Трамп "космос күчтөрүн" түзөт

Trump

Президент Дональд Трамп АКШ армиясы алтынчы бөлүмүн түзүп, ал космос багытында иш алып барат деп билдирди.

АКШнын лидери бул кадам аркылуу жаңы жумуш орундары түзүлүп, өлкөнүн экономикасы өсөт жана улуттук коопсуздук дагы камсыздалат деп айтты.

"Америкалыктар космоско гана барбастан, космосто үстөмдүк кылышы керек", -деди Трамп.

Ошондой эле АКШнын президенти "америкалыктар айга кайрадан барат" жана Марс планетасын дагы өздөштүрөт деп убада кылды.

"Коргоо министрлигине жана Пентагонго тез арада армиянын алтынчы бөлүмүн түзүп, ал космос багытында иш алып баруусун буйруп жатам", -деп билдирди президент.

Дональд Трамп космосту изилдөөдө Кытай же Орусия эмес, АКШ биринчи сапта турушу зарыл экендигин дагы айтты.

Азырынча "космос күчтөрү" кандай болоору так эмес. Бирок Трамп космос бөлүмү АКШ армиясынын аба күчтөрүнө тете болот деди. Кошмо штаттарынын армиясында жөө аскерлер бөлүмү, деңиз күчтөрү, жээк кызматы, аба күчтөрү жана деңиз жөө аскерлеринин бөлүмү бар.

Трамтын буйругун АКШнын Конгресси карап чыгып, макулдугун бергенден кийин гана ал ишке ашат.

АКШнын президенти космос туризм багытында иш алып барган жеке компаниялар дагы колдоого алынат деп айтты.

"Бийликтен биринчи Марска жетсеңер, биз кубанабыз. Силер азыркыдан дагы атактуу болосуңар", -деди Трамп.

Коммерциялык космостук жарыш

Сүрөттүн булагы, SpaceX

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Илон Масктын жеке SpaceX компаниясы тарыхтагы эң кубаттуу Falcon Heavy ракетасын мейкиндикке учурду

2018-жылы атактуу Илон Масктын жеке SpaceX компаниясы тарыхтагы эң кубаттуу Falcon Heavy ракетасын мейкиндикке учурду.

Тарыхтагы эң чоң Falcon 9 ракетасы эки мотор жана бир борбордук мотор менен жабдыкталган. Бул ракета 70 метр бийиктикке жетет жана 57 тоннага тете салмакты мейкиндикке жеткире алат.

Бул ракета коммерциялык космостук жарышта лидер катары сыпатталууда жана астронавттарды Жер планетасынын орбитасынан ары жеткирүүгө кубаты жетет.

Видеонун түшүндүрмөсү,

Космостук таштандыга тор салчу аппарат

Жеке компаниялар Эл аралык космос станциясына дагы астронавттарды жеткирүү максатына быйыл жетиши ыктымал. Бирок айрым адистердин пикиринде, жеке компаниялар буга 2019-жылы гана жетиши мүмкүн.

Учурдагы долбоорго ылайык, НАСА 2011-жылы АКШнын территориясынан космоско ракеталарды учуруусун токтоткондон кийин SpaceX менен Boeing компаниялары Кошмо штаттарынан космоско ракета учура баштамак. 2011-жылдан бери АКШ астронавттарын Эл аралык космос станциясына жеткирүү үчүн Орусиянын "Союз" ракеталарын колдонуп келет. Бул кадамга АКШнын авиакосмостук тармагы нааразылыгын билдирген.

Сүрөттүн булагы, Boeing

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

SpaceX менен Boeing астронавттарды Эл аралык космос странциясына жеткирүү укугун алышы ыктымал

Ошондой эле 2018-жылы SpaceX менен Boeing компаниялары учуруу системаларын сыноодон өткөрүп, маалымат чогултуу үчүн ракеталарын астронавттары жок учуруп көрөт. Андан соң ракеталарын астронавттар менен космоско жөнөтмөкчү. Бирок ракеталар жана учуу системалары жаңы болгондуктан, бул долбоор убагында ишке ашпайт деген пикирлер да көп айтылууда.

