Франциядагы уйкусуз түн: 20 жыл ичиндеги экинчи жеңиш

Франция футбол боюнча дүйнө чемпиону. Финалда француздар Хорватиянын 4:2 эсебинде утуп, экинчи ирет дүйнө кубогун көтөрдү. 1998-жылы Париждеги финалда Бразилияны 3:0 эсебинде утуп алган. Ал команданын капитаны жарым коргоочу Дидье Дешам эле. Ал азыр курама команданын башкы машыктыруучусу.

Дешам бразилиялык Марио Загалло менен немис Франц Беккенбауэрдин ийгилигин кайталап, машыктыруучу катары да, курама команданын оюнчусу катары да дүйнөлүк чемпионатты утуп алды.

Франция чоң салтанат менен жеңишти майрамдап жатат. Ал эми Хорватияда улуттук команда финалга чейин жолду басып өткөнүнө ыраазычылыктар айтылууда.

Чемпиондор жеңишти майрамдоодо. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Чемпиондор жеңишти майрамдоодо.
Бенжамен Менди кубокту өөп жаткан учур. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Бенжамен Менди кубокту өөп жаткан учур.

Беттеш бүтөөрү менен француз күйөрмандары Париждин көчөлөрүнө батпай, катуу майрамдап баштады.

Париждеги француз күйөрмандары. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Париждеги француз күйөрмандары.
Париж Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Элдин ушунчалык көптүгүнөн негизги аянтта бут коерго жер жок.
Францияда элдин бүгүн көчөдө түндү өткөрө тургандай. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Францияда элдин көбү бүгүн көчөдө түндү өткөрө тургандай.
Загреб Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Загребдин борборунда футбол жөнүндө гана ойлонушту.
Загребдеги хорват күйөрмандары. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Загребдеги хорват күйөрмандары.
Лука Модрич жана команда оюнчулары күйөрмандарга ыраазычылык билдирүүдө. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Лука Модрич жана команда оюнчулары күйөрмандарга ыраазычылык билдирүүдө.

Хорват күйөрмандары өз командасын катуу колдоп турду.

Хорватия биринчи жолу финалга чейин жетти. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Хорватия биринчи жолу финалга чейин жетти.
"Лужникидеги" күйөрмандардын көбү эми Катардагы дүйнө чемпионаты жөнүндө ойлонуп баштады. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption "Лужникидеги" күйөрмандардын көбү эми Катардагы дүйнө чемпионаты жөнүндө ойлонуп баштады.

(AbA)