Грузия НАТОнун курамына кабыл алынат

Сүрөттүн автордук укугу NATO
Image caption НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг жана Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили Брюсселлдеги басма сөз жыйында

Бул жөнүндө Брюсселде альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили менен биргелешкен басма сөз жыйынында билдирди. Грузия жетекчилери буга чейин өлкө тийиштүү реформаларды жүргүзүп, НАТОго кириш үчүн коюлган талаптардын баарын аткарды деп жатышкан.

«НАТО-Грузия маселеси боюнча биринчи жыйын өткөндөн бери он жыл болду. Андан бери биздин кызматташтык тыгыз боло баштады. Биздин Грузия менен мамилебиз өзгөчө, силер ишенимдүү өнөк болуп калдыңар. Биздин өнөктөштүк НАТО менен Грузияны коргоонусун жакшыртат жана коопсуздукту бекемдейт».-деди Йенс Столтенберг.

НАТОнун башкы катчысы Грузияны альянска кабыл алуу жөнүндө маселени блоктогу бардык мүчө өлкөлөр колдойт деди.

Башкы катчынын айтымында, альянс Тбилисинин реформалар жолунда жетишкен ийгиликтерин тааныйт жана аны ошол эле духта өнүгө берүүгө чакырат.

Ошондой эле баш катчы Грузиянын Афганистандагы кырдаалды жөнгө салууга, Кара деңиз регионундагы коопсуздукту камсыз кылууга, Абхазия жана Түштүк Осетия сыяктуу эл аралык коомчулук тааныган өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгүн колдоого кошуп жаткан салымын белгиледи.

Май айында Грузиянын премьер-министр Георгий Квририкашвили анын өлкөсү НАТОго 2021-жылы кирет деп билдирген. Ага чейин президент Георгий Маргвелашвили өлкө тийиштүү реформаларды жүргүзүп, НАТОго кириш үчүн коюлган талаптардын баарын аткарды деп айткан.

НАТО менен Грузиянын жакындашып жатканы Москваны тынчсыздандырып жаткан белгилүү. Кремль бул жакындыкты Кавказ регионундагы коопсуздукка коркунуч деп атаган. (КС)

Тектеш темалар