Дүйнөнү ыйлаткан мигрант кыздын тагдыры

Денис Валеранын жубайы колунда кармап турган кызын жерге коюп, чек арачылар менен сүйлөшүп жатканда сүрөт тартылган экен. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Денис Валеранын жубайы колунда кармап турган кызын жерге коюп, чек арачылар менен сүйлөшүп жатканда сүрөт тартылган экен.

АКШнын чек ара кызматы балдарын жанына алып, мыйзамсыз жол менен келген мигранттарга каршы катаал чараларын жеңилдетти. Буга чейин кошмо штаттары мыйзамсыз келген мигранттарды балдарынан бөлүп, өзүнчө жайда кармап жаткан. Бул өз кезегинде кескин сынга алынды.

Өткөн аптада Дональд Трамп мыйзамсыз мигранттарды балдары менен бирге кармоо боюнча буйрук берген.

Ал тапта Time журналы чыгарган сүрөткө байланыштуу талкуу күч алууда. Сүрөт жарыялангандан кийин, ал интернетте топ жарды жана Трамп администрациясынын катаал саясатынын "символуна" айланды.

Сүрөттүн автордук укугу Time
Image caption Time журналы чыгарган сүрөткө байланыштуу талкуу күч алууда. Сүрөт жарыялангандан кийин, ал интернетте топ жарды жана Трамп администрациясынын катаал саясатынын "символуна" айланды

Сүрөттү көргөндөр мыйзамсыз мигранттарга жардам көрсөткөн "Юридикалык борбор" уюмуна 17 миллион доллар каражат чогултушкан.

Эми Гондурас мамлекетинин жараны, мыйзамсыз келген мигрант кыздын атасы Денис Валера америкалык чек арачылар кызын андан бөлбөгөнүн билдирди.

Сүрөттүн автордук укугу Facebook
Image caption Денис Валера болсо акча табуу максатында АКШга келгенин билдирип, чек араны мыйзамсыз өтүү үчүн кылмышкерлерге 6 миң доллар төлөгөнүн кошумчалады

Денис Валеранын жубайы колунда кармап турган кызын жерге коюп, чек арачылар менен сүйлөшүп жатканда сүрөт тартылган экен.

Аларды кармаган чек ара кызматкери Карлос Руистин айтымында, Денис кызын жерге өзү суранып койгон. Бала ыйлап жатканда, чек арачылар "баары жакшыбы?" деген суроо берген, Валера менен жубайы "баары жакшы, кызым чарчап калды, суу ичкиси келип жатат" деп жооп берген. Муну чек ара кызматкери журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, айтты.

Денис Валера болсо акча табуу максатында АКШга келгенин билдирип, чек араны мыйзамсыз өтүү үчүн кылмышкерлерге 6 миң доллар төлөгөнүн кошумчалады.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Сандра Санчез жана анын кызы чек арада

Time журналы Янела Дениз аттуу кыздын сүрөтүн президент Трамп менен бириктирип, "Америкага кош келиңиз!" деген аталышта макала жарыялады.

Сүрөттү атактуу фотограф, Пулитцер сыйлыгынын лауреаты Джон Мур 12-июнда, Техас штатындагы чек арага жакын жайгашкан МакАллен шаарында тарткан.

Анын айтымында, сүрөттөгү кыздын ата-энеси Рио-Гранде дарыясынан кайык менен мыйзамсыз өтүп келгенде, чек арачылар кармап калган.

Трамптын администрациясы мыйзамсыз миграцияны ооздуктоо үчүн катаал чараны апрель айында баштады. Ага ылайык, Мексикадан АКШга мыйзамсыз өткөн мигранттарды текшерүү учурунда алардын 2300гө чукул балдары өзүнчө жайда кармалды.

Сүрөттүн автордук укугу Leroy Pena

Учурда Денис Валеранын үй-бүлөсү мигранттарды кармаган жайда, Макаллен шаарында чогуу турушат. Алар баш паанек сураган.

Time журналы болсо жаш кыздын сүрөтү АКШдагы миграция дебатынын "символуна" айланганын белгилеп, аны жарыялоо чечимин кабыл алышканын айтты. Бирок макаланын ичинде "жаш кыз ата-энесинен бөлүнгөн жок" деп жазылган.

Тектеш темалар