Таиланддагы балдардын баары аман-эсен куткарылды

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Балдарды кантип алып чыгып жатышат?

Таиландда суу толуп калган үңкүрдө камалып калган балдардын баары куткарылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалыматт каражаттары кабарлады.

Акыркы болуп балдардын 25 жаштагы машыктыруучусун алып чыгышты. Куткаруу операциясы 8-июлда башталган эле.

Өкмөт өкүлдөрү куткарылган балдардын психикалык, физикалык саламаттыгы жакшы экенин кабарлады. Алар дарыгерлердин кароосунда болот. Экөөнүн өпкөсү шамалдап калганына байланыштуу, дарылануудан өтүшү керек.

Балдар турган жер 800 метрден ашуун тереңдикте болуп, коопсуз жайга чейин төрт чакырымдай жол жаткан. Татаал өтмөктөрдү басып өтүп, экиден суучул бир баланы коштоп алып чыкты. Операция кооптуу жана оор болду. Буга чейин куткаруу иштерине катышып жаткан дасыккан сууучулдардын бири мерт болгон.

Image caption Үңкүрдүн картасы

Би-би-си кабарчысы Жонатан Хэд окуя болгон жерден кабарлагандай, балдарды куткаруу операциясын аскердик өкмөт катуу көзөмөлдөп жатат. Аймакта жыл сайын боло келген жамгырдын сезону башталды. Ошондуктан куткаруу иштери мурда болжогон убактытан эрте башталып кетти.

Балдардын арасында сууда сүзгөндү билбегендери көп. Куткаруу операциясынын алдында, аларга суучулдар акваланг колдонууну үйрөтүшкөн.

Аман-эсен куткарылгандарды дароо эле үңкүргө жакын жердеги атайын курулган лагерге алып келип, талаа госпиталында медициналык жардам көрсөтүлүп жатат.

Балдарды үңкүрдөн бирден алып чыгышкан. Суу алдында балдарга өз алдынча кыймыл-аракет кылдырбай, дасыккан суучулдар алып чыгып жатышат. Болгону балдар дүрбөлөң салбай, өзүн колго алышы керек деген кеңеш берилди.

Тобокел операция

Ник Бик, Би-би-си кабарчысы

Балдарды куткаруу операциясына бүтүн дүйнө жүзү көңүл бурууда. Муну Таиланддагылар дагы билет. Өлкөнүн бийлиги чоң тобокелчиликке барды. Балдарды эвакуациялоо кооптуу болуп турганына карабастан, куткаруу иштери башталды.

Өкмөт эл аралык репутациясы бар суучулдарды жыйнаган. Кечээ күнү физикалык жактан алсыз болгон төрт баланы аман-эсен куткарышты.

Адистердин бири, суу толгон үңкүрдөгү куткаруу иштери ийгиликсиз болуп калса, кесепети оор болот деп айтты.

Ошондуктан башында убадалар берилген менен куткаруу операциясын көзөмөлдөп жаткан штабдагылардын тынчы кетүүдө.

Балдарды кантип алып чыгып жатышат

Image caption Суу толгон үңкүрдөн балдарды алып чыгып кетүүнүн жолу.

Үңкүрдөгү куткаруу иштерине 90 го чукул аквалангист катышып жатат. Алардын 50гө жакыны башка өлкөлөрдөн, калганы жергиликтүүлөр.

Өтө дасыкка суучулдарга деле Тхам Луанг үңкүрүндөгү караңгы жана кууш өтмөктөр чоң сыноо болууда.

Ал жерде кээде кургактан басып, анан тизеден өйдө сууга туш келип же үңкүрдүн аскалуу жерлеринде суу астында жүрүүгө туура келет.

Кирип чыккан багытка атайын зым аркан тартышты. Балдарга аба берип тура турган аквалангисттердин салтуу бет кабын эмес, башка атайын бет кап кийгизишти. Анткени тажрыйбасыз болгон үчүн аларга оңой болот деп айтышууда. Ар бир баланы экиден суучул коштоп чыгууда.

Жолдун эң татаал бөлүгү - болжолу орто жери. Ал жер өтө кууш болгондуктан, артына асып алган аба толтурулган баллонду колго кармап өтүүгө туура келет.

Операция абдан кооптуу. Эки күн мурун Аскер-деңиз күчтөрүнүн мурунку старшинасы Саман Гунан үңкүрдөгүлөргө кислород толтурулган баллондорду алып баратып, кайра кайткан жолдо эсин жоготкон.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

"Анын тапшырмасы кислород жеткирүү болчу. Бирок, кайра кайткан жолдо өзүнө кислород жетишпей калган",-деди жергиликтүү бийлик өкүлү. Гунанды анын шериги суудан алып чыккан. Өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

38 жаштагы суучул мыкты спортчу болгон. Аскер-деңиз күчтөрүндөгү атайын бөлүктө кызмат кылган экен.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
12 өспүрүм жана машыктыруучу тартылган жаңы видео жарыяланды

Таиланддагы суу толуп калган Тхам Луанг Нанг Нон үңкүрүндө 12 өспүрүм жана алардын футбол машыктыруучусу 23-июндан бери бери камалып турат. 11-16 жаштагы өспүрүмдөр жана алардын 25 жаштагы футбол машыктыруучусу Тхам Луанг үңкүр комплексине экскурсияга чыгышкан. Нөшөрлүү жаандан кийин үңкүр сууга толуп баштаганда, алар аргасыз өйдө көтөрүлүп олтуруп, үңкүрдүн оозунан төрт чакырым алыс кетип калышат. 9 күндөн кийин гана суучулдар алардын турган жерин таап алышты. Бирок куткаруу иштери кыйынга турууду.

Буга чейин куткаруучулар балдар бир нече айга чейин кармалышы мүмкүн экенин айтып жатышкан. (AbA)

Тектеш темалар