60 жыл ичинде биринчи жолу безгекке каршы жаңы каражат табылды

АКШ безгекке каршы Tafenoquine деп аталган жаңы каражатты чыгарды. Бул соңку 60 жыл ичиндеги тесттин бардык деңгээлинен өткөн каражат болуп калды.

Сүрөттүн автордук укугу Science Photo Library

Медкаражаттар жана азык-түлүктүн сапаты боюнча көзөмөл жүргүзгөн башкармалык (Food and Drug Administration) акыркылардан болуп жаңы дарыга жашыл жарык жакты.

Бул дары "үч күндүк безгек" деп аталган илдетти дарылоого эсептелген. Жыл сайын мындай илдет менен дүйнөдө 8,5 миллион киши ооруйт.

Үч күндүк безгек - Африканын түштүгүндө кеңири тараган илдет. Көп учурда бул өлкөлөрдө 12 жашка чейинки балдар ооруга кабылышат. Оору чиркей чаккандан кийин жугуп, кесепети оор болот. Безгектен көз жумгандар көрсөткүчү Африка өлкөлөрүндө өтө жогору.

Оорунун бул түрү менен күрөшүү абдан оор. Анын козгогучу (plasmodium vivax) кишинин боорунда жыл бою сакталып, белгилүү бир учурларда козгоп турат.

Tafenoquine каражаты боордогу (организмдеги) митени (паразит) жок кылат. Окумуштуулар жаңы каражатты безгек менен күрөшүүдөгү феноменалдуу жетишкендик деп баалады.

Эми аталган каражатты бүтүндөй дүйнөгө колдонууга сунуштоо жагы чечилет. Безгектин козгогучун боордон тазалоо үчүн буга чейин дүйнөдө Primaquine каражаты колдонулуп келген. Бирок, муну 14 күн бою колдонуу керек. Ал эми жаңы каражаттан бир эле доза жетиштүү деп айтып жатышат. (AbA)