Пакистандагы шайлоодо мурунку спортчу Имран Хан алдыда

Имран Хандын тарапташтары жеңишин майрамдап жатат.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Имран Хандын тарапташтары жеңишин майрамдап жатат.

Пакистанда 342 орундуу парламентке шайлоонун алгачкы тыянактарында крикет боюнча белгилүү сопортчу 65 жаштагы Имран Хандын "Пакистан Техриик-и-Инсаф" партиясы алдыга чыкты деп айтылууда.

Расмий тыянактар чыгарыла элек. Бирок, Имран Хандын тарапташтары майрамдап баштады. Бейрасмий жыйынтыктарга караганда, азырынча эч бир партия чоң айырма менен суурулуп чыга албайт. Ошондуктан өкмөттү куроо үчүн сөзсүз коалиция түзүү керек болот.

200 миллион калкы бар, өзөктүк куралга ээ, Индия менен каршылашып турган бул өлкөдөгү шайлоонун тыянагы бүтүндөй чөлкөм жана дүйнө жүзүнө маанилүү.

Бул өлкө Ооганстандагы согушта АКШ менен НАТОнун стратегиялык союздашы бойдон калды. Ошол эле учурда талибдердин базасы жайгашкан. Пакистан аркылуу орус газына атаандаштык түзө алган түркмөн газынын альтернативдүү маршруту өтөт.

Сүрөттүн булагы, AFP

Өлкөнүн лидерлиги үчүн бир топ жыл абакта олтурган экс-премьер, террористтердин колунан каза тапкан Беназир Бхуттонун уулу жана өтө популярдуу спорт жылдызы атаандашты. Спорттун крикет түрү британиялык мурунку колонияларда гана белгилүү экенин айта кетели.

Пакистан көз карандысыздыкка ээ болгон 1947-жылдан бери, бийлик бирде аскерлерге, бирде граждандык лидерге өтүп келген.

Өткөн кылымдын 70-жылдары өлкө эки аскер төңкөрүшүн башынан кечирди. Генералдар Зия-уль-Хак жана Первез Мушарраф, ошондой эле Бхутто үй бүлөсүнүн башкаруусу учурунда.

Бул шайлоодо биринчи жолу бийлик толук мөөнөттө бийлик жүргүзгөн лидерден экинчисине өтөт.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Наваз Шарифтин бир тууганы Шабаз премьер-министр кызматына ат салышкандардын бири.

Муну тарыхый окуя катары айтууга болот. Анткени көз карандысыздык алгандан бери бир эле жолу ушундай учур болгон.

Бирок, бул шайлоо өнөктүгүн демократиянын жеңиши деп атоо кыйын. Анын башкы темасы - башкаруучу партия менен пакистандык күч органдарынын ортосундагы конфликт.

Добуш берүү күнү жардыруу болуп, 100 жакын кишинин каны төгүлдү.

Бийликте турган "Пакистан мусулман лигасы" партиясы акыркы күч менен пакистандык атайын кызматтын катаал кысымына туруштук берүүдө.

Кырдаал чынында эле кызыктай: башкаруучу партиянын 17 миңдей мүчөсүнө шайлоо мыйзамдарын бузган деп, кылмыш иши козголушу мүмкүн болуп турат.

Пакистандык ММКлар дагы катаал цензура алдында, журналисттер жана редакторлор өз өмүрүнөн кооптонот.

Шайлоо алдында эки лидер алдыга чыгып жаткан. 68 жаштагы Наваз Шариф буга чейин үч жолу премьер-министр болгон.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Имран Хандын пикиринде, Пакистандын негизги көйгөйү - чабал башкаруусу.

Ал эми 65 жаштагы Имран Хан крикеттин мурунку оюнчусу, саясатта бир топтон бери жүрөт, бирок чоң кызматка бара элек.

"Пакистан мусулман лигасы" партиясынын негиздөөчүсү Наваз Шариф "Панама досьеси" деп аталган материалдар жