Дүйнө чемпионаты ортологондо биз эмнени билдик?

Англия-Панама

Сүрөттүн булагы, Clive Brunskill

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Панаманын 6:1 жеңилиши чемпионаттагы голдор саны боюнча статистиканы өзгөрттү

Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатындагы 64 оюндун 34ү ойнолду. Бул аптада кийинки баскычка чыккан 16 команда белгилүү болот.

Ортолоп калган чемпионат тууралуу эмне айта алабыз?

Англия менен Бельгия көбүрөөк түшүмдүү оюн көрсөтүүдө. Орусиядагы чемпионатта дарбазага кирген голдор саны футбол тарыхындагы эң жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөткөн. Өткөн аптанын 22-июнундагы оюндарда орточо алганда, дарбазага 2,3 гол кирди.

Андан кийин бул көрсөткүчтү G тобундагы Англия менен Бельгия өзгөртүп салды. Бельгия командасы Тунисти 5:2 эсебинде, Англия болсо Панама курама командасын 6:1 эсеби менен таш талканын чыгарды. Андан кийин эле Сенегал-Япония беттешинде төрт гол кирди (2:2).

Сүрөттүн булагы, MLADEN ANTONOV

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Бельгия мыкты формасында: курама команда орточо алганда ар бир беттеште төрттөн гол киргизди

Жыйынтыгында 32 беттеште 78 гол катталды. Бул ар бир оюнда 2,65 топ дарбазада дегендик. Беш тең чыгуу болсо, анын бирөөсү дагы 0:0 болуп калган жок.

Сүрөттүн булагы, Alex Livesey

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Иран Морокко беттеши

"Алтын бутсы" үчүн кармаш

Англия курама командасынын чабуулчусу Харри Кейн "Алтын бутсы" сыйлыгына жетиши мүмкүн. 1986-жылдан бери (анда Гэри Линекер алган) бир дагы англис футболчусу бул сыйлыкты багындыра элек.

Сүрөттүн булагы, PIERRE-PHILIPPE MARCOU

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Эгерде эле Харри Кейнден озуп өтсө, Роналду тарыхта калат

Азырынча Кейндин эсебинде 5 гол бар. Анын артынан эле төрт голу менен бельгиялык Ромело Лукаку жана португалиялык Криштиану Роналду келе жатат.

Футбол таалаасына чейин кирип барган саясат

Жекшембиде Эл аралык футбол бирикмеси Швейцария курама командасынын оюнчулары Хаки менен Шакириге карата иликтөө болорун билдирди. Бул оюнчулар Сербия менен болгон оюнда голду майрамдап жатып, кол жаңсоолору аркылуу Албания туусундагы бүркүттү көрсөтүшкөн. Бул оюнчулардын теги Косоводон. Сербиянын автоном аймагы болгон Косово 2008-жылы бир тараптуу чечими менен көз карандысызыдыгын жарыялаган.

Сүрөттүн булагы, LAURENT GILLIERON

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Бул оюнчулар Сербия менен болгон оюнда голду майрамдап жатып, кол жаңсоолору аркылуу Албания туусундагы бүркүттү көрсөтүшкөн.

Оюнчулар ФИФАнын дисциплинардык кодексинин 54-беренесине ылайык, эки оюндан четтетилиши мүмкүн.

Тартип тууралуу айтканда

Чемпионаттагы 30 оюнда 95 сары айып кагазы көрсөтүлгөн. Орточо алганда ар бир оюнга үчтөн туура келет. Бул футбол чемпионатынын тарыхындагы өтө деле жогорку көрсөткүч эмес. Маселен, 2014-жылы Бразилияда орточо алганда ар бир оюнда 2,92 айып кагазы көрсөтүлгөн.

Сүрөттүн булагы, ERIK S. LESSER

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Биринчи кызыл айып кагазы Карлос Санческе көрсөтүлдү

Эл толгон стадиондор

Чемпионаттын уюштуруу комитетине билдиришкендей, буга чейинки беттештерде стадиондор орточо алганда 97 пайызга чейин толуп жатат. Дээрлик жарым миллион киши келип кетти.

Сүрөттүн булагы, Clive Rose

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Көрүүчүлөр эң көп кирген беттештер "Лужники" стадионунда катталды

Көрүүчүлөр эң көп кирген беттештер "Лужники" стадионунда катталды: Орусия - Сауд Аравия (5:0), Португалия - Марокко (1:0) жана Германия-Мексика (0:1).

Панаманын майрамы

Нижний Новогород шаарында өткөн беттеште англиялыктар Панаманы 6:1 эсебинде утуп алган. Панама жер муштап өксүп ыйлады деп ойлодуңузбу? Тескерисинче, алар катуу майрамдашты. Анткени панамалык футболчулар дүйнө чемпионатынын тарыхында биринчи голун киргизди.

Сүрөттүн булагы, Clive Brunskill

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Панамалык футболчулар дүйнө чемпионатынын тарыхында биринчи голун киргизди

Өткөн жылдын күз айында Панама чемпионатка жолдомо утуп алганда, өлкө президенти ошол күндү улуттук майрам катары жарыялаган эле. (AbA)