Таиланд: суу толгон үңкүрдөгү өспүрүмдөрдү куткаруу кандай жүрөт?

Куткаруучулардын алдында оор жумуш турат. Алар суу толгон үңкүрдүн түпкүрүндө камалып калган 12 өспүрүмдү жана футбол машыктыруучуну куткарып чыгуусу керек. Би-би-си, куткаруу иштери кандай жүрөрүн айтып берет.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
12 өспүрүм жана машыктыруучу тартылган жаңы видео жарыяланды

Бул дайынсыз кеткен өспүрүмдөр тогуз күндөн кийин табылды. Алар жарыксыз жана тамак-ашсыз олтурган.

Үңкүрдөгү суу астында сүзгөн инструктордун айтымында: "Куткаруу иштери кечеңдесе, балдар үңкүрдө 4-5 айга чейин эле кармала алат".

Image caption Үңкүрдүн картасы

Суу толгон үңкүрдө аман калуунун негизги сабагы: суу, жарык жана дүрбөлөң түшпөө

Жамгыр тынбай жаап тургандыктан, балдар дагы үңкүрдө бир нече апта же айга кармалышы мүмкүн.

Алар кантип чыгат?

Варианттардын бири -балдарга суу астында жүрө турган каражаттарды кийгизип, сүзгөндү үйрөтүү.

"Дайвингдин каражаттарын колдонуп аларды куткарып чыгуу - эң тез жол. Бирок, эң опурталдуу",-деди Би-би-сиге АКШнын куткару кызматынын өкүлү Анмар Мирза.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Дайвинг каражаты.

Балдарга жетүү үчүн эң мыкты суучулдарга бир нече күн керектелет. Балдардын арасында айрымдары сүзгөндү билбейт экен. Суучулдар балдарды жер астында сүзө турганга ылайыктуу жабдыктар менен камсыздап, сүзүп өтө турган аралыкка атайын жип тартып коюну да ойлонушкан.

Бирок, эксперттер баары бир мындай жол менен куткарууда кооптуулук чоң экенин белгилеп жатышат.

Таиланд бийлиги үңкүрдүн аскаларын тешип, суунун бир бөлүгүн агызып жиберүүгө аракет кылды. Бирок, катуу таштардан муну ишке ашыруу мүмкүн болбой турат.

Дагы бир вариант - күтүү керек. Суу ташкындары токтошун күтүү калды. Андай болгондо, жамгыр сезону эми эле башталып олтурат. Канча күткөнгө болот?

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Таиланд бийлиги үңкүрдүн аскаларын тешип, суунун бир бөлүгүн агызып жиберүүгө аракет кылды.

Үңкүрдө эмне коркунуч бар?

Өспүрүмдөрдүн жашы 11 ден 16 жашка чейин, ал эми машыктыруучусу 25 жашта. Алар үңкүрдөгү жылма таштын бетинде турушат. Ал жер өтө нымдуу, ошондуктан алар кургак жана жылуу болушу шарт.

Азырынча балдарга сабырдуу болуп, турган жерин таштап кетпөөгө көрсөтмө беришти. Ордунан козголсо аскадан кулап же сууга агып кетиши мүмкүн.

"Негизги көйгөй - алар караңгылыкка көнүүсү керек болот",-дейт британдык дарыгер Энди Ивис.

Аларга жардам кантип жетүүдө?

Шейшембиде балдарга тамак-аш жана медициналык каражаттарды жеткирип беришти.

"Биз балдарды кошумча тамак-аш менен камсыздашыбыз керек. Кеминде төрт айга жете тургандай. Ошондой эле ал жердеги 13 кишини суу алдында сүзгөнгө үйрөтөбүз",-деп кабарлады Таиланд бийлиги.

Дайверлер үңкүргө жүздөгөн кислород баллондорун алып кирип, лагер курганга аракет кылып жатышат. Жарык бере турган каражат дагы жеткирүү планы айтылды.

Сүрөттүн автордук укугу Facebook/ekatol
Image caption Футбол машыктыруучусунун "Фейсбуктагы" сүрөтү. Команданын бир катар футболчулары.

"Алар дүрбөлөң түшпөй, азырынча сабырдуу турганы эң мыкты болду,-дейт куткаруу иштерине катышып жаткан бельгиялык суучул Бен Рейменантс. -Машыктыруучусу аларды бири-бирине жакын олтургузуп, аман алып калыптыр". (AbA)

Тектеш темалар