Киши колдуу болду деген Аркадий Бабченко тирүү

Украин полициясы киши колдуу каза тапты деп жарыяланган журналист Аркадий Бабченко тирүү экенин кабарлады. Өлкөнүн коопсуздук кызматы мунун баары атайын операциянын бир бөлүгү болгонун айтты.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Журналисттин өзү коопсуздук кызматы өткөргөн басма сөз жыйынына катышты.

Журналисттин өзү коопсуздук кызматы өткөргөн басма сөз жыйынына катышты.

Аркадий Бабченкону өлтүрүү боюнча Орусиянын атайын кызматы буюртма берген деди басма сөз жыйынында Украинанын коопсуздук кызматынын жетекчиси Василий Грицак. Ошондуктан журналистти атып өлтүрүү окуясы атайын уюштурулуп, жасалган. Иш жүзүндө аны өлтүрүүгө буюртма алгандар кармалды деп кошумчалады Грицак.

Бабченко басма сөз жыйынында мындан бир ай мурун ага буюртма берилгени тууралуу айтышканын билдирди.

"Сага буюртма берилген деп айтышты. 40 миң доллар акча берилген экен,-деди Орусияны 2017-жылы таштап чыгып кеткен журналист. -Менин өздүк документтеримдеги маалыматтарды көрсөтүштү, андагы сүрөт менде гана бар эле. Ошондо маалымат Орусиядан келип жатканы белгилүү болду".

Бабченко атайын уюштурулган иш үчүн өзүнүн досторунан жана жубайынан кечирим сурады.

Кечээ түндөсү орусиялык оппозиционер, жазуучу жана блогер Аркадий Бабченкону үйүнө кирген жерден атып кетишкени кабарланган эле.

30 миңге бааланган буюртма

Украинанын коопсуздук кызматынын жетекчиси Грицак ырастагандай, журналисттин өлүмүн уюштурган украин жараны болгон. Ал басма сөз жыйынынан үч саат алдын Киевде кармалып, камакка алынган.

Шектүү көрсөтмөсүндө орусиялык атайын кызмат тарабынан 40 миң доллар алып, 30 миңин Украина чыгышындагы операцияларга катышкан өзүнүн таанышына бергенин моюнуна алган.

Грицактын айтымында, шектүү Украинада 30 кишини өлтүрүүгө даярдык болгонун, Бабченкого кол салуу сыноо болуп калмагын айтып берген.

Мунун алдында эле Орусиянын бийлиги Киевдин дооматтарын кескин четке каккан билдүрүү жасаган эле.

Бабченкону кантип "өлтүрүшкөн"

Сүрөттүн автордук укугу FACEBOOK

Бабченкого Киевде кол салуу болгону тууралуу маалыматтар шейшемби күнү кечинде айтыла баштаган.

Аны атып кеткени тууралуу биринчилерден болуп "Фейсбук" баракчасына кесиптеши Айдер Муждабаев жазды.

Көп өтпөй Украинанын улуттук полициясы журналист артынан тийген бир нече октон көз жумганын кабарлаган.

Украинанын улуттук полициясынын өкүлү Ярослав Тракало, кол салууга Бабченконун жубайы күбө болгонун билдирген. Бул учурда жубайы ванна бөлмөсүндө болуп, үндү укканда гана чыга калып, күйөөсүнүн жыгылып жатканын көргөн экен.

Жогорку Раданын депутаты Антон Геращенко, кол салган киши журналистти көп кабаттуу үйдүн подъездинде күтүп турганын коомдук сайттагы баракчасына жазды.

"Аркадий квартирасынын эшигин ачып жаткан учурда, аны артынан бир нече жолу аткан",-деп жазды ал.

Ал тургай Украинанын улуттук полициясы шектүүнүн фотороботун жарыялаган болчу. (AbA)