ДЧ-2018: Лионель Мессиге эмне болду?

Will Messi depart Russia 2018 that early thanks to Argentina's abysmal performance so far? Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Аргентина 3-0 эсебинде Хорватияга утулуп калып, тайпалык этаптан чыгуу үчүн башка командалардын беттешинин жыйынтыгын күтөт. Бул оюндан кийин Мессинин кайгылуу сүрөтү Орусияда өтүп жаткан чемпионаттын "символдорунун" бирине айланды окшойт.

Месси Аргентинанын эки оюнунда тең бир дагы голго алып баруучу пас берип же гол киргизе алган жок. "Барселонанын" жылдызы Исландияга каршы беттеште пенальти тээп, аны дарбазачы тосуп алды.

Отуз жашка толгон Мессинин 2022-жылы өтө турган Дүйнөлүк чемпионатка катышуу мүмкүнчүлүгү бар. Бирок футбол талдоочуларынын айтымында, Орусиядагы чемпионат Аргентинанын азыркы "алтын мууну" үчүн биринчиликти алуунун акыркы мүмкүнчүлүгү. Бул команда 2008-жылы Бээжинде өткөн Олимпиадада алтын медаль алгандан бери эч ийгиликке жете элек.

Месси бир нече себептен улам мыкты оюн көрсөтө албай жатышы ыктымал.

Сүрөттүн автордук укугу Getty
Image caption 2017-18-жылдагы сезондо Месси 54 оюнга катышты

1) Месси узак сезондон кийин чарчап калды

2017-18-жылдагы сезондо Месси 54 оюнга катышты. Ал акыркы жолу 2014-15-жылдагы сезондо бул сандагы оюндарга катышкан жана соңку беш жылдагы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири. Transfermarkt статистика сайтына ылайык, Месси толугу менен 4468 мүнөт ойногон жана бир оюнда орточо эсеп менен алганда 82,7 мүнөттү талаада өткөргөн.

Быйыл Месси 45 гол киргизип, 18 жолу голго алып барган пас берди.

2) Мессинин жаракаты бар

2018-жылы апрель айында Аргентинанын Clarin аттуу гезити өлкөнүн курама командасындагы булагына таянып, Мессинин оң бутунда жаракат бар болгондуктан, ал толук кандуу ойной албай жатканын жазган.

Дүйнөлүк чемпионаттын алдында Аргентина Италия менен Испанияга каршы достук беттештерди өткөргөндө, Месси талаага чыккан эмес. Башкы машыктыруучу Мессинин травмасы бар экенин тастыктаган. Достук беттеште Испания 6-1 эсебинде Аргентинаны утуп алган.

3) Аргентинада командалык оюн жок

Дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алуу беттештеринде Аргентина абдан начар ойноду. Месси жети гол киргизгени менен, талдоочулар команданы жалпы карап, катуу сындашкан.

Коомдук сайттарда ар түрдүү тамашалар пайда болуп, алардын биринде "дүйнөдөгү эң мыкты оюнчулар деп саналган Месси, Агуэро, Ди Мария, Дибала жана Игуаинди кантип токтотсо болот деп ойлоп жатсаңыз, аларга Аргентина курама командасынын футболкасын кийгизип койсоңуз, өздөрү эле ойной албай калат" деп жазылган.

2014-жылы өткөн чемпионатта Аргентина финалга чейин жетип, Германия кошумча убакытта гол киргизип, чемпион болгон. Мамлекет 1986-жылы Дүйнөлүк чемпион болуп жана 1993-жылы Америка кубогун жеңип алгандан бери эл аралык деңгээлде ийгиликке жете элек.

Сүрөттүн автордук укугу Getty
Image caption Месси Исландияга каршы беттеште пенальти киргизе албай койгону менен эсте калды

4) Роналду менен атаандаштык

Месси жакшы оюн көрсөтө албай жатканда, көптөр он жылдан бери атаандашып келген португалиялык Роналду улам гол киргизгенине көңүл бурушууда. Бул Мессиге терс таасир этип жатса керек.

Орусиядагы чемпионатта Португалиянын биринчи эле оюнунда Роналду үч гол киргизди. Португалия менен Испания 3-3 эсеби менен тең чыкты. Бирок футбол күйөрмандары "Реал Мадрид" жылдызынын эреже бузулган жерден укмуш гол киргизгенине күбө болушту. Андан кийин Мароккого каршы гол киргизип, Португалия 1-0 эсебинде оюнду утуп алды.

Месси болсо Исландияга каршы беттеште пенальти киргизе албай койгону менен эсте калды.

Эки жыл мурун Роналду командасын эл аралык деңгээлде жеңишке жеткиргенин дагы эске сала кетели. Португалия 2016-жылы Европанын чемпиону болгон. Бул мелдеште дагы Роналду чеберчилигин көрсөтүп, финалда 22-мүнөттө жаракат алып оюндан чыгып калган.

Месси Аргентина курама командасын эл аралык деңгээлде алдыга сүрөй албаганы бышык. Эми Месси Орусиядагы чемпионаттан эч жаракаты жок эле чыгып калышы ыктымал.

Макаланы даярдагандар: Ben Sutherland жана Fernando Duarte