Чытырман токойдо жашаган киши видеого түшүп калган

Амазондун чытырман токойундагы түпкүлүктүү жашаган уруунун тирүү калган өкүлү видеого түшүп калган. Бул уникалдуу тасма дүйнөгө тарады.

Сүрөттүн автордук укугу FUNAI
Image caption Дүйнөгө тараган тасманы минут сайын кишилер бөлүшүп жатат

Аны "планетанын эң жалгыз кишиси" деп атап жатышат. 50 жаштагы бул киши чытырман токойдо 22 жылдан бери жалгыз жашайт. Анын уруусунун баары жергиликтүү кылмыш топторунун колунан мерт болгон.

Сапаты начар тартылган кадрда чымыр денелүү кишинин даракты кыйып жатканы тартылган. Бул тасма Бразилиянын түпкүлүктүү калкынын маселеси боюнча агенттигинин (FUNAI) сайтына коюлуп, кийин бүт дүйнөгө тарап кетти.

FUNAI бул кишинин жашоосуна 1996-жылдан бери байкоо салып келет. Ал тирүү турганда, өлкөнүн түндүк-батышындагы Рондония штаттынын аймагында экономикалык ишмердүүлүк жүргүзүүгө бөгөт коюлган. Ошондой эле ал тарапка башка кишилердин баруусуна дагы тыюу салынган. Бразилиянын конституциясына ылайык, түпкүлүктүү калкка уруулардын аймагына ээлик кылууга укук берилген.

Сүрөттүн автордук укугу Survival
Image caption Чөптөн жасалган алачык, 2005-жылы тартылган сүрөт.

"Бразилиялык агенттик бул кишинин бар экенин ар дайым далилдеп келүүдө. Видеону жарыялоонун саясый дагы себеби бар. Анткени өлкөнүн конгрессинде агробизнестин таасири чоң жана агенттикке бөлүнгөн каражатты бир нече ирет кыскартып салышкан",-дейт бүткүл дүйнө боюнча түпкүлүктүү калктын укугун коргоо жаатында иш алып барган Survival International уюмунун өкүлү Фиона Уотсон.

Бразилиялык фермерлер мурун бул аймакта түпкүлүктүү калктын өкүлү жашайт деген FUNAI ырастоосун четке кагып келишкен.

Чытырман токойдо жалгыз жашаган кишинин жашоосун антропологдор изилдешкен. Ал эми америкалык журналист Монте Рил бул тууралуу китеп дагы жазганы бар.

Сүрөттүн автордук укугу FUNAI/Survival
Image caption Бразилия менен Перунун чек арасындагы чытырман токойдогу уруулардын жашаганы 2011-жылы биринчи жолу кадрга түшкөн.

Бразилия менен Перунун чек арасындагы чытырман токойдогу уруулардын жашаганы 2011-жылы биринчи жолу кадрга түшкөн. Ырас, буга чейин бир гана сүрөт бар эле.

Активисттер токойдо жалгыз жашаган кишинин аман-эсен экенине кубанып жатышат.

"Баары жайында экен. Ал киши аң уулайт, жүгөрү эгип, аны кайра жыйнап алат",-деп айтты FUNAI аймактык координатору Алтаир Альгайер.

Агенттик сырт дуйнөдөн алыс калган мындай кишилер менен байланыш түзүүгө аракет кылып көргөн. Бирок, бул киши эч кандай байланышка баргысы келбейт. Мурда ал кишилерди көздөй жаа менен атып жиберген бир учур болгон.

"Ал көп азап чеккен. Ошондуктан баарын кооптуу деп эсептейт",-дейт мурда бул кишинин жашаган жерин сүрөткө тарткан Фиона Уотсон.

Анын уруусу өткөн кылымдын 70-80-жылдары толук жок кылынган деп айтылат. Мунун арты менен бул жерге жер иштеткен дыйкандар келип отурукташып, жердин куну өстү.

Учурда фермерлер жана мыйзамсыз токойду кыйгандар айыл чарбасына колдонууга болбойт делген жерлерге да ээлик кылууга умтулууда.

2009-жылы FUNAI агенттигинин кызматкерлери убактылуу тиккен лагерге куралдуу кол салуу болгон экен.

Бразилиянын Амазон бөлүгүндөгү тропикалык чытырман токойдо сырт дүйнө менен байланыштан качкан уруулар жашайт. Бул биздин планетабыздагы уникалдуу жер дейт Survival International уюмунун активисттери. (AbA)

Тектеш темалар