Таиланддык балдар үңкүрдөн кантип жан сакташканын айтып берди

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Видео: Таиланддык балдар журналисттер алдына чыгышты

Бүтүндөй дүйнөнү түйшөлткөн Таиланддагы окуянын соңу жакшы бүткөнү көптөрдү жеңил дем алдырды. Эми куткарылган өспүрүмдөр үйүнө барышат. Алар ооруканадан чыгып, басма сөз жыйынына келишти. Жыйынга өздөрүнүн футбол формасы менен келишип, куткаруучулары менен бирге олтурушту.

Чианграй шаарынын губернатору билдирүү жасап, бул балдардын журналисттер алдына чыккан жалгыз учуру экенин, мындан кийин пресса менен алар байланышпай турганын эскертти.

Психиатрлар балдар өзүнүн жакындары менен жакшы сүйлөшүп гана мурдагы жашоосуна кайтып келет деп айтууда. Психологиялык оор соккунун кесепети бир нече айдан кийин деле байкалышы мүмкүн дейт дарыгерлер. Төрт баланын жарандыгы болгон эмес экен. Өкмөт бул балдардын бардык документтери даярдалат деп убада кылды.

Таиланддык 12 өспүрүм футбол машыктыруучусу Экапол Чантавонг (Аке) менен бирге 23-июнда Тхам Луанг үңкүр комплексине барып, ошондон кийин дайыны табылбай калган. Тогуз күндөн кийин гана алардын турган жерин британдык суучулдар таап алышты.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Жыйынга өздөрүнүн футбол формасы менен келишип, куткаруучулары менен бирге олтурушту.

Балдар кантип жан сакташканын үстүртөн айтып беришти. Алар кезек-кезеги менен үңкүрдүн дубалдарын казып башташкан. Кээси үч-төрт метрге чейин казышкан.

Өспүрүмдөр суучулдар аларды таап алган учурду "укмуштуудай көз ирмем" деп сүрөттөштү. Бирөөсү англис тилинде "салам" деп кайрылган британдык суучулга.

Машыктыруучу Акенин айтымында, куткаруу иштери башталганда куткаруучулар: "кимди биринчи алып чыгабыз" деп кайрылган. Бирок, өспүрүмдөрдүн бирөөсү дагы алдыга суурулуп чыккан эмес. Өспүрүмдөрдүн баары бирдей чыдамдуу, кайраттуулугун көрсөткөн деди дарыгерлер.

Айрымдары үңкүрдө камалып олтурганда ата-энесинин жазасынан коркушканын айтып беришти. Анткени айрымдары үңкүргө бара турганын чоңдорго эскертишкен эмес. Кээси сабагын даярдабаганына бушайман болгон. Үңкүрдө жаткан он күндүн ичинде ата-энеси жана таттуу тамак тууралуу көп ойлонушканын айтып беришти.

Басма сөз жыйынындагы суроолор балдарга оор тийбегендей болуш үчүн балдар психиатры менен акылдашылган.

Сүрөттүн автордук укугу AFP/Royal Thai Navy

Куткаруу иштеринин жүрүшүндө балдардын айрымдары сууда сүзө албай турганы айтылган эле. Бирок, басма сөз жыйында алардын баары сууда сүзгөндү биле турганы белгилүү болду. Акенин айтымында, сууда сүзүү футбол машыгууларынын бир бөлүгү саналат.

Балдардын дайынсыз кетиши

11-16 жаштагы өспүрүмдөр жана алардын 25 жаштагы футбол машыктыруучусу Тхам Луанг үңкүр комплексине экскурсияга чыгышкан. Нөшөрлүү жаандан кийин үңкүр сууга толуп баштаганда, алар аргасыз өйдө көтөрүлүп олтуруп, үңкүрдүн оозунан төрт чакырым алыс кетип калышат. Аларды издөө иштери 9 күнгө чейин уланды.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
12 өспүрүм жана машыктыруучу тартылган жаңы видео жарыяланды

2-июлда өспүрүмдөр турган жерди британдык суучулдар Жон Волантен менен Рик Стэнтон таап алган. Куткаруу операциясынын жүрүшүндө суучулдардын бири Саман Гунан каза тапты.

Куткаруу учурунда эң алсыз жана кубатын жоготкон 25 жаштагы машыктыруучу болгон. Ал тамак-аш жебей балдарга берип турган. Машыктыруучу Аке үңкүрдү эн акыркы болуп таштап чыкты.

Тхам Луанг үңкүр комплекси Таиланддын түндүгүндөгү Чианграй шаарына жакын жерде. Жыл сайын жамгырдын сезону башталган учурда үңкүр сууга толот. Мындай абал октябрга чейин уланат. (AbA)

Тектеш темалар