ДЧ-2018: Бул чемпионатты Бельгия утабы?

Football

Сүрөттүн булагы, BBC Sport

Отуз эки мамлекеттин бирөө гана чемпион болот.

Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын финалдык беттеши 15-июлда Москва шаарында өтөт. Бирок ага чейин узак жол бар.

Финалга чейин футбол адистери жана күйөрмандар командалардын курамына, оюнчулардын мыктылыгына басым жасап, ким тайпадан чыгат, ким жарым финалга чыгат деп болжолдоп жатышат.

Бирок футбол тарыхына таянып, ким чемпион болорун аныктаса болобу?

Би-Би-Си мелдештин тарыхын жана статистиканы карап, 32 мамлекеттин кимиси ийгиликке жетерин аныктап көрдү.

Дүйнөлүк чемпионатка ийгиликтүү жолдомо

1998-жылы Дүйнөлүк чемпионатка 32 курама команда катышып калды. Чемпионат кеңейгенден бери карай, жогорку рейтинги бар командалар чемпиондукту утуп алышкан. Тайпаларга бөлүп жатканда биринчилерден болуп эң жогорку рейтинги бар жети команда жана чемпионатты өткөрүп жаткан курама кошулат.

Акыркы жолу көрсөткүчтөрү төмөн болгон команда 1986-жылы жеңишке жеткен. Бул Диего Марадона ойногон Аргентина эле. Чабуулчу Англияга каршы беттеште колу менен гол киргизгенин калыстар байкабай калган. Бул окуя тарыхта "кудайдын колу" деген ат менен калды.

Демек, төмөнкү көрсөткүчтөгү 24 курама команданы дароо алып салабыз, сегиз команда калат.

Сүрөттүн булагы, BBC Sport

Чемпионатты өткөрүп жаткан мамлекет кубокту көтөрбөйт

Орусия 44 жылдан бери уланып келе жаткан салт үчүн Дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алды. Дүйнөлүк рейтингде 66-орунда турган Орусия дүйнөлүк чемпионатка жолдомо утат беле же жокпу, бул чоң суроо бойдон калды.

Бирок чемпионат өткөрүп жаткан өлкө футбол майрамын тартуулаганы менен өздөрү чемпиондукту утуп алган учурлар сейрек. 1938-1978-жылдар аралыганда 11 чемпионат өтүп, мелдешти өткөргөн беш гана өлкө кубокту көтөргөн. Андан кийин Франция өз үйүндө (1998-жылы) чемпиондукту багындырды.

АКШ, Жапония, Түштүк Корея же Түштүк Африкада өткөн учурда бул өлкөлөрдүн чемпион болуу кудурети жок эле.

1990-жылы Италия, 2006-жылы Германия жана төрт жыл мурун Бразилия чемпионатты өткөрсө дагы, кубокту уткан жок.

Сүрөттүн булагы, BBC Sport

Коргоочулар жеңишке жеткирет

1998-жылы Дүйнөлүк чемпионат 32 курама командага кеңейгенден бери, чемпион наамын алган беш курама команда жети оюндун ичинде төрт голдон ашуун өткөргөн эмес.

Польшанын курама командасы Дүйнөлүк чемионатка жолдомо алуу беттештерде бир оюнда 1,4 гол өткөрдү. Алардын коргоочулары чемпионатта командасын ийгиликке жеткирбейт деген тыянак чыгарсак болот.

Салыштырмалуу Германия менен Португалия бир оюнда 0,4 гол өткөргөн, Бельгия менен Франция 0,6 гол, Бразилия 0,61 жана Аргентина 0,88 гол өткөргөн.

Сүрөттүн булагы, BBC Sport

Европалык командалар

Дүйнөлүк чемпионатта Европанын жана Түштүк Американын курама командалары гана ийгиликке жеткен. Соңку жылдары Европанын командалары чемпионатта кыйынчылыкка туш болгон. Бирок Испаниянын Түштүк Африкадагы ийгилиги жана Германиянын Бразилиядагы жеңиши бул көрсөткүчтү өзгөрттү.

Бирок мелдеш Европада өткөндө, чөлкөмдөгү командалардын бири жеңишке жеткен. Мелдеш 10 жолу Европада өткөн. Алардын биринде гана - 1958-жылы Бразилия Швециядагы чемпионатта кубокту көтөргөн.

