Баланы куткарган малилик "Жөргөмүш киши" француз жарандыгын алды

Парижде балконго асылып калган наристени куткарган Малиден барган мигрантка Франция жарандыгы берилди. Ошондой эле өлкө президенти ыраазычылык айтты.

Дүйшөмбүдө президент Эммануэл Макрондун чакыруусу менен 22 жаштагы Мамуду Гассама Елисей аксарайына келди. Президент мигрантка терең ыраазычылык билдирип, француз жарандыгы берилерин убада кылды.

Андан сырткары Макрон "Каармандык үчүн" медалын берип, Гассамага Өрт өчүрүү кызматында иштөөнү сунуштады.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Президент мигрантка терең ыраазычылык билдирип, француз жарандыгы берилерин убада кылды.

Малиден келген имигрант Франциянын чыныгы баатырына айланды. Көп кабаттуу үйдүн төртүнчү кабатына балконго жабышып чыгып барып, асылып туруп калган наристени куткарып калган.

Бул окуя тартылган тасма интернетте топ жарып, 12 миллион киши көрдү.

Төртүнчү кабатка Мамуду Гассама бир минутага жетпеген убакыттын ичинде чыгып барган. Аны "Жөргөмүш кишиге" салыштыргандары да ушундан.

Президент менен жолугушууда Мамуду Гассама көчөдөн өтүп баратып эле чогулгандарды көрүп, басып келгенин айтып берди:

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Макрон "Каармандык үчүн" медалын берип, Гассамага Өрт өчүрүү кызматында иштөөнү сунуштады.

"Ойлонууга менде убакыт жок эле. Жолду кесип чуркап өтүп эле жардамга шашылдым",-деди ал.

"Мен жогору чыгып барып, кудайга ыраазычылык билдирдим. Кудай мага жардам берди".

Баланы куткаргандан кийин ыйлап жиберген, анткени буту катуу ооруп калган экен. Бала куткарылгандан кийин анан куткаруучулар жетип келишкен.

Баланы куткарып алган учур тартылган тасма "Фейсбукка" жарыяланып, азырга чейин аны 12 миллион киши көрдү. (AbA)

Тектеш темалар