Трамп-Кытай эрегиши: Соода согушка баары даяр

Контейнеры Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

АКШ Кытай менен мурда болуп көрбөгөндөй соода согушуна даярданышууда, ал түгүл анын башталар күнүн да 6-июль деп аныктап коюшту. Дүйнөнүн эки ири экономикасынын ортосунда 600 млрд доллар наркына турган сооданын талашы ырбап баратат.

Бул кармаш АКШ менен Кытай экономикасынын өсүшүн басаңдатып, инфляцияны күүлөп, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө эркин соодага жол ачкан жарым кылымдан бери келаткан тенденцияны токтото турган коркунуч болуп калууда.

Вашингтон ансыз деле башка бир нече фронтто соода согушун жүргүзүп жаткан чакта Трамп эмне үчүн АКШнын эң башкы кредиторуна асылды да калды, бул каршылашуунун кесепеттери кандай болушу мүмкүн, мунун баарын Би-Би-Синин орус кызматы иликтеп көрдү.

Трамп эмнеге кыжаалат

Соода согушуна эң биринчи белгини Трамп өзүнүн көнүмүш адатына салып, Твиттерден билдирди: "Ѳлкөбүз дээрлик баары менен болгон соодадан миллиарддаган долларды жоготуп жатканда, соода согушу жакшы, андан жеңип чыгуу оңой",-деп жазган президент.

Марттын аягында ал АКШга Кытайдын 3 миллиард доллар импортуна олчойгон салык салып, Пекиндин реакциясын байкап көрдү. Кытайдын жообу да дал ошонун өзүндөй болду.

Бул Трампка жакпады, ошондо ал ири көлөмдө ойноп көрүүнү чечип, салык өлчөмүн эки эсе көбөйтүп, Кытай качан калтаарыйт деп күтүп калды. Апрелде сөз 50 млрд, андан кийин 100 млрд долларга чыкты, эми бул аптада Трамптын каршылыгы 200 млрд долларга жетти.

Бирок азырынча мунун баары опуза түрүндө болуп жатат, ошондуктан Кытайды басынтуу-багынтуу аракети катары каралууда. Май айында тараптар жолугуп сүйлөшүү да өткөрүп көрүштү, бирок оң бүтүмгө келе алышпады.

Америка президентинин көздөгөнү эмне?

  • Ал соода дефицитин азайткысы келип жатат: АКШ жылына 500 млрд долларга кытай товарларын сатып алат, ал эми Кытайдын өзүнө кайра сатканы 130 млрд доллар. Трамп мындай чоң айырма кытай бийликтеринин өздөрүнүн экономикасын катаң кармаган уятсыз саясатынын айынан болуп жатат дейт.
  • Трамп Кытайды ошондой эле АКШнын интеллектуалдык менчигин уурдап жатат деп айыптоодо.
  • Кытай алар менен биргелешкен ишкана түзгөн чет элдик компаниялардын технологиясын алып жатат. Трамп Пекинден мындай мамилени токтотушун талап кылууда.
  • Трамп Кытайдын өзүнүн жогорку технологиялык компанияларын масштабдуу субсидия менен колдоону токтотушун каалайт. АКШ - бул тармакта лидер, Трамп ошондуктан мындай атаандаштыкты адепке жатпайт деп билет.
Image caption АКШ менен Кытайдын соодасы

Соода согушунун хроникасы

Марттын аягында Трамп болот менен алюминийге импорттук салыктарды киргизди, бирок ошол эле учурда Кытайдан башка соода өнөктөштөрүнө жеңилдик берди. Апрелдин биринчи аптасында Кытай дагы ошондой эле жооп кылды: чочко эти, болот түтүктөр, жаңгак жана жер-жемиш сыяктуу жүздөн ашык америкалык товарларга салык салды.

Ак үй Кытай бул чарага баш ийип, каршы болбойт деп ойлогон. Андай болгон жок, ошондо Трамп чоң оюнду баштады.

Кийинки эле күнү Кытайдын контр чабуулунан кийин Трамп болжол менен 50 млрд доллар наркындагы кытай товарларынын тизмесин жарыялап, алардын баарына салык саларын убада кылды.

Андан кийинки күнү кытайлыктар окшош жооп кайтарып, ошол эле суммадагы америкалык товарлардын тизмесин жарыялашты. Пекин буйдалып да койгон жок, мына эмесе деп Кытайга америкалык экспорттун негизги түрү болгон учактар менен автоунааларды тизмеге илип салды.

Трамп ошол замат эле кайра чабуулга өтүп, ставкаларды эки эсе көтөрүп таштады.

Эми анын буйругу боюнча жаңы тизме түзүлө баштады, эмки кезек АКШ жылына 100 млрд долларга чейин импорттогон кытай товарларына жетти.

Ушундай опуза саясаттан кийин америкалыктар менен кытайлыктар жолугуп сүйлөшүүнү башташты. 20-майдагы сүйлөшүүлөрдө тил табышкандай болуп сезилген.

«Тараптар мунаса тапты, биз соода согушун жүргүзбөйбүз, бири-бирибизге тарифтерди көтөрбөйбүз",-деген Кытай лидери Си Цзинпиндин чабарманы Лю Хе Вашингтондогу сүйлөшүүлөрдөн кийин.

Кытай Трампты жибитүү амалында америкалык азык-түлүктү, отунду жана башка товарларды сатып алууну жылына 70 млрд долларга көбөйтүүнү АКШга сунуш кылганын Рейтер жазып чыккан.

Трамп чабуулду улантты

15-июнда Трамп өзүнүн чечимин жарыя кылды: АКШ апрелдеги опузасын аткарат дагы жылына 50 млрд доллар наркындагы кытай импортуна убадаланган тарифтерди киргизет. 6-июлдан үчтөн экисине, калганына кийин кирери айтылды.

Бул чечим жума күнү жарыяланды. Кытай дүйшөмбү келишин күтүп отурбай эле ишемби күнү окшош жообун жолдоду. Анын жообунда ошол эле 50 млрд америкалык товарларга чектөө болору жөнүндө сөз болот.

Трамп жекшембиде үн каткан жок. Дүйшөмбү күнү салык өлчөмдөрүн эки эсе көтөрдү. Эми 200 млрд доллар турган кытай товарларынын тизмесин түзүүнү буйруду.

Бизнес чөйрөсү жана керектөөчүлөр менен кеңешип кескенге эки ай кетет, ошондон кийин тизме жарыяланып, салык салынган импорттун наркы жана алардын мөөнөт убактылары белгилүү болот.

Саясатпы же экономикабы?

Вашингтон менен Пекин өздөрү соода согушун каалабай турганын билдирип жатышат. Экономисттердин эсебине караганда, эрегиштин айынан АКШда экономикалык өсүш болжолдуу түрдө 0,5% басаңдайт, Кытай да соо калбайт.

Америкалык бизнес-бирикмелер биринин артынан бири тарифтерди көтөрүү жумуш орундарынын кыскарышына, баалардын өсүшүнө алып келерин эскертип жатышат.

Анын үстүнө Кытай менен АКШ соода эле эмес, финансы жагынан да чырмалышкан байланышта: кытайлыктар америкалык мамлекеттик баалуу кагаздардын үчтөн бирин сатып алып, бара-бара АКШ өкмөтүнүн эң ири чет элдик кредиторуна айланды. Демек, АКШнын экономикасынын өсүшүнө эң биринчи кезекте Пекин өзү кызыкдар.

Кытай - АКШнын эң ири кредитору

Америкалык өкмөттүн облигацияларынын $1,2 трлн кытай өкмөтүнүн колунда.

Бул:

  • АКШнын жалпы карызынын 5%
  • АКШнын тышкы карызынын 20%
  • Кытайдын алтын валюта резервинин 38%

Булак: АКШнын каржы министрлиги, Кытайдын борбордук банкы

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Трамп америкалыктарга жеңишти убада кылууда

Бирок соода талашында Трамп менен Си эң биринчи кезекте экономикалык ойдо болуп жатышкан жок, ошол себептүү сүйлөшүүлөр татаалдашууда.

Кытай жетекчиси үчүн бул талашта жемин жедирип жиберүү - намыстын эле иши эмес, он жылдыктын эң ири долбоору болгон "Made in China 2025 стратегиясы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Бул долбоорго ылайык, Кытай роботтехника менен таза энергиядан баштап жогорку технологиянын он орчундуу тармагында Батышты кууп жетейин деп келет. Америкалык технология менен кооперациясыз бул ишти аткаруу кыйын болот.

А Трамп дал ошол америкалык компаниялар үстөмдүк кылган тармактарда жаңы атаандашты көргүсү келбей жатат. Мунун башка себептери да бар.

Конгресске шайлоо болоруна төрт ай калды. Трампка шайлоочулар алдында алып чыга турган утуштуу темалар керек. Ал Кытай менен сооданын дефицит проблемасын чечерин убада кылып келген. Эми анын күздөгү шайлоого көздөгөнү ушул маселе болуп турат, анын кандай чечилгенине жараша америкалыктар өкүлдөр палатасын бүт жана сенаттын үчтөн бир бөлүгүн, көп сандаган мэрлерди жана губернаторлорду шайлайт.

"Ноябрдагы шайлоону эске алганда, бул кармашта Трамп үчүн маселе абдан маанилүү. Кытай өз кезегинде жогорку технология жаатында дүйнөлүк лидерге айлангысы келип жатат,-деп түшүндүрдү Би-Би-Сиге инвестбанкир Риту Вохора (M&G Investments). - Ошондуктан эки тарап тең көгөрүп турат".

Эгер сүйлөшүүлөр жакынкы эки аптада жанданбаса, дүйнө XXI кылымдагы биринчи соода согушунун башталышына күбө болуп калышы ыктымал. Эгер башталып кетсе, Вашингтонго бир эле учурда бир нече фронтто кармашууга туура келет: Трамп Канада, Мексика жана Евробиримдикке чабуулун баштаганына бир топ болду.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар