"Жетимиш өнөрдүн бири": түркмөн президенти небереси менен рэп ырдап чыкты

Гурбангулы Бердымухамедов Сүрөттүн автордук укугу Screenshot

Түркмөнстан президентинин музыкага болгон сүйүүсү көптөн бери эле белгилүү. Анын клиптеринин баары вирус сыяктуу эле жайылат. Кыязы, бул жолу Гурбангулы Бердымухамедов жаңы нерсени кылгысы келсе керек. Небереси менен рэп ырдап чыкты.

"Спортту сүйгөн Түркмөнстан" ырынын музыкасын 16 жаштагы Керимгулы Бердымухамедов жазган. Ал эми сөзүн президент өзү жазган. Ырды экөө кезектешип ырдашат: Гурбангулы Бердымухамедов түркмөнчө, Керимгулы англис тилинде.

Мунун алдында интернетте Бердымухамедовдун "Каракум" ыры тараган эле. Бул эки ролик тең YouTube коомдук сайтындагы "Хроника Туркменистана" каналына коюлган. Бул канал көз карандысыз эсептелет.

2017-жылдагы "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун маалыматы боюнча, Түркмөнстан сөз эркиндигинин көрсөткүчү боюнча 180 өлкөнүн ичинен 178-орунда турат. Алардан төмөнкү орунда КЭДР менен эле Эритрея бар.

Түркмөн президенти "Шумахерге" айланганда

Май айынын этегинде түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов эл аралык унаа жарышына жолдомо алуу үчүн мелдешке катышып, биринчи болуп келген эле.

Сүрөттүн автордук укугу Turkmenistan Government
Image caption Президент Кара-Кум чөлүнө Ички иштер министри менен жолугуу үчүн келип, өзүнүн BMW үлгүсүндөгү спорт унаасы мелдешке катышууга укуктуу экенин билген деп жазган жергиликтүү ММКлар.

Бердымухамедов жарышка даярдыктар кандай өтүп жатканы боюнча баяндама укмак. Бирок калыстардын биринен жарыштын эрежелерин жана "мелдеш болчу күнү жаңы спортчу кошулса болобу" деп сураган. Оңдой берди болуп, ага уруксат беришиптир. "Президент мелдешке катышса - ал жана башка спортчулар сыймыктанат",- деп билдирген оюндун калысы.

Сүрөттүн автордук укугу Turkmenistan Government
Image caption Президентке "унаа спорттунун чебери" сертификат ыйгарылды

Мамлекеттин маалымат агенттиги: музыкант, мыкты велосипедчи жана чабандес болгон президент тез эле спорт унаасын башкарып, өз чеберчилигин көрсөттү деп кабарлаган.

Түркмөнстандын Тышкы иштер министринин орун басары болгон президент Бердымухамедовдун уулу жарышта атасынын жанында отуруп, багытты көрсөтүп турган. Президент профессионал спортчулардан 12 секунд алдыда келди.

Президентке "унаа спорттунун чебери" сертификат ыйгарылып, жеңүүчүнүн кубогу дагы берилди. Андан тышкары Бердымухамедов Hamul-Azar жарышына катышууга чакырык алган эле. (AbA)

Тектеш темалар