Түркмөнстан: президенттин сүрөтү бар гезитти "дааратканада колдонбогула"

Turkmen newspapers Сүрөттүн автордук укугу Alternativnnyy Novosti Turkmenistana
Image caption Түркмөнстанда гезиттердин көбү негизинен президент Гурбангулы Бердымухамедов тууралуу жазышат

Түркмөнстандын полициясы үйлөрдү кыдырып, президент Гурбангулы Бердымухамедовдун сүрөтү бар гезиттер дааратканада колдонулуп жатканын текшермекчи.

Балкан аймагындагы полиция коомдук дааратканаларды жана жеке турак-жайларды текшерип, президенттин сүрөтү бар гезиттер туура эмес максатта колдонулуп жатканын аныктамакчы. Бул тууралуу "Фергана" агенттиги жазып чыкты.

Ошондой эле полиция таштандыларды дагы текшерип, Бердымухамедовдун сүрөтү бар гезиттер дааратканада колдонулганы табылса, күнөөлүүлөрдү аныктоого буйрук алды.

Баш кеңсеси Москвада жайгашкан "Фергана" маалымат агенттиги кабарлагандай, күнөөлүүлөргө жөн эле эскертүү берилет. Бирок "Альтернативные Новости Туркменистана" сайты жакыр жашаган жергиликтүү калк атайын даараткана кагаздарына каражат колдонбогу үчүн көптөгөн тургундар эскертүү аларын маалымдады.

Түркмөнстанда гезиттердин көбү негизинен президент Гурбангулы Бердымухамедов тууралуу жазышат. Ал себептен күнөөлүүлөр көп болору жоромолдонууда.

Буга чейин Бердымухамедовдун сүрөтүнө "мурут жана сакал" тартып койгону үчүн жоопко тартылгандар болгон.

Сүрөттүн автордук укугу Turkmen Government
Image caption Түркмөн президенти 2007-жылы бийликке келгенде көптөр өзгөрүүлөрдү күткөн

Түркмөнстан газ кендерине бай болгонуна карабастан, калктын көбү жакыр жашайт. Amnesty International уюму Түркмөнстанды адам укугу жана сөз эркиндиги боюнча дайыма сынга алып келет.

Түркмөн президенти 2007-жылы бийликке келгенде көптөр өзгөрүүлөрдү күткөн. Бирок мурдагы президенти Сапармурат Ниязов сыяктуу эле Бердымухамедов дагы диктаторго айланып, бир адамдын керт башына сыйынуу саясатын улантты.

Тектеш темалар