Марстан көл табылды, анда суюк түрүндө суу бар

Окумуштуулар биринчи жолу Марста суюк түрүндө суу бар экени табылды деп жарыялады.

Узуну 20 чакырымдай созулган көл - планетанын түштүк полюсунда жайгашып, үстүн калың муз чүмкөп турат. Ачылыш планеталар аралык "Марс-экспресс" станциясындагы Marsis радарынын жардамы менен ишке ашкан.

Сүрөттүн булагы, Science Photo Library

Буга чейин изилдөөчүлөр, Марста кээде ээриген мөңгүлөрдөн аз убакытка суу агып турат деп болжошкон. Бирок, абанын басымы өтө төмөн экенин эске алганда, суу тез эле бууланып кеткен деп эсептешкен. Эми биринчи жолу Кызыл планетада ар дайым турган суу резервуары бар деп таянууга негиз жаралды.

НАСАнын Марста жүргөн "Кьюриосити" техникасы буга чейин планетанын үстүңкү бетинен соолуган көлдөрдү тапкан. Муну менен мурда Марста суу болгонун тастыкташкан эле. Андан бери планетада абанын температурасы сезилерлик төмөндөп, суунун көп бөлүгү музга айланган.

"Балким бул абдан чоң көл",-дейт изилдөөнүн жетекчиси, Астрофизика боюнча Италия улуттук институтунун профессору Роберто Оросеи.

Сүрөттүн булагы, NASA/JPL/Malin Space Science Systems

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Көлдү калың муз чүмкөп турат.

Радар суу үстүндөгү муздун калыңдыгын так көрсөтө алган эмес. Окумуштуулар болжолу бир метрден кем эмес деп жатышат.

Радар Marsis электромагнит толкундарынын жардамы менен планетанын үстүңкү катмарын изилдөөдө. Ушундай изилдөөлөр учурунда окумуштуулар көлдү таап алышты.

Марста жашоо болот дегенге жооп боло алабы?

Бул суроого так жооп берүүгө мүмкүн эмес. Азырынча жок.

"Биз көптөн бери эле Марстын үстү жашоого ылайыктуу эмес деп билебиз. Биз кандай билсек, ошондой көрүнүштөн улам. Ошондуктан биз топурактын үстүңкү катмарын изилдөөгө кириштик,-дейт профессор Маниш Патель. - Ал жерден зыяндуу нурдануудан жетиштүү коргоону тапса болот. Басым жана температура дагы ылайыктуу деңгээлге чейин көтөрүлөт. Бирок, эң башкысы - мына ушундай шартта дагы жашоонун негизин түзгөн суюктук түрүндө суу бар экени".

Сүрөттүн булагы, ESA/INAF

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

"Марс-экспресс" Кызыл планетанын үстүн изилдеп жатат.

Жерден башка жерде жашоо бар-жогун изилдеп жүргөн астробиологиянын, илимдин негизги принциптери - "Суу издейм" дегенге негизделген.

Окумуштуулар бул ачылыш жашоо бар дегенди көрсөтпөйт, бирок аны кайдан издөөгө багыт берет деп ишенүүдө.

Ушундай суукта суунун суюк бойдон калышы, анда көп туз бар болушу мүмкүндүгүн көрсөтөт деп болжоого болот. Окумуштуулардын эсебинде, муз катмары температура -10 дон -30 градуска чейинки тереңдикте ээрип баштайт.

Сүрөттүн булагы, USGS Astrogeology Science Center, Arizona State Un

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Көк түс менен берилип турган аймак - ошол көл жайгашкан жер.

"Бул суу өтө туздуу болушу толук мүмкүн. Жумшак айтканда, жашоо үчүн бул өтө эле идеалдуу шарт эмес",-деп түшүндүрөт Сент-Эндрю университетинин астробиологу.

"Ал жакка чейин жетип баруу жана чын эле көл экенин көрүп келүү, оңой жумуш эмес. Бул үчүн уча турган робот керек болот. Ал 1,5 метрди музду казышы зарыл. Учурда мындай технология жок",-деди профессор Оросеи. (AbA)

Сүрөттүн булагы, Science Photo Library

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Астробиологдор экстремалдуу табигый шарттарды, анын ичинде Жердеги туздуу көлдөрдү изилдөөдө.