Таиландда тогуз күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 12 өспүрүм табылды

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Таиландда тогуз күндөн бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдөр табылды

Таиландда тогуз күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 12 өспүрүм жана алардын 25 жаштагы футбол машыктыруучусу табылды. Бүтүндөй дүйнө аларды куткаруу чарасына байкоо салууда.

Адашып кеткен өспүрүмдөрдү британдык куткаруучулар Жон Волантен менен Ричард Стантон тапты. Алар Таиланд бийлигине жардамга келген эле.

Сүрөттүн автордук укугу LINH PHAM/GETTY IMAGES

Британдыктар беш чакырымга чейин созулган Тхам Луанг Нанг Нон үңкүрүн жакшы билишет экен. Негизи бул үңкүргө келгендерге 800 метр гана кирүүгө уруксат беришет.

Алгач жарыяланган тасмада эки британдык куткаруучу табылган өспүрүмдөр менен сүйлөшүп жатканы тартылган.

Сүрөттүн автордук укугу Thai Royal Navy

12 өспүрүм, алардын 25 жаштагы футбол машыктыруучусу бир апта мурун дайынсыз кеткен. (AbA)

Тектеш темалар