Мо Салах дүйнө биринчилигине бара албай калышы мүмкүн

Мадриддик "Реал" Чемпиондор лигасынын финалында "Ливерпулду" утуп, абсолюттук рекорд жаратты. Футболдогу эң беделдүү кубокту падышалык клуб үчүнчү ирет катары менен жеңип алууда.

Мадриддик "Реал" Чемпиондор лигасынын финалында "Ливерпулду" утуп, абсолюттук рекорд жаратты. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Мадриддик "Реал" Чемпиондор лигасынын финалында "Ливерпулду" утуп, абсолюттук рекорд жаратты.

"Реалга" жеңиш голдорун Карим Бензема менен Гаррет Бейл алып келди. Бейл эки жолу гол киргизип, командасын алдыга чыгарды. Ал эми "Ливерпуль" Садио Маненин голу менен гана жооп берди.

Беттеш украин баш калаасы Киевдеги Олимпиада стадионунда өттү.

Беттеш украин баш калаасы Киевдеги Олимпиада стадионунда өттү. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Беттеш украин баш калаасы Киевдеги Олимпиада стадионунда өттү.

"Ливерпулдун" маанайын түшүргөн Мо Салахтын жаракаты

Беттештин башталышы "Ливерпулдун" ылдам жана күтүүсүз чабуулу менен коштолду. Атаандаштар дээрлик бирдей ойноп жаткан маалда, 27 минутада Серхио Рамос менен топ талашып, Мо Салах жаракат алып калды. Египеттик чабуулчу далысын кокустатып алгандыктан оюн талаасынан чыгып кетти.

Мо Салах жаракат алып калды Сүрөттүн автордук укугу AFP

Ушундан кийин "Ливерпулдун" баштапкы чабуулдарынын изи сууп, калдастап, коргонуу менен убара тартты.

Көп өтпөй "Реалдын" оюнчусу Дани Карвахаль жарaкат алып, оюндан чыкты. Бирок бул "Реалдын" оюнуна таасир эткен жок.

Беттештен кийинки күйөрмандардын ызаасы. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Беттештен кийинки күйөрмандардын ызаасы.

Финалда Салах өтө чоң үмүт жаратып, ишеним артылып жаткан эле. Бул сезондо Мохаммед Салах "Ливерпуль" жараткан 134 голдун 44 голун киргизди. Англия Премьер лигасынын "мыкты чабуулчу" наамын утуп алды.

"Реал" менен беттеште чабуулдагы "алдыңкы үчилтиктин негизги кыймылдаткыч күчү болот" ишеним артылып турган.

Египетти дагы алдыга сүрөй албайт

Алдыда Мо Салах Египеттин улуттук курама командасын баштап, Дүйнө чемпионатына катышуусу күтүлүп жаткан. Египет тайпалык оюнда биринчи болуп талаа ээлери Орусияга каршы ойнойт.

Бирок ЧЛ финалынан кийин Би-би-сиге белгилүү болгондой Салах алган жарaкатынан улам Дүйнө чемпионатын өткөрүп жибериши мүмкүн болуп турат.

Мо Салах Египеттин улуттук курама командасын баштап, Дүйнө чемпионатына катышуусу күтүлүп жаткан. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Мо Салах Египеттин улуттук курама командасын баштап, Дүйнө чемпионатына катышуусу күтүлүп жаткан.

Күйөрмандардын урматына ээ болгон Салах

Салах Египет баш калаасы Каирден 130 чакырым алыстыктагы айылда туулуп, өскөн. Машыгууга барып келүү үчүн жолго күн сайын тогуз саат убактысы кетчү экен. Кээде бир күндө он автобус которуп олтуруп, машыгууга жетип келгенин эскерет.

Мо Салах Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Мо Салах бул жылы "Ливерпулдун" үмүттөрүнүн баарынын ишке ашуусуна чоң салым кошту. 48 жолку беттеште "Ливерпуль" үчүн 43 гол киргизди.

Башында аны коргоочу кылып ойнотушкан. Кийин чабуулчу катары алдыга чыгарышты. Ошол бала кезинен эле Салах дарбазага топ тепкени, чапчаңдыгы, талааны көрө билгени менен башкалардан айырмаланып турган. Бирок азыркыдай "жалдызы жанып турган" саттар дайыма эле боло берген эмес. Айталы, 2015-жылы 55 млн долларга "Челсиге" келип, бир жылдай гана командада кармала алды.

Анан үстүнө Египет эч качан футбол державасы саналган эмес. Африкалык Кубокту жети жолу утса дагы, Египетти "улуу футбол державасы" катары эсептешпейт. "Фараондор" деген каймана ысым алган Египеттин курама командасы азыркысын кошпогондо буга чейин эки гана жолу Дүйнө чемпионатына жолдомо утушкан.

Салах и Моуринью Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Салах "Челсиге" Швейцарияда ойноп жүргөн жеринен келген.

Салах "Челсиге" Швейцарияда ойноп жүргөн жеринен келген. Англия Премьер лигасына салыштырганда, бул өлкөдөгү футбол биринчилиги жайбаракат өтөт эмеспи. "Челсиде" атаандаштык дагы күчтүү болуп турган. Ушундай жагдайлардан улам Салахтын таланты ачыла алган жок. Салахты италиялык клубдарга убактылуу келишим менен ойнотушкан. Кийин футболчу "Рома" менен келишим түзүп кетти. Ушул жерде ойноп жүрүп, "Ливерпулдун" көзүнө түшкөн.

"Ал "Челсиге" келгенде өтө жаш эле. "Челсинин" курамы дагы күчтүү оюнчулардан туруп, ага оор болгон",-дейт "Ливерпулдун" машыктыруучусу Юрген Клопп.

Мо Салах бул жылы "Ливерпулдун" үмүттөрүнүн баарынын ишке ашуусуна чоң салым кошту. 48 жолку беттеште "Ливерпуль" үчүн 43 гол киргизди. Чемпиондор лигасында 2007-жылдан бери финалга чыга албай келген команданы алдыга сүйрөдү.

Анын азыркы баш айланткан карьерасы күтүүсүз жерден башталган эле...

2012-жылдын марты египеттик футбол үчүн оор болду. "Порт Саид" стадионундагы трагедиядан кийин Улуттук чемпионат токтотулган. Ал трагедияда кеминде 70 киши каза таап, 500 киши жаракат алган.

Лондон Олимпиадасына даярдык көрүү үчүн Египеттин жаштар курамасынын жетекчилиги бир нече достук беттештерин өткөрөт. Ошол беттештин бири швейцариялык "Базель" менен болду. Клубдун жетекчиси Салахтын оюнун көргөндөн кийин, ошол эле жерде келишим сунуштаган.

"Укмуш оюн көрсөттү, салкын кандуу оюнчу экен. Болгону экинчи бөлүктө талаага чыкты, бирок мен мындай ылдам ойногон оюнчу көргөн эмес элем",-деген "Базелдин" президенти.

"Базелде" Салах көбүнчө алмашууга чыгып, он гана беттеште бир саттай ойногон. Чемпиондор лигасындагы "Челсиге" киргизген голу менен көптөрдүн эсинде калды.

Салах -Египетте улуттук баатыр. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Салах -Египетте улуттук баатыр.

"Гол киргизгенде куттуктайлы десек, адыраңдап сүйүнбөй, салкын кандуу кабыл алган. Клуб мага ишеним көрсөтсө, жети жолу дарбазага тээп, бирөөсүн эле киргиздим",-деген экен анда Салах. Мына ушул жөнөкөйлүк сапаты, Салахты күйөрмандарга жакын кылып, жылдызын жандырды.

Аны даңазалап жатышат. Бирок Салах буга жооп кылып, бир нече кайрымдуулук акцияларына колдоп, Египеттеги мектеп жана оорукана курулушун төлөп берген. Жакырларды колдоого алган өкмөттүк программага 280 миң доллар каражат которгон. (AbA)

.