ДЧ-2018: Орусиянын имиджин оңдоп алуу мүмкүнчүлүгү

Орусиядагы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ачылышы британдык маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылууда.

британдык маалымат каражаттары

Financial Times басылмасы, соңку жаңжал, чыр-чатактардан кийин Орусия имиджин оңдоп алууга футбол чемпионаты мүмкүнчүлүк берет деп жазды.

Британия жана анын союздаштары орусиялык атайын кызматтын мурдагы офицери Сергей Скрипаль менен кызы Юлиянын ууландырылышына Москваны айыптаган.

"Үч ай мурун эле Владимир Путинди дүйнөдөгү "эң жек көрүмдү лидер" катары көрсөтүп келишти. Бирок бир айдан кийин миллиарддаган кишилер орус президенти Дүйнөлүк чемпионаттын кубогун Мессиге, Роналдуга же кайсыл бир атактуу футболчунун колуна тапшырып жатканына күбө болот",- деп жазды басылма.

Чемпионат өткөрүп жаткан Орусия Батыш өлкөлөрүнүн изоляцияга алуу аракетинен майнап чыкпаганын, экономикалык санкцияларга туруштук бере алганын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алып олтурат.

Путинди футболдун ашынган күйөрманы деп айтууга болбойт. Анткени ал хоккей менен дзюдого артыкчылык берет эмеспи. Ошондой эле Москва чемпионатты эл аралык аренадагы кадыр-баркын даңазалайт деп да караган жок. Мындай ролду 2014-жылдагы Сочидеги кышкы Олимпиада аткарган.

"Бирок, Кремль катуу сын-пикирлерге карабай чемпионатты ийгиликтүү өткөрүү - өлкө сыртында геосаясий триумф катары каралат деп ишенет",-деп белгиледи Financial Times.

Орусия чемпионатты өткөрүү укугун алгандан кийин көптөр буга байкот жарыялоого да чакырып келишкен. Көрүнүп тургандай, турнирде жакшы жактарын көрсөтүп алууга аракеттер бар.

Коопсуздук маселеси

Дүйнөлүк футбол уюмунун (ФИФА) жашыруун документтеринде, чемпионат өткөрүү боюнча Орусиянын берген арызы күйөрмандардын коопсуздугу, террордук коркунучтар боюнча башка талапкерлерге салыштырганда, өтө тобокелчил болгон. Бул тууралуу Daily Telegraph жазып чыкты.

Иликтөөдө Орусиядагы болжолдуу коркунучтарды "ортодон жогору" деп баалашканын жазат басылма. Ошол эле учурда Англиянын чемпионатты өткөрүү арызы каралганда, талапкерлердин ичинен эң коопсуз өлкө деп санашкан. Иликтөөнүн жыйынтыгы Дүйнөлүк футбол уюмунун чиновниктерине берилип, алар укукту Орусияга берген чечим кабыл алды.

Чемпионатты өткөрүү боюнча арызды даярдаган Орусиянын өкүлдөрү, коопсуздук биринчи маселе экенин баса белгилеп, өлкө буга чейин бир нече ири спорттук иш-чараларды өткөрүп келгенин эске салышкан. (АbA)