52 жыл күттүргөн финалга бир кадам жетпей калган Англия

1966-жылдан бери Англия курама командасы дүйнөлүк чемпионаттын финалына чыга элек. Бул ирет дагы англиялык күйөрмандардын үмүтүнө суу себилип, командасы хорваттарга жеңишти алдырып жиберди.

Сүрөттүн автордук укугу EPA

"Абдан өкүнүчтүү болду. Бирок, жаш команда колунан келгенин кылды. Бул алдыга ташталган чоң кадам. Келечекте мындан дагы мыкты болушат»,-деп жазды курама команданын мурдагы капитаны, азыр Би-би-си баяндамачысы болуп иштеп жаткан Гари Линекер.

2016-жылдагы Европа чемпионатынын 1/8 финалында Исландияга утулуп калган Англиядан азыркысы бир топ айырмаланат. 2014-жылдагы дүйнө чемпионатында болсо, бир да жеңишке жетпей, тайпалык оюндан чыкпай калган.

Бул жолу Англия чоң ийгилик жаратып, жарым финалга чейинки жолду басты.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Команданын башкы машыктыруучусу Гарет Саутгейт: "Жеңүүчү болуш үчүн тоскоолдуктарды өтүшүбүз керек. Биз алардын көбүн өттүк",-деди.

Англия командасынын мурунку оюнчусу Уэйн Руни «балдардын баары мыкты ойношту, биз алар менен сыймыктанабыз» деп жазды.

Дагы бир белгилүү футболчу Алан Ширер болсо командага алкыш айтып, «күтүлгөндөн дагы чоң ийгилик жаратканын» белгиледи.

"Азыр Англия курама командасы өтө капаланып жатса керек. Бирок, мен бул команда менен сыймыктанам, силер кайгырбагыла. Дүйнө чемпионатын мыкты өткөрүп, тарыхта калдыңар жана бизге ишеним бердиңер. Англия курама командасы алдыда өзүн көрсөтөт деп билебиз»,-деп жазды "Твиттер" баракчасына принц Уильям.

Англия курама командасы күйөрмандарынын колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Москва финалында Франция-Хорватия

Хорваттар финалга биринчи жолу чыкты. 1998-жылы Францияда өткөн чемпионатта хорваттар көптөрдү таң калтырып, жарым финалга чейин жетип, кийин коло медалды багындырган. Азырынча алардын негизги жетишкендиги ушул.

Сүрөттүн автордук укугу DPA/TASS
Image caption Хорваттар финалга биринчи жолу чыкты.

Финалга чейинки жол:

Тайпалык оюндар

Хорватия-Нигерия 2:0

Аргентина -Хорватия 0:3

Исландия-Хорватия 1:2

Сүрөттүн автордук укугу PA Images\TASS
Image caption Хорватиянын президенти Колинда Грабар-Китарович Хорватия-Дания беттешинде.

1/8 финал

Хорватия-Дания 1:1 (Хорватиянын жеңиши пенальти аркылуу 3-2)

1/4 финал

Орусия -Хорватия 2:2 (Хорватиянын жеңиши пенальти аркылуу 4-3)

Жарым финал

Хорватия - Англия 2:1

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Футбол адистери финалдык оюнда Францияны фаворит катары көрсөтүп жатат.

Финалга чейинки жол:

Тайпалык оюндар

Франция-Австралия 2:1

Франция-Перу 1: 0

Дания -Франция 0:0

1/8 финал

Франция-Аргентина 4:3

1/4 финал

Уругвай-Франция 0:2

Жарым финал

Франция-Бельгия 1:0

20 жыл мурун Франция биринчи жолу дүйнөнүн чемпиону болгон. Париждеги финалда алар Бразилияны 3:0 эсебинде утуп алган. Ал команданын капитаны жарым коргоочу Дидье Дешам эле. Ал азыр курама команданын башкы машыктыруучусу.

Сүрөттүн автордук укугу EPA

Дешам бразилиялык Марио Загалло менен немис Франц Беккенбауэрдин ийгилигин кайталашы мүмкүн. Булар машыктыруучу катары да, курама команданын оюнчусу катары да дүйнөлүк чемпионатты утуп алышкан.

Азыр Франциянын коргонуусу жана ортоңку бөлүгү да күчтүү оюнчулардан турат. Бирок, чабуулдун мизинде Мбаппе, Гризманн жана Дембеле сыяктуу жаш, курч, өтө ылдам ойногон футболчулар экени, атаандаштарынын сесин алууда. (AbA)