АКШ-Британия: өзгөчө мамилени өчүрүүгө болбойт

Британия менен АКШ акыркы жүз жылдыкта дүйнөлүк державалардын ичинен эң жакын жана ишенимдүү союздаш болуп келген. Британдыктар муну өзгөчө мамиле деп атаганды жакшы көрөт. Бирок, Ак үйдүн башына Дональд Трамп келгенден бери, көптөр мамиле салкындап кетеби деп кооптонуп баштады.

Дональд Трамп Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Мындай жагдай биртандыктарды көбүрөөк кооптондурат. Эки өлкөнүн экономикалык, саясий жана аскердик салмагын таразалаганда, алардын достук мамилеси АКШга караганда Британия үчүн көбүрөөк мааниге ээ.

Дональд Трамп Британиянын премьер-министри Тереза Мэй менен жолугушуунун алдында анын "брексит» планын сынга алды. «Брексит» планы башталса, Британия Кошмо штаттары менен соода жүргүзүү боюнча келишим түзө албай калышы мүмкүн деди Трамп.

Узак убакыт бою Улуу Британия менен АКШ дүйнөдөгү эркин соода тармагында жол баштаган өлкө катары таанылып келген. Британия азыр күндө деле жол башчы бойдон калууда. Бирок, Трамп эркин соода боюнча ар тараптуу келишимдерди жокко чыгарууда. Европалык импортко бажы төлөмүн киргизди. Бул Британия Евробримдиктин катарында турганда, ага дагы сокку болмокчу.

Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыгып жаткан менен азыркы эл аралык институттарды жана эрежелерди бекемдөөнү колдойт. Ал эми АКШ өзүнүн кубатына таянып, ал эрежелерге жана тартиптерге көз жумуп коюшу ыктымал.

Трамп и Мэй с супругами Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Британия азыркы мезгилде Путин башкарган Орусиянын эң башкы атаандашы болуп турат. Ал эми Трамп өз кезегинде Путин менен жолугууга камынып, аны менен достошо алабы же жокпу, ошого баш катырууда.

Анын үстүнө Трамптын «брекситти» колдоого алып жатканы, бул бөлүнүүгө каршы болуп жаткан британ коомунун ачуусуна тийүүдө. Ошол эле учурда "брекситке» каршы чыкпагандар деле Британияга бөтөн саясат таңууланып жатканына нааразы болууда.

Өткөн жылдын июнь айындагы Лондондогу теракттан кийин Трампты жактырбаган британдыктар саны артты окшойт. Анткени ал бул терактты жүйө кармап, Трамп өзүнүн миграцияга каршы саясатын актаган бир нече билдирүүлөрдү жазган.

Мына ушундай бир нече жагдайдан улам Трамп Британияда популярдуу эмес. YouGov социологиялык компаниясынын сурамжылоосу боюнча, британдыктар өзүнүн тескери пикирин орус президенти Владимиру Путинге 79% , ал эми Трампка 77% беришкен.

Америкалык президенттин Британияга сапарын баары эле кубанычтуу кабыл алган жок. Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Серепчилер эки өлкө ортосундагы мамилелерде буга чейин деле салкындап, кайра жакшы мамилеге өткөн мезгилдер болгонун белгилешет. Болгону соңку жылдарда өлкө лидерлеринин, айталы, Тони Блэр менен Жорж Буштун кичүүсүнүн, андан кийин Дэвид Кэмерон менен Барак Обаманын жакшы мамилеси бийик максаттарды коюп койгон.

АКШ менен Британия ортосундагы мамиле табиятынан терең. Ошондуктан Ак үй менен Даунинг-стриттин маанайы кандай болгон күндө дагы, ар кандай эле ажырымдарды артка калтырат алат деп ишенсе болот.

Бул мамилелердин өзөгү - тарых, маданият, орток тил, эң башкысы миллиондогон кишилердин байланыштарынан турат.

Дональд Трамптын өзү мунун мисалы. Анын апасы Шотландияда төрөлгөн. Ал эми «өзгөчө мамиле» деген терминдин автору саналып жүргөн Уинстон Черчиллдин апасы америкалык болгон.

Британ компанияларынын АКШдагы өкүлчүлктөрүндө миллионго чукул киши эмгектенет. АКШнын Британиядагы компанияларында 1,2 млн чукул киши иштейт. Эки өлкөнүн ортосундагы инвестиция 1,2 триллион доллардан ашуун. Мындай көлөм башка дүйнөнүн бир дагы өлкөсүндө жок.

АКШ менен Британия ортосундагы киноиндустрия жана музыкалык индустрия көптөн бери эле бир бүтүн сыяктуу иштейт. Узак жылдарга созулган байланыштардын көп себеби бар.

АКШ менен Британия ири аскердик чыр-чатактарда бири-бирине жөлөк болду. Бир гана Вьетнамды кошпогондо. АКШ эки дүйнөлүк согушта тең европалык досторуна жардамга келген. Албетте, Британия дагы АКШга жардам көрсөткөн учурлар көп. Айталы, азыр Иракта, Сирияда жана Ооганстанда жардам көрсөтүүдө.

Би-би-си баяндамачысы Юри Вендиктин макаласы айрым кыскартуулар менен берилди. (AbA)