Мексикада шайлоодон уткан талапкер "бийликтеги мафияга каршы" күрөшөт

Добуш берүү жайларындагы сурамжылоого ылайык, Мексикадагы президенттик шайлоодо баш калаа Мехиконун мурдагы мэри Андрес Мануэль Лопес Обрадор алдыга чыкты.

Добуш берүү күнүн көптөгөн мексикалыктар өлкөнү сазга батырган өкмөттөн кутулуу удулу келди деп кароодо.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Добуш берүү күнүн көптөгөн мексикалыктар өлкөнү сазга батырган өкмөттөн кутулуу удулу келди деп кароодо.

Анын негизги атаандаштары Рикардо Анайя Кортес менен Хосе Антонио Меаде жеңилгенин моюнуна алган.

Мексикадагы шайлоо саясый душмандашуу жана үрөй учурган зомбулук менен коштолду. Шайлоо өнөктүгү башталган өткөн жылдын сентябрынан бери эле саясый партиялардын 130га жакын талапкери жана активисттер мерт болду.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Оахака штатындагы шайлоо участкасында жергиликтүү аялдар добуш берүүдө

Обрадор коррупция менен күрөштө кескин бурулуш жасап, чечкиндүү кадамдарга барарын убада кылды. Ал жетектеген коалиция дээрлик жүз жылдан бери бийликте жүргөн эки консервативдик партияны чететтиши мүмкүн.

Үчүнчү аракет

Уилл Грант, Би-би-си, Мехико

Бул жолку шайлоо Мексиканын тарыхындагы эң катаал өнөктүк болуп калды. Добуш берүү күнүн көптөгөн мексикалыктар өлкөнү сазга батырган өкмөттөн кутулуу удулу келди деп кароодо.

Миллиондогон мексикалыктар президент Энрике Пенья Ньето жана анын администрациясына кескин нааразы. Чабал экономика, коррупция, кылмыштуулуктун өскөнү жана мыйзамсыздык үчүн бийликти айыпташат.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Лопес Обрадор биринчилерден болуп добуш берди

Солчул талапкер Андрес Мануэль Лопес Обрадор шайлоодон жеңип чыгат деп күтүлүүдө. Ал соңку эки жолку президенттик шайлоодо экинчи орунду алган эле.

Обрадор өнөктүктүн жүрүшүндө, шайлоочулардын негизги көңүлүн коррупция менен күрөшкө бурду. Ошондой эле мамлекеттик чыгымдарды кыскартып, байларга салыкты жогорулатуу аркылуу айлык акы, пенсияны көтөрүүгө убада берди.

Атаандаштары Обрадорду популист саясатчы катары сындап келишкен.

Шайлоодо эмне чечилет?

Добуш берүү укугуна ээ шайлоочулардын саны 88 миллион. Жекшембидеги шайлоодо президенттен сырткары 128 сенатор жана конгресске 500 депутат шайланды. Андан тышкары, жергиликтүү башкаруу органдарына жетекчилер, штаттарга губернаторлор шайланган.

Эгерде Лопес Обрадор бул ирет шайлоодо жеңишке жетишсе, Мексиканын саясый аренасындагы эки партиянын үстөмдүгүн токтотот. Өзүнүн кайрылууларында Обрадор бул партияларды "бийлик мафиясынын" бир бөлүгү атады.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Андрес Мануэль Лопес Обрадор, Хосе Антонио Меаде жана Рикардо Анайя Кортес

Экономикасынын көлөмү боюнча Мексика Латын Америкасындагы экинчи өлкө. Мунайдын ири экспортеру эсептелет. Мунайга болгон баанын томөндөшү девальвацияга алып келген.

Калктын 40 пайызы жакыр жашайт. Коррупциянын жогорку деңгээли жана зомбулук кылмыштуулуктун өстүрүп, ишкердик кылуу кыйындаган.

Мексика журналисттер үчүн дагы дүйнөдөгү эң кооптуу өлкө эсептелет. Ишембиде эле өлкөнүн түштүгүндө жергиликтүү репортер атып өлтүрүлдү. (AbA)