Израиль талаштуу мыйзамды кабыл алды
Израиль парламенти талаштуу мыйзамды кабыл алды. Мындан ары Израиль жөөттөрдүн өлкөсү болот. Мыйзамда буга чейин расмий тилдердин бири саналган араб тилинин макамы төмөндөтүлгөн. Ошондой эле Иерусалим - Израилдин бирдиктүү жана ажырагыс борбору деп көрсөтүлгөн.

Сүрөттүн булагы, AFP
Биньямин Нетаньяху мыйзамдын кабыл алынышын "бурулуш учур" деп атады.
Кнессеттеги араб депутаттары бул мыйзамды сынга алды. Бирок, өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху мыйзамдын кабыл алынышын "бурулуш учур" деп атады.
Өкмөт колдоого алган мыйзамга ылайык, Израиль жөөт элинин тарыхый мекени деп таанылат. Кнессеттеги талкуу кызуу болуп, сегиз саатка чейин уланды. Мыйзам долбооруна депутаттардын 62си макул болуп, 55 депутат каршы добуш берген. Мыйзам долбоорундагы айрым беренелер талкуудан кийин алып салынды.
Израилдеги калктын 20 пайызга жакынын арабдар түзөт. Алар башка улуттар сыяктуу эле Израиль мыйзамдарында көрсөтүлгөн бардык укуктарга ээ. Бирок, алар дискриминацияга кабылышарын, социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагында мамлекет бөлгөн акчалар аз экенин даттанып келишет. Алардын айтымында, арабдар Израилде өздөрүн экинчи сорттогу жаран катары көрүшөт.
Кнессеттеги араб депутаты Ахмед Тиби мыйзамдын кабыл алынышы өлкөдөгү демократиянын бүткөнү болду деп айтты.
Өткөн аптада Биньямин Нетаньяху мыйзамды колдоп чыккан.