталарын сынаган. Алар АКШга чейин жетет деп айтылган. Өткөн жылы кырдаал чыңалып, АКШ жана Түндүк Корея лидерлери бири-биринин дарегине ачуу сөздөрдү айтып, "согуш" менен коркутушкан.

Бирок быйылкы жылдын башынан тарта Пхеньян өзүнүн көп жылдык душманы Түштүк Корея менен дагы, анын союздашы АКШ менен да сүйлөшүүгө даяр экенин көрсөтө баштады.

Тектеш темалар