Космонавттар Жерге кайтты: Жезказгандагы капсула, космостогу футбол тобу

Эл аралык космос станциясынын экипажы жекшембиде Жерге кайтып келди. Космосто беш ай убакыт болгон космонавттар орусиялык Антон Шкаплеров, америкалык Скотт Тингл жана жапониялык Норишиге Канаи олтурган капсула Казакстандын Жезказган шаарынан анчейин алыс эмес аралыктагы талаага конгон.

Капсула корабля "Союз" спускается на парашютах Сүрөттүн автордук укугу AFP

"Роскосмос" тарткан сүрөттөрдө тик учактар капсула конгон жерди айланып жатканын көрүүгө болот. Капсула жергиликтүү саат боюнча 18:39да конгон.

Спускаемый аппарат в время приземления поднял в воздух облако пыли Сүрөттүн автордук укугу AFP

"Биз бир аз чаалыгып турабыз. Бирок ошого карабастан өз жумушубузга ыраазыбыз. Анан Жерге кайтып келгенибизге өтө кубанычтабыз",-деди капсуладан биринчи болуп сыртка чыккан Антон Шкаплеров.

Антон Шкаплеров Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Капсуладан экинчи болуп жылмайган Скотт Тингл чыгып келди.

Скотт Тингл Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Кабинаны акыркы болуп Норишиге Канаи таштап чыкты. Ал өзүнүн миссиясынын жүрүшүндө жапониялыктарга Эл аралык космос станциясы тууралуу көп маалымат берүүгө катуу аракет кылды. Жапон тилинде космосто туруп алып "твиттерди" жөнөтүп турду.

Норисиге Канаи Сүрөттүн автордук укугу AFP

Экипаждын үч мүчөсү капсуладан чыккандан кийин буттарын жуурканга ороп, олтургузушту.

Фотосессия после приземления Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Тингл менен Канаи оболу Карагандага барып, андан ары Техас штатынын Хьюстон шаарына жөнөп кетет. Шкаплеров Москвага сапар алды. Өзү менен чогуу космосто болгон футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын расмий тобун дагы алып кетти.

Почерневший спускаемый аппарат Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Эл аралык космос станциясынан алынган репортаждардын жүрүшүндө Шкаплеров кесиптештери менен орбитада футбол ойноп жатканы дагы көрсөтүлгөн эле.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Эл аралык космос станциясынан алынган репортаж

ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, дал ушул топ чемпионат ачылышындагы беттеште ойнотулат. Бирок ФИФА муну расмий тастыктай элек.

космонавты в виде матрешек Сүрөттүн автордук укугу EPA

Экипаж мүчөлөрү Эл аралык космос станциясында илимий-прикладдык иликтөөнү жана эксперименттерди жүргүзгөн. (AbA)

Тектеш темалар