Азербайжандагы башаламандык: эки полиция каза тапты

Азербайжандын Гянж шаарында митингди таратуу учурунда эки полиция кызматкери каза тапты. Мунун алдында, 3-июлда шаардын аткаруу бийлигинин жетекчиси Эльмар Велиевге администрация имаратынан чыгып келе жаткан учурда ок атылган.

Сүрөттүн автордук укугу Гянж

ИИМдин өкүлдөрү Би-би-сиге ырастагандай, Гянж шаарынын полиция башкармалыгынын жетекчи орун басары Ильгар Балакишиев жана Низамин райондук полициянын жетекчи орун басары Самед Аббасов мерт болду.

Коомдук сайттардагы маалыматтарга караганда, шаардын аткаруу бийлигинин жетекчиси Эльмар Велиевге кол салган деген шек менен Юнус Сафаров кармалган. Аны бошотуу талабы менен мэриянын имаратына бир нече киши жыйылып келип, митинг өткөргөн.

Шаар мэрине кол салуу 3-июлда орун алган. Велиев жана анын жансакчылары жаракат алып, ооруканага түшкөн.

Гянждын айрым тургундары Би-би-сиге: "Бир нече киши кыйкырыктар менен паркты аралап өттү. Диний чакырыктар дагы айтылып жатты. Полиция демонстранттарга тынчы кетип, көз салып турду",- деп айтып беришти.

"Шейшемби күнү болжолу саат 20:00дө 150-200 кишиден турган диний радикалдуу топ Гянж шаардык бийлигинин имаратынын алдында уруксат берилбеген акция өткөрүүгө аракет кылды",- деген маалымат таратты полиция.

Башаламандыктар администрация имаратында башталган. Укук коргоо органдарынын маалыматында, 40 киши кармалганы айтылды. ИИМ башаламандыктарды жарым саатта басканын расмий билдирди.

Гянж - аянты боюнча өлкөдөгү экинчи шаар. Ал эми калкынын саны боюнча үчүнчү орунда турат. Азербайжандын чыгыш тарабында жайгашкан.

Шаардын аткаруу бийлигинин жетекчиси Эльмар Велиевге 3-июлда шаардык администрация имаратынан чыгып келе жаткан учурда ок атышкан. Велиев жана анын жансакчысы жаракат алган. Бул кол салууга шектүү катары жергиликтүү тургун 35 жаштагы Юнус Сафаров кармалган. (AbA)

Тектеш темалар