Кулматовго дагы бир кылмыш иши ачылды

Кубанычбек Кулматов

Бишкек шаардык соту баш калаанын мурдакы башчысы Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын өзгөртпөй, камакта калтырды. Ошол эле учурда мурдакы мэрге Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алгандыгы жөнүндө жаңы кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

УКМКнын берген маалыматына караганда, Кубанычбек Кулматов 1995-жылы СССРдин паспортун жоготуп алганына байланыштуу Россиянын паспортун алган. Бирок ошол эле учурда 1996-жылы 26-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук паспорт столуна СССРдин паспортун тапшырып, Кыргыз Республикасынын паспортун алган. Кийин паспортторун жаңысына алмаштырган.

УКМКнын тергөөчүлөрүндө К. Кулматов Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алган деген шек болууда, ошондуктан бул ишти тергөө жүрүп жатат. Жаңы кылмыш иши Кылмыш-Жаза кодексинин 350-346-беренелеринин негизинде (("Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу", "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") козголду.

Кулматовго биринчи кылмыш иши коррупция фактысы боюнча козголгон. Тергөөнүн маалыматы боюнча, К. Кулматов Бишкек шаарын башкарып турганда Кытайдын TBEA компаниясы "Калыс-Ордо" конушундагы мектептин курулушуна берген 2 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү гранттык акчаны мыйзамсыз жумшаган деп айыпталууда.

Тектеш темалар