Тарых сүрөттөрдө: королева Елизавета II жана америкалык президенттер

Улуу Британияда иш сапары менен жүргөн АКШ президенти Дональд Трамп британ королевасы Елизавета II менен жолуккан 12-америкалык лидер болуп калмакчы.

Тактыда 66 жыл олтурган королева ушул жылдар ичинде америкалык бардык президенттер менен жолуккан. Бир гана Линдон Жонсонду кошпогондо.

Королева жана президент Дуайт Эйзенхауэр. 1957-жылдагы Ак үйдөгү расмий кабыл алуу. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Королева жана президент Дуайт Эйзенхауэр. 1957-жылдагы Ак үйдөгү расмий кабыл алуу.
Букингем сарайындагы президент Жон Кеннеди (оңдо) жана анын жубайы Жаклин Кеннединин (солдон экинчи) урматына уюштурулган сый тамак. Солдо Елизавета II жолдошу принц Филипп. 1961-жыл. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Букингем сарайындагы президент Жон Кеннеди (оңдо) жана анын жубайы Жаклин Кеннединин (солдон экинчи) урматына уюштурулган сый тамак. Солдо Елизавета II жолдошу принц Филипп. 1961-жыл.

Королева жана ошол кездеги премьер-министр Эдвард Хит президент Ричард Никсон (оңдон экинчи), жубайы Пэт (оңдо) менен жолугушуу учурунда. Британ премьеринин Чекерстеги резиденциясы, 1970-жыл. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Королева жана ошол кездеги премьер-министр Эдвард Хит президент Ричард Никсон (оңдон экинчи), жубайы Пэт (оңдо) менен жолугушуу учурунда. Британ премьеринин Чекерстеги резиденциясы, 1970-жыл.
Королева президент Жеральд Форд менен бийлеп жаткан учуру. Бул АКШнын көз карандысыздыгынын 200 жылдыгын майрамдоо салтанатындагы Ак үйдө тартылган сүрөт. 1976-жыл. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Королева президент Жеральд Форд менен бийлеп жаткан учуру. Бул АКШнын көз карандысыздыгынын 200 жылдыгын майрамдоо салтанатындагы Ак үйдө тартылган сүрөт. 1976-жыл.
Королева президент Жимми Картер менен Букингем сарайында. 1977-жылдагы мамлекеттик сапар учурунда. Сүрөттүн автордук укугу PA
Image caption Королева президент Жимми Картер менен Букингем сарайында. 1977-жылдагы мамлекеттик сапар учурунда.
Королева менен президент Рональд Рейган атчан баратат. Виндзор аксарайындагы паркта, 1982-жыл. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Королева менен президент Рональд Рейган атчан баратат. Виндзор аксарайындагы паркта, 1982-жыл.
Королева жана президент Жордж Буштун улуусу. Вашингтон, 1991-жыл. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Королева жана президент Жордж Буштун улуусу. Вашингтон, 1991-жыл.
Президент Билл Клинтон жана жубайы Хиллари королеванын кабыл алуусунда. Букингем, 2000-жыл. Сүрөттүн автордук укугу PA
Image caption Президент Билл Клинтон жана жубайы Хиллари королеванын кабыл алуусунда. Букингем, 2000-жыл.
Президент Жорж Буш кичүүсү Ак үйдө королеваны кабыл алууда. 2007-жылы королева АКШга алты күндүк сапары менен барган. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Президент Жорж Буш кичүүсү Ак үйдө королеваны кабыл алууда. 2007-жылы королева АКШга алты күндүк сапары менен барган.
Букингем сарайындагы сый тамактын алдында: королева жана принц Филипп АКШ президенти Барак Обама жана анын жубайы Мишель менен. 2011-жылы Обама мамлекеттик сапары менен Британияга келген учуру. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Букингем сарайындагы сый тамактын алдында: королева жана принц Филипп АКШ президенти Барак Обама жана анын жубайы Мишель менен. 2011-жылы Обама мамлекеттик сапары менен Британияга келген учуру.

(AbA)