Жапониядагы табият кырсыгынан көз жумгандар 140 кишиге жетти

Жапонияда нөшөрлүү жамгырдан кийинки суу ташкыны жана селден каза тапкандар 140 кишиге жетти. Кырсыкка байланыштуу өлкөнүн премьер-министр Синдзо Абэ чет өлкөгө пландалган иш сапарын токтотту.

Ондогон кишилер дайынсыз болуп жатат. Кырсык болгон аймактан эки миллонго чукул кишини коопсуз жайга чыгарып кетишти.

1982-жылдан бери өлкөдө мындай суу ташыкындоодон улам көп киши мерт кеткен кырсык катталган эмес эле. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 1982-жылдан бери өлкөдө мындай суу ташыкындоодон улам көп киши мерт кеткен кырсык катталган эмес эле.
Кырсык жүз берген аймакта 700гө чукул куткаруучу иштеп жатат. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Кырсык жүз берген аймакта 700гө чукул куткаруучу иштеп жатат.
Өлкө боюнча 12 миңдей киши эвакуациялык лагерлерге алып келинди. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Өлкө боюнча 12 миңдей киши эвакуациялык лагерлерге алып келинди.
Үйлөр суу алдында калды. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Миңдеген үйлөргө электр жарыгы жана суу келбей калды. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Соңку күндөрү Жапониянын батышында мурдагы нормасынан үч эсе көп жамгыр жаап жатат. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Соңку күндөрү Жапониянын батышында мурдагы нормасынан үч эсе көп жамгыр жаап жатат.
Жамгыр сээлдеп калды. Бирок, коркунуч сакталууда. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Жамгыр сээлдеп калды. Бирок, коркунуч сакталууда.

Бир топ аймактарда суу ташкындоо коркунучу сакталып турат. Анын ичинде Окаяма префектурасы дагы бар. Алдыдагы күндөрдө күн ачылат деп күтүлүүдө. Бул куткаруу иштерин жеңилдетет. (AbA)

Тектеш темалар