Тарыхты өзгөрткөн кол алышуулар: эң белгилүү он учур

Ким Чен Ын менен Дональд Трамптын Сингапурдагы саммитте кол алышкан сүрөтү дүйнөгө тарады. Эмне үчүн кол алышууга өзгөчө маани беребиз?

Ким Чен Ын и Дональд Трамп пожимают руки и улыбаются

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Өзгөчө бийликте олтурган башкаруучулардын кол алышуусу чоң мааниге ээ. Чынында эле мындай кол алышуулар тарыхый бурулуштарга алып келген учурлар болгон.

Би-би-си эң белгилүү 10 кол алышуу тууралуу окурмандарга айтып берет.

1. Чемберлен менен Гитлер

1938-жылы 22-сентябрда Бонн шаарынан алыс эмес жердеги Годесберг мейманканасында немис диктатору Адольф Гитлер менен британ премьер-министри Невилл Чемберлен кол алышкан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Гитлер менен Чемберлен немистер оккупациялап алган Чехословакиянын Судет аймагы боюнча талкуулашкан эле. Чемберлен Британияга тынчтыкка жетиштик деген чоң ишеним менен кайтып келет. Жыл өтпөй Экинчи дүйнөлүк согуш башталган.

2. Черчилль, Трумэн жана Сталин

1945-жылдын 23-июлунда АКШ президенти Гарри Трумэн (ортодо) британ премьери Уинстон Черчилль (солдо) жана советтик лидер Иосиф Сталин менен Потсдам конференциясындагы кол кысышып жаткан учуру.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Үч лидер Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөндөн кийин Европанын, анын ичинде Германиянын тагдырын чечүү үчүн чогулган. Франция президенти Шарль Де Голлду жолугушууга чакырышкан эмес.

3. Жонсон менен Лютер Кинг

1964-жылы 2-июлда Вашингтондо Ак үйдө жарандык укуктар боюнча мыйзамга кол коюлуп жаткан учурда АКШ президенти Линдон Б. Жонсон доктор Мартин Лютер Кингдин колун кыскан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Бул мыйзам коомдук жайларда, жумушта расасына, өңүнө, динине, улутуна, жынысына карап дискриминация кылууга тыюу салган.

4. Мао менен Никсон

1972-жылдын 21-февралында Бээжинде Кытайдын коммунисттик партиясынын лидери Мао Цзэдун АКШ президенти Ричард Никсон менен кол кысышкан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Бул кол алышуу эки өлкөнүн ортосундагы мамиленин бузулганына 23 жыл толгондон кийин орун алды. Жаңы байланыштар ишенбестик менен душмандыкты эле токтотпостон, эки өлкө ортосундагы ондогон жылдарга уланган соода алакаларына жол ачып берген.

5. Горбачев менен Рейган

1985-жылдын ноябрында Женевада өткөн эки өлкө лидеринин саммитинде СССРдин Жогорку советинин төрагасы Михаил Горбачев менен АКШ президенти Рональд Рейган жолугушкан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ошону менен "кансыз согушка" чекит коюлду.

6. Тэтчер менен Мандэла

1990-жылы 4-июлда британ премьер-министри Маргарет Тэтчер Лондондогу резиденциясында Африка улуттук конгресстин президенти Нельсон Мандела менен жолуккан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ага чейин Тэтчер Африка улуттук конгрессин "кадимки эле террордук уюм" деп атаган.

Төрт жылдан кийин Нельсон Мандела Түштүк Африка Республикасынын президенти болду.

7. Рабин жана Арафат

1993-жылы 13-сентябрда Вашингтондо палестин лидери Ясир Арафат менен Израил премьер-министри Ицхак Рабин бири-бири менен кол алышат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Көп жылдык саясий каршылаштар Израил менен Палестинага боштондук уюмунун ортосундагы "Принциптер тууралуу декларацияга" кол койгон.

Келишимдин башкы максаты Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу эле. Документке кол коюлуп жатканда АКШ президенти Билл Клинтон дагы күбө болуп турган. Андан кийин эки лидер бири-бири менен достук маанайда кол алышкан.

8. Королева жана Макгиннесс

2012-жылы 27-июнда Улуу Британиянын королевасы Елизавета ІІ Түндүк Ирландияга болгон сапары учурунда Мартин Макгиннесс менен кол алышкан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ошол учурда Түндүк Ирландиянын Британиядан бөлүнүшүн жактап жүргөн Макгиннесс британ аскер күчтөрүнө каршы аракеттенип жүргөн Ирландия армиясыаталган топтун лидерлеринин бири болчу.

Белфасттагы кол алышуу бир нече секунд эле болгон. Бирок мунун мааниси терең эле. Кийин Макгиннесс бул жолугушуу "Британия менен Ирландия ортосунда, ирландиялыктардын өздөрүнүн ортосундагы жаңы мамилелерге" из салды деп белгилеген экен.

9. Обама жана Кастро

2016-жылы 21-мартта Гаванадагы революция сарайында АКШ жана Куба президенттери Барак Обама менен Рауль Кастро жолуккан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Бул соңку 100 жылдыктагы АКШ президенттеринин коммунисттик өлкөгө жасаган биринчи иш сапары эле. Соңку жолу 1928-жылы Кубага Калвин Кулидж келип кеткен экен.

Обаманын сапары америка-куба мамилелери үчүн бурулуш болуп калды. Анын ичинде айрым санкциялар алынды.

Жолугушуу жылуу достук маанайда өткөн. Бирок Куба лидери эки өлкөнүн ортосундагы мамиле жакшырышы үчүн АКШнын экономикалык блокадасы алынышы керек деп билдирген.

10. Сантос менен Тимоченко

2016-жылдын 23-июнунда Колумбия президенти Хуан Мануэль Сантос көтөрүлүшчүл ФАРК тобунун лидери Тимоченко (каймана аты) жолугушкан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кубанын баш калаасында өткөн бул жолугушууда Сантос менен Тимоченко тынчтык келишимине кол коюп, буга Куба президенти Рауль Кастро дагы күбө болгон.

Өлкөдөгү жарым кылымга созулган куралдуу жаңжалды токтотууга бул өтө маанилүү кадам болду. 52 жылга чейин созулган кризис Латын Америка тарыхындагы эң узак жарандык согуш болуп калды. (AbA)