Жапония: өлүм жазасына тартылган секта мүчөлөрүнүн өкүмү аткарылды

Бейшембиде "Аум Синрикё" деп аталган диний сектанын алты мүчөсүнүн өкүмү аткарылды деп кабарлады өлкөнүн Юстиция министрлиги. Ушуну менен өлүм жазасына тартылган секта мүчөлөрүнүн баарынын өкүмү ишке ашты.

Мунун алдында сектанын негиздөөчүсү Сёко Асахара жана уюмдун алты мүчөсүнө өкүм аткарылган эле.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Мунун алдында сектанын негиздөөчүсү Сёко Асахара жана уюмдун алты мүчөсүнө өкүм аткарылган эле.

Сектанын мүчөлөрү 1995-жылы мартта Токио метросунда зарин газы менен кишилерди ууландырган. 13 киши мерт кетип, 6 миң киши жабыр тарткан.

Асахарадан сырткары сектада аскер министринин ролун аткaрган Киёхидэ Хаякава дагы өлүм жазасына тартылды. Андан сырткары Томомас Накагава жана Ёсихиро Иноуэ бар.

"Аум Синрикё" деп аталган диний секта 1987-жылы Сёко Асахара тарабынан негизделген. Ар кандай маалыматтар боюнча мүчөлөрүнүн саны 30 миңден 50 миңге чейин деп айтылып жүрөт. Көп өлкөлөрдө бул сектанын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

"Аум Синрикё" деген эмне?

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption "Аум Синрикё" 1995-жылы 20-марттагы Токио метросундагы теракттан кийин дүйнөгө белгилүү болду.

"Аум Синрикё" деген аталыш "Жогорку чындык" дегенди туюндурат. Башында сектанын идеологдору буддизм жана индуизм, андан кийин христиандыктын принциптерин алышкан.

"Аум Синрикё" 1995-жылы 20-марттагы Токио метросундагы теракттан кийин дүйнөгө белгилүү болду.

Кийин сектанын негиздөөчүсү Сёко Асахара (чыныгы аты Тадзуо Мацумото) өзүн Христ жана Буддадан кийинки адам деп жарыялаган. Диний уюм катары 1989-жылы расмий макам алган. Дүйнө боюнча сектаны ээрчигендер саны көбөйгөн.

Асахара университеттерде лекция окуп, бир нече китеп чыгарган. 90-жылдарга барып, дүйнө жүзү боюнча он миңдеген кишилер сектаны ээрчиген.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Сёко Асахара 2004-жылы өлүм жазасына тартылган.

Үчүнчү дүйнөлүк согуш келет. Андан кийин сектанын мүчөлөрү гана тирүү калат дешкен. Жыйынтыгында "Аум Синрикё" зомбулукка көбүрөөк ыктап, өзүнүн каршылаштарын уурдап кетип, өлтүрүп, зомбулук көрсөтө баштаган. Кол салууларда химиялык курал колдонгон.

"Аум Синрикё" 1995-жылы 20-марттагы Токио метросундагы теракттан кийин дүйнөгө белгилүү болду. Ушул эле жылы Асахара баш болгон сектанын ондонгон жетечилери камакка алынды.

2000-жылы секта "Алеф" деген ысым менен кайра жанданган.

Токиодогу окуя

1995-жылы 20-мартта метродо кишилер көп учурунда сектанын мүчөлөрү кол чатырдын жардамы менен метронун кире бериш жерлерине зарин газдарын коюп кетишкен. Бул Токионун борбордук бөлүгүндө орун алган.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Жапон тарыхындагы бул үрөй учурган террордук кол салуу полициянын ишмердүүлүгү боюнча дагы суроолорду көтөргөн.

Жапон тарыхындагы бул үрөй учурган террордук кол салуу полициянын ишмердүүлүгү боюнча дагы суроолорду көтөргөн.

Жыйынтыгында 13 киши мерт болуп, 6 миңге жакын киши ууланып, ооруканага түшкөн.

Метродогу кол салуу жапон коомчулугунун үрөй учурган. Анткени жапондор кылмыштуулуктун аз экени жана социалдык ажырым жоктугу менен мактанып келишкен эле.

Жапон тарыхындагы бул үрөй учурган террордук кол салуу полициянын ишмердүүлүгү боюнча дагы суроолорду көтөргөн.

Терактан кийин сектанын бир топ мүчөсү сот алдында турду. 200гө жакын киши сот жообуна тартылып, алардын он үчүнө өлүм жазасы берилген.

Жапонияда өлүм жазасы айыпталгандардын баарына өкүм чыкканга чейин ишке ашпайт.

Соңку соттук жараян январда болду. Өлкөнүн Жогорку соту сектанын бир мүчөсүнүн өлүм жазасын күчүндө калтырган.

Жапон бийлиги жазага тартылгандардын өкүмүн бир учурда ишке ашырууну көздөгөн. Бирок эл аралык коомчулуктун сынынан улам жапырт жазага тартуу чечимин өзгөрттү. Дүйнө коомчулугу Жапониядагы өлүм жазасын сынга алып келүүдө. (AbA)

Тектеш темалар