Арийне сыноолор ийгиликтүү болсо, АКШнын космостук агенттиги эки компаниянын системаларына сертификат беребиз деп билдирген. Демек, SpaceX менен Boeing астронавттарды Эл аралык космос странциясына жеткирүү укугун алышы ыктымал.

Бул жеке компаниялардын системалары менен бирге, НАСА дагы өзүнүн жаңы ракета системасын ишке киргизмекчи. Көп күтүлгөн жана кымбат "Орион" космостук кемесинин туристтерди жер планетасынын төмөнкү орбитасына жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар. "Орион" кемеси 2019-жылы сыноодон өтөт, баары ийгиликтүү болсо, 2021-жылы астронавттар менен космоско учурулат.

Чыныгы эл аралык космос

Сүрөттүн булагы, Akihiro Ikeshita / Jaxa

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Июль айында Жапониянын космостук агенттигинин "Хаябуса-2" кемеси (162173) Рюгу астероидине жетет

2018-жылы бир нече мамлекеттин космостук кемелери мейкиндикти изилдөөгө киришет. Эң биринчи болуп Индиянын "Чандраян-2" кемеси космоско учмакчы.

"Чандраян-1" космостук кемесине салыштырмалуу Индиянын "Чандраян-2" кемеси айга барып конуп, айда жүрүүчү жабдыгынын жардамы менен изилдөө иштерин жүргүзмөкчү. Бул жабдыктарды мамлекеттин космос агенттиги иштеп чыккан. "Чандраян-2" кемеси март айында Андхра-Прадеш штатынан космоско учуп, миссиясын баштаган.

Май айында болсо НАСА InSight космостук кемесин Марска учуруп, изилдөө иштерин баштаган. Бул кеме заманбап аспаптары менен "Кызыл планетанын" бетин казып, Марс кантип жаралганы тууралуу изилдөө иштерин жүргүзөт. Ошондой эле InSight Марстагы зилзалалардын добушун угуп, планетанын ички структурасындагы сырларды түшүндүрүүгө аракеттенет.

Июль айында Жапониянын космостук агенттигинин "Хаябуса-2" кемеси (162173) Рюгу астероидине жетет. Кеме астероиддин түзүлүшүн иликтөө үчүн анын таш үлгүлөрүн Жер планетасына жеткирмекчи. 2015-жылы "Хаябуса" кемеси Итокава астероидине жетип, дүйнөнү дүңгүрөткөн.

"Хаябуса" кемесинин миссиясында көптөгөн кыйынчылыктар болгонуна карабастан, кеме Жер планетасына кайтып келип, изилдөөгө астероид таштарынан ала келген.

Инженерлер бул окуядан кийин "Хаябуса-2" кемесин жаңыртып, ал Жерге көбүрөөк таштарды алып келет деп үмүттөнүүдө. Ошондой эле бул кеменин Рюгу астероидинин бетине алыстан башкарылчу чакан жабдыктарды жөнөтүү мүмкүнчүлүгү бар.

Видеонун түшүндүрмөсү,

Жаңы 2018-жылы технология жаатында кандай жаңылыктар күтүлөт?

Жапониядан башка мамлекеттер дагы космостук кемелерин астероиддерди изилдөө үчүн жөнөтөт. 2016-жылы учурулган НАСАнын OSIRIS-REX кемеси 2018-жылдын август айында (101955) Бенну астероидине жетет деп күтүлүүдө. Бул кеме дагы астероидден алынган таштарды изилдөө үчүн Жерге жеткирет.

Андан тышкары Европа жана Жапониянын космостук агенттиктери күндөн кийинки биринчи планета - Меркурийди бирге изилдөө үчүн миссиясын баштайт. BepiColombo миссиясынын максаты - планета тууралуу маалыматтарды кеңейтүү. Буга чейин Меркурий планетасынан АКШнын Messenger аппараты гана маалымат жөнөткөн.

BepiColombo миссиясында бир ракета менен эки космостук кеме мейкиндикке учурулат. Бул кемелер планетанын картасын түзүп, анын магниттик талаасын карашат. Окумуштуулар Меркурийдин түзүлүшү эмне себептен темир экенин жана тышы жука таштан жаралганына жооп издешет. (AT)