Грецияда токойлорундагы өрт: кишилер деңиз аркылуу жанын сактоого умтулууда

Грециянын түштүк-чыгышындагы өрттөн ондогон кишилер мерт болду.

Каза тапкандардын көбү Афинадан 40 чакырым алыстыктагы Мати кыштагынан. Кыштакка барчу жол өрттөн улам кесилип калган. Кырсыктан качып чыгам дегендердин көбү авто унаасында эле күйүп кеткен. Бул кыштак туристтер арасында дагы абдан популярдуу.

Грецияда токойлордогу өрт күчөп жатат. Өлкө эл аралык коомчулуктан жардам сурады. Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Грецияда токойлордогу өрт күчөп жатат. Өлкө эл аралык коомчулуктан жардам сурады.
Түтүн Кинеттедеги эс алуу жээктерине чейин жетти. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Түтүн Кинеттедеги эс алуу жээктерине чейин жетти.
Өрт өчүрүү кызматынын тик учагы Аттиканын чыгыш жээгиндеги Рафина шаарынын үстүнөн учууда. Бул жерде жыл сайын токойдон өрт чыгат. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Өрт өчүрүү кызматынын тик учагы Аттиканын чыгыш жээгиндеги Рафина шаарынын үстүнөн учууда. Бул жерде жыл сайын токойдон өрт чыгат.
Грециянын премьер-министри Аттикага өзгөчө кырдаал абалын жарыялады. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Грециянын премьер-министри Аттикага өзгөчө кырдаал абалын жарыялады.
Өкмөт башка өлкөлөрдөн өрт өчүрүүчү тик учактарды сурады. Италия, Польша жана Франция өзүнүн өрт өчүрүүчү авиациясын жана куткаруучуларын жөнөткөн. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Өкмөт башка өлкөлөрдөн өрт өчүрүүчү тик учактарды сурады. Италия, Польша жана Франция өзүнүн өрт өчүрүүчү авиациясын жана куткаруучуларын жөнөткөн.
Матиде деңиз жээгинен 15 метрдей жерден 26 кишинин сөөгү табылды. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Матиде деңиз жээгинен 15 метрдей жерден 26 кишинин сөөгү табылды.
Куткаруучулар жергиликтүү тургундарды жана туристтерди кайык жана тик учактын жардамы менен коопсуз жайга чыгарып кетүүдө. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Куткаруучулар жергиликтүү тургундарды жана туристтерди кайык жана тик учактын жардамы менен коопсуз жайга чыгарып кетүүдө.
Көптөр өрттөн качып, сууну пааналашты. Сүрөттүн автордук укугу Kalogerikos Nikos
Image caption Көптөр өрттөн качып, сууну пааналашты.
Сууга үй жаныбарлары да качып барышкан. Сүрөттүн автордук укугу Kalogerikos Nikos
Image caption Сууга үй жаныбарлары да качып барышкан.
Синоптиктер аба ырайы дагы ысышы мүмкүн деп кабарлады. Сүрөттүн автордук укугу Kalogerikos Nikos
Image caption Синоптиктер аба ырайы дагы ысышы мүмкүн деп кабарлады.
Кызыл чырым уюмунун өкүлү Би-би-сиге билдиргендей, кырсыктан тургундар көп жоготууга учурады. Сүрөттүн автордук укугу Kalogerikos Nikos
Image caption Кызыл чырым уюмунун өкүлү Би-би-сиге билдиргендей, кырсыктан тургундар көп жоготууга учурады.
Айрым үйлөр күлгө айланды. Сүрөттүн автордук укугу Kalogerikos Nikos

Сүрөттөр авторлорго таандык. (AbA)

Тектеш темалар