"Смартфон-зомбилер үчүн" Кытайдагы атайын тротуар

Кытайдын түндүгүндөгү Шэньси провинциясындагы Сиань шаарында жергиликтүү бийлик смартфондорунан баш көтөрбөй жүргөн тургундар үчүн атайын тротуар бөлүп берди.

"Смартфон-зомбилер үчүн" Кытайдагы атайын тротуар

Сүрөттүн булагы, The Paper

Жергиликтүү басылма жазгандай, бул жол кызыл, көк жана жашыл түскө боелду. Туурасы 80 см, узундугу 100 метр. Жолго смартфондун сүрөтү тартылган. Ким болбосун дароо эле бул жолдон кимдер басарын аңдайт.

Бул көчөдө жайгашкан жергиликтүү соода борбору көптөн бери эле "смартфон-зомбилер үчүн" атайын тротуар керек деп айтып келе жаткан. Анткени мындай кишилер телефонго үңүлүп, айланасына көңүл бурбай, көчөдөгү унаа кыймылына дагы көңүл бурбай өздөрүн адаттан тыш алып жүрөт деп айтылган экен. Соода борборунун өкүлдөрү, эми атайын тротуарды көрүп айдоочулар дагы абайлап айдашы керек деп эсептейт.

Жергиликтүү маалымат каражаттары тургундар бийликтин бул кадамына ыраазы деп жазууда. Шаар тургуну Вэй Сяовэй мындай болот деп үч уктаса түшүнө кирбегенин айтып берди:

"Бул жерден өткөндүн баары коопсуз жол катары көрүп жатышат. Бирок бул жолго көп учурда унаалар дагы келет, алар уруп кетиши мүмкүн".

Сүрөттүн булагы, The Paper

Тургундардын бири Ху Шуй: "Азыр жаштар тез басышат жана телефондон башын көтөрбөйт. Эми баарыбыздын көңүлүбүз тынч болот экен. Анткени бул коопсзудукту сактоо сыяктуу".

Бирок интернет колдонуучулар арасында мындай жаңылыкка таң калгандар көп болуп жатат.

Сүрөттүн булагы, AFP

Блогерлердин бири: "азыр жаштар арасында смартфонго азгырылуу, ага байлануу Цин династиясынын учурундагы апийим чеккенге эле окшош болуп калды" деп жазды.

Дагы бирлери смартфондон көзүн албай бара жаткандарды сокур кишилерге салыштырат. Эми атайын жолго чыгып алгандар бири-бири менен жөөлөшүп эле жатып калат экен деп айтышууда.

2016-жылы Австрияда жөө жүргүнчүлөргө көчөдө баратып смартфон кароого тыюу салуу чакырыгы айтылган. Бирок дүйнөнүн бир да жеринде азырынча мындай чечим кабыл алына элек. (AbA)