Сүрөттүн булагы, BBC Sport

Командада эң мыкты дарбазачысы болушу шарт

Дүйнөлүк чемпионатта чабуулчулар эң маанилүү роль ойнойт деп ойлогондор көп. Бирок 1982-жылдан бери чемпион наамын алган эки гана команданын чабуулчусу мелдеште эң көп гол киргизип "мыкты чабуулчу" аталган. Алар 2002-жылы бразилиялык Роналдо жана 2010-жылы испаниялык Давид Вилья.

Дүйнөлүк чемпиондор мыкты дарбазачылары менен таанылган. Соңку беш чемпионаттын төртөөндө чемпион наамын алган команданын дарбазачысы гол өткөрбөй, мелдештеги эң мыкты дарбазачы деп аталган.

Кыскартып отуруп төрт команда калды. Алардын дарбазачыларына токтолсок, германиялык Мануэль Нойер, франциялык Уго Льорис же белгиялык Тибо Куртуа эң мыкты дарбазачынын наамын алышы ыктымал. Бирок португалиялык Руй Патрисиуну алардын катарына кошсо болбойт. Анын мелдештин эң мыкты дарбазачы наамын алып жатканын элестетүү кыйын.

Сүрөттүн булагы, BBC Sport

Тажрыйбалуу команда

Дүйнөлүк чемионатта жеңишке жеткен командалардын баарынын эл аралык оюндардагы тажрыйбасы мол. Бул тенденция 1998-жылдан бери байкалууда.

Дал ошол чемпионатта жеңишке жеткен Франциянын оюнчуларынын ар бири орточо эсеп менен алганда 22.77 жолу эл аралык деңгээлдеги беттешке катышкан. Төрт жыл мурун чемпион болгон Германиянын оюнчуларынын ар бири орточо эсеп менен алганда 42.21 жолу эл аралык деңгээлдеги оюнга чыккан. 1998-жылдан бери чемпион болгон курама командалары тажрыйбалуу оюнчулары менен ийгиликке жеткенин байкаса болот - 2002-жылы Бразилия 28.04, 2006-жылы Италия 32.91 жана 2010-жылы Испания 38.30.

Үч курама команданын оюнчуларын эске алганда - Франциянын оюнчуларынын тажрыйбасы 24.56 түздү, Германияныкы 43.26 жана Бельгияныкы 45.13.

Сүрөттүн булагы, BBC Sport

Ким чемпиондук наамын коргой алган?

Дүйнөлүк чемпионатта катары менен кубокту утуу татаал экени бышык. 1958-жылы жана 1962-жылы Бразилия катары менен чемпион наамын алгандан бери, бир дагы курама команда бул көрсөткүчкө жете элек.

Кызыгы, Бразилия катары менен чемпион болгондон бери кубокту көтөргөн 13 курама команданын экөөсү гана чейрек финалдан өткөн - 1990-жылы Аргентина жана 1998-жылы Бразилия. 1974-жылы Бразилия төртүнчү орунду алган, бирок ал учурдагы чемпионаттын форматы башкача болчу. Анда курама командалар эки жолу тайпалык беттештерди өткөрүп, эң көп упай топтогон команда финалга чыккан. Ал эми утулган командалар мелдештен чыгып калган эмес. Соңку төрт чемпионатта төрт жыл жыл мурун кубокту көтөргөн үч команда тайпалык этапта эле мелдештен чыгып калган.

Германиянын чемпионаттагы көрсөткүчтөрү абдан жакшы. Соңку тогуз чемпионатта немистер эки жолу кубокту көтөрүп, үч жолу финалга жетип, эки жолу үчүнчү орунду алган.

Бирок Орусиядагы чемпионатта футбол тарыхы аларга каршы ойношу мүмкүн.

Демек, тарыхка таянып чемпион наамын ким алат деп жоромолдосок, Орусиядагы дүйнөлүк биринчиликти Бельгия жеңип алышы мүмкүн. Балким, башка команда чемион болоор, аны көрө жатарбыз.

Сүрөттүн булагы, BBC Sport

Графикаларды Би-Би-Синин спорт боюнча кабарчылары Кэти Мозес жана Эндрю Парк даярдашты.