Жапон футбол күйөрмандарынын өзгөчөлүгү эмнеде?

Japanese soccer fans Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Жапон футболчулары жана күйөрмандары биринчи кезекте өздөрүнүн тазалыгы менен дүйнөгө таанылган. Мунусу Бишкекке келген беттеш учурунда дагы көз жаздымда калган жок.

Машыгуу учурунда жапон оюнчулары бут кийимдерин талаанын четине тазалап, анан имаратка кирип жатканы, күйөрмандары дайыма тегерегиндеги таштандыларды тазалап жүргөнү дароо көзгө урунду.

Өткөн дүйнө чемпионатында жапон фанаттары жөн эле басып кетпестен, өздөрү отурган жерди тазалап жатканы тартылган сүрөт жана видеолор интернетте топ жарган эле.

Image caption Жапон күйөрмандары Бишкекте

"Бул футболдогу гана көрүнүш эмес. Тазалык жапон маданиятына сиңип калган. Алар дайыма айлана-чөйрөнү сыйлап келет. Бул маданият футболдо дагы байкалат", -дейт Жапониядагы спорт журналисти Скотт Макинтэйр.

"Ысык-Көлдү көрө кетейин дедим"

Бишкектеги беттешке дагы бир нече жапон күйөрманы келген. Алардын бири өзүн Кадзуя деп тааныштырды. Биз ага бир катар суроолорду узаттык.

Би-Би-Си: Жапон командасы эл аралык деңгээлдеги көп чоң оюндарда ойнойт эмеспи. Сиз эмне үчүн дал ушул жапон-кыргыз беттешине келдиңиз?

Кадзуя: Бул Кыргызстанга келүүгө шылтоо болуп калды. Антпесе, башка ылайыктуу учуру жок. Мисалы, Борбор Азияда Өзбекстанга барганга атайын турлар бар, жеңил барып келсе болот. Ал эми Кыргызстанга атайын саякат үчүн келгенге шарт болгон жок. Ошондуктан беттешти пайдаланып Кыргызстанды көргөнү келдим. Кыргызстан, Ысык-Көл биз үчүн абдан кызык.

Би-Би-Си: Анда Ысык-Көлгө да барасызбы?

Кадзуя: Албетте, эртең Ысык-Көлгө сапар алабыз. Тянь-Шань тоолорун көрөбүз.

Би-Би-Си: Кыргызстанга канча күнгө келдиңиз?

Кадзуя: Үч күнгө келдим. Кыргызстанга атайын келгенден кийин өлкөнү жакшылып таанып, ал жака да айта барам. Жапонияда кандай экен деп сурашат да, баары эле келе бербегенден кийин, мындай өлкө бар экенин билгендер аз.

Би-Би-Си: Футбол Жапонияда башка спорт оюндарына салыштырмалуу өзгөчө орунда турабы?

Кадзуя: Футбол эң популярдуу оюн деп айтканга болбойт. Ал белгилүү төрт-беш оюндун ичине кирет. Андан сырткары бейсбол, күрөш, жапон күрөшү - сумого эл арасында абдан кызыгуу көп. Футбол ошолордун ичинде. Андан ар ким өзү тандайт. Мен болсо футболдун күйөрманымын.

Би-Би-Си:Жапон футболчулары, алардын күйөрмандары келгенде жүрүм-туруму кыргыз коомчулугуна кызык болду. Ал эми Бишкекте эмне сиздин көңүлүңүздү бурду?

Кадзуя: Мени таң калдырган нерсе - Кыргызстан мен ойлогондон өнүккөн экен. Шаар таза, эл тынч экен. Адамдар ызы-чуу кылбайт экен, тартипти сактаган жагынан бизге окшош экен.

Би-Би-Си:Кандай тартипти сактаган жагын айтып жатасыз?

Кадзуя:Биринчи көргөнүм - аба майданына келип, чек ара көзөмөлүнөн өтүп жатканда тизилип, тынч өттүк. Мисалы, башка жерлерге барганда чогула калып, ар кайсы жактан кирип кете беришет. Ал эми Бишкекте кезекке туруп, биринин артынан бири кирип жатты.

Би-Би-Си:Ал эми кыргызстандыктар сиздердин отурган жерди тазалап кеткениңиздерге таң калып жатышат. Кечээ жапон футболчулар машыгуусун бүткөндө бут кийиминдеги ылайын тазалап, чечип, чечинүү залына жылаңаяк киришти. Мындай адат Жапонияда калыптанганбы?

Кадзуя:Биздин түшүнүгүбүздө кайсы жерге барбайлы, эмне жумуш жасабайлы анын кесепетинен башкаларга тоскоолдук же кыйынчылык жаралбаш керек. Кечээги мисалда, футболчулар колдонгон жерин кир кылып кетсе, аны бирөө жыйнаш керек. Ошондуктан баарын өзүбүз жасайбыз. Туура, бул биздин маданиятыбызда түптөлүп калган.

Би-Би-Си:Ошондой эле жапондор убакытка өзгөчө мамиле кылышат, ар бир мүнөттү эске алышат деп көп айтылат, сиздерде чын эле ошондойбу?

Кадзуя:Албетте, бул ар бир адамга көз каранды. Ар ким өз мүнөзүнө жараша иш кылат. Бирок жалпылап алганда, ооба. Бизде бала бакчадан тарта ошого тарбиялайт. Убакытты сарамжал колдонгула, тазалыкты сактагыла деп үйрөтөт. Мектепте, жогорку окуу жайында үйрөтөт. Кийин жумушта деле бул уланат. Мисалы, ар бир фирманын, компаниянын тартиптери бар. Башкача айтканда биз ага өмүр бою өзүбүздү тарбиялайбыз.

Бирок бир нерсени айта кетиш керек, убакытты жакшы пайдаланууну баары жакшы жасаганы менен бул адамга кыйын. Анын артында стресс турат, баары стресс аркылуу келет. Оңой нерсе эмес.

Image caption Бишкектеги жапон футбол күйөрманы Сато

"Кыргызстан артта калган өлкө деп ойлогом"

"Мен жетимиш бир жаштамын. Он жашымдан баштап футбол ойногом. Ошондуктан футболду жанымдай көрөм. Футбол калысы болуп иштедим. Өткөн жылы карьерамды жыйынтыктап, азыр пенсиядамын. Кыргызстанга биринчи жолу келишим. Кыргызстан жөнүндө эч кандай маалыматым жок болгон үчүн аябай эле артта калган өлкө деп ойлогом. Бирок, келип имараттарды, курулуштарды көрүп, адамдардын унаа минип жүргөндөрүн көрүп жакшы эле өнүгүп бара жаткан өлкө экен деп ойлодум. Европага көп барам. Болжолдуу ушул Кыргызстандын үстүнөн учуп өтсөм керек. Ошондо ылдый карасаң тоолор, аппак кар эле көрүнөт. Бул жакта шаар жок, тоонун арасында эмне болмок эле деп ойлогом. Ушунча алдыга кетип бара жатканын элестете да алган эмесмин",-деди жапон күйөрмандарынын бири Сато.

Жапониялыктар тазалыкка бала кезинен үйрөнүшөт

"Футбол оюнунан кийинки көрүнүшкө жапондор мектептен тарта көнүшөт. Бул өлкөдө окуучулар сабак өткөн бөлмөлөрдү өздөрү жыйнайт. Тазалык тууралуу улам айтыла берип, ал маданиятка айланган", -дейт Осака университетинин профессору Скот Норт.

Жапондор бул маданияты менен сыймыктанат. Жапон күйөрмандары тазалык, желимдерди кайра иштетип колдонууну даңазалагандан тышкары, өздөрүнүн маданиятын дагы дүйнөгө көрсөтүүдө.

"Дүйнөлүк чемпионатка Жер планетасынын булуң бурчунан келишет. Алар бири-биринин маданиятын көрүп, бири-биринен үйрөнүүгө жакшы мүмкүнчүлүк алат. Бул Дүйнөлүк чемпионаттын артыкчылыктарынын бири деп эсептейм", -дейт профессор Скот Норт.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Командасын колдогону Орусияга келген жапониялыктар таштанды баштыктарын көтөрө келген. Оюн бүткөндөн кийин бирден тизилип, стадионду тазалап кетишти.

Кызыгы, бул биринчи жолу болуп жаткан көрүнүш эмес. "Көк самурайлар" аттуу жапон курама командасынын күйөрмандары кайсыл өлкө же стадионго барбасын, отурган жерин ар дайым таптаза кылып кетишет.

"Бул футболдогу гана көрүнүш эмес. Тазалык жапон маданиятына сиңип калган. Алар дайыма айлана-чөйрөнү сыйлап келет. Бул маданият футболдо дагы байкалат", -деди Жапониядагы спорт журналисти Скотт Макинтэйр.