Орусиянын атайын кызматы кандай каражат тыңчылык эсептелерин аныктайт

Орусиянын Федаралдык коопсуздук кызматы (ФСБ) кандай каражаттарды тыңчылык деп эсептесе болорун аныктаган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган.

Соңку учурда бул өлкөдө ар кандай электрондук каражаттарды колдонгону үчүн жарандарга кылмыш иши козголгон бир нече учур катталган.

Федаралдык коопсуздук кызматы (ФСБ) бул тууралуу кеңири түшүндүрмө берүүнү чечти. Өткөн жылы Курган облусунда жашаган фермер интернеттен "GPS-маяк" сатып алып, уйга такканы үчүн кылмыш иши козголгон. Фермер уйлары кайда жайылып жүргөнүн оңой билип алууну көздөгөн.

Бул тууралуу президент Путиндин басма сөз жыйынында айтып даттанышкандан кийин, кылмыш иши токтотулган. Орусияда калем сапка же күнгө каршы көз айнекке орнотулган видеокамера же үн жаздыргычтар үчүн дагы жазага тартылышы мүмкүн.

Федаралдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) мыйзам долбоору расмий сайтына жарыяланды. Кабыл алынып калса, Орусиянын кылмыш жана административдик кодексине өзгөртүү кирет.

Тыюу салынган каражаттардын ичинде атайын компьютердик программалар жана каражаттар тизмектелген.

Буга чейин орус мыйзамдарында "тыңчылык каражаттар, жабдыктар" жөнүндө түшүндүргөн мыйзам болгон эмес. Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылган. (AbA)

Тектеш темалар