“Төрт саат мурда баары өзгөрдү”. Трамп менен Путиндин жолугушуусу

Хельсинки Сүрөттүн автордук укугу YURI KADOBNOV/Getty Images
Image caption Путин топту Трамп тарапка тоголотту

Дональд Трамп менен Владимир Путиндин Хельсинкидеги жолугушуусунда орчундуу чечимдер болгон жок жана Россия АКШдагы шайлоого кийлигишти деген айыптоолор күчөп жаткан учурда өттү. Бирок эки лидер тең бул жолугушуудан канааттанып чыгышканын билдирүүдө.

Эки президенттин толук кандуу жолугушуусу Трамп президент болуп шайлангандан бир жарым жыл жана Путин кайра шайлангандан бир нече ай өткөндөн кийин болуп отурат.

Жалпысынан ар кандай форматтагы жолугушууларда өткөн төрт сааттан кийин лидерлер журналисттерге чыгып, эки ортодогу мамилени жакшыртуу жолундагы жасалган кадамдар жөнүндө билдирүү жасашты.

«Биздин мамиле абдан начар эле, бирок төрт саат мурда бул өзгөрдү»,-деп билдирди Трамп.

Ал өзүнүн билдирүүсү АКШда терс кабыл алынышы мүмкүндүгүн билет, ошондуктан тынчтыктын урматына саясий тобокелдикке барууга даярдыгын, бирок ички саясаттын айынан тынчтыкты тобокелге салганга барбай турганын баса белгиледи.

Президенттердин айтымында, алар бардык курч темаларды, анын ичинде КЭДРдин өзөктүк программасынан тартып Россиянын америкалык шайлоого кийлигишкени жөнүндөгү жоромолдорго чейин, өзөктүк коопсуздуктан атайын кызматтардын кызматташтыгын калыбына келтирүүгө чейинки көп маселелерди талкуулашты. Бирок конкреттүү жагын айтышкан жок, ал жөнүндө кийинчерек маалымат берилмей болду.

Сүрөттүн автордук укугу JONATHAN NACKSTRAND/AFP/Getty Images
Image caption Хельсинкиде Трамп менен Путин экөөнүн тең саясатына каршы жүрүштөр болду.

АКШда айып коюлган Россиянын чалгын кызматынын 12 кызматкери жөнүндө суроо берилгенде атайын прокурор Мюллер алардын экөөсүнүн тең касынан бетер президенттер шайырлана түштү.

"Мен [Трамптын] жеңип чыгышын каалагам, - деди Путин. -Анткени ал мамилелерди оңдогусу келет". Трамп өз кезегинде Россиянын шайлоого кийлигишкенине далилдерди көрбөй жатканын белгилеп, бул айыптоону «маскарачылык» деп атады.

Путин атайын прокурор Мюллерге Башкы чалгын кызматынын кызматкерлерин бергенге макул экенин, бирок ал үчүн Россияга Hermitage Capital фондунун башчысы Уильям Браудер берилүүгө тийиш экенин белгиледи.

Президенттер элге жеткиргиси келген эң башкы ойду Путин айтты: «Кансыз согуш, тирешүү доору артта калды. Азыр башка коркунучтар турат: терроризм, эл аралык кылмыштуулук, дүйнөлүк экономикадагы проблемалар".

"Трамптын максаты - чыңалууну азайтуу болчу, - деди Би-Би-Сиге АКШнын мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Ванесса Эккер. - Биздин эки тараптуу мамиледе көп проблема бар, бир эле шайлоого кийлигишүү эмес, ошондой эле Сириядагы кырдаал, Украинадагы конфликт. Ошондуктан жолугушуудан кийин экөөнүн мамилеси жылуу болуп жатканынын өзү жакшы".

Сүрөттүн автордук укугу Valery Sharifulin\TASS via Getty Images
Image caption Басма сөз жыйынын аягында президенттер куунак маанайда көрүнүштү.

Анткен менен бул жолугушуу башкаларга даярдыгы жок болгон иштей көрүнүп турат.

"Менин оюмча, бул жолугушуу анчалык жакшы даярдалган эмес. Кыска убакытта жарыяланып калды. Эмне сөз болгонун биз так билбейбиз, биле албайт да болушубуз керек... ", - дейт Финляндиянын Россиядагы мурдагы элчиси Ханну Химанен.

Топ кармап сүрөткө түшкөндөн кийин лидерлер үйлөрүнө жөнөп кетти. Андан бир нече саат өткөндөн кийин АКШда тыңчылыкка шектелген орус жараны кармалганы белгилүү болду.

Тема боюнча башка макалалар