Путин менен Трамп Хельсинкиде кездешти

Трамп и Путин Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Хельсинки шаарында АКШ президенти Трамп менен Россия президенти Путин АКШ менен Россиянын сегиз жылдан бери биринчи болуп жаткан саммитинде жолугушту.

Бул саммиттин күн тартиби алдын ала жарыяланган эмес. Ошондуктан эки лидер бетме-бет сүйлөшө турган маселелер жөнүндө божомол да, жоромол да көп болуп жаткан.

Бул саммитте талкуулана турган маселелерди журналисттер алдындагы биринчи учурашууда президенттер өздөрү ачыктап кетти. Владимир Путин АКШ менен Россиянын эки тараптуу мамилесин жана дүйнөдөгү эң көйгөйлүү маселелерди кенен-чонон сүйлөшүп алганга убакыт келгенин билдирди.

АКШ президенти Трамп өз кезегинде фут бол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ийгиликтүү аякташы менен Путинди куттуктап, ошону менен катар аскердик саясат, Кытай, өзөктүк курал сыяктуу маселелер эки тараптуу сүйлөшүүнүн негизги темалары экенин айта кетти.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Жекшембиде Хельсинкиде Путин менен Трамптын саясатына каршы массалык жүрүштөр болду.

Эки лидер котормочулардын гана жардамы менен өздөрү гана бетме-бет сүйлөшүүдө. Ошондуктан алардын эмне жөнүндө сүйлөшкөнүнүн баары башкаларга так белгилүү болбойт. Алардын өздөрүнчо гана жолугуп жабык сүйлөшүп жатканы, албетте, Вашингтондун өзүндө жана башка саясий борборлордо дагы ар кандай реакцияны жаратышы ыктымал.

Жолугушууда Украинанын чыгышындагы кырдаал, Россия өзүнө кошуп алган Крымдын айланасындагы кырдаал жөнүндө соз болот деп күтүп жаткандар бар. Анткени Россиялык компанияларга жана адамдарга салынган санкциялардын себеби дал ушул Крым, Украинадагы окуялар эмеспи. Ошондой эле алар, албетте, Сириядагы кырдаалга токтолбой коюшпай турганы түшүнүктүү.

Бул жолугушуунун алдында 13-июлда АКШда россиялык 12 аскер чалгынчысына күнөө коюлганы белгилүү. Бул жакта дагы эле АКШдагы президенттик шайлоодо Трамптын пайдасына Россия кийлигишкен деген нааразы сөз басыла элек. Россиянын ишин атайын прокурор Мюллер иликтөөгө алып жатат. Лидерлер бул темадан да четтеп кете алышпай турганы да түшүнүктүү дешет.

Трамптын Хельсинкиде Россия президенти менен учурашуусуна каршылык үндөр соңку күндөрү Вашингтондо катуу угула баштады. Трамп өз кезегинде бул каршылыкты президенттик шайлоодо жеңилип калган демократтардын кутум аракети деп атап келатат. (КС)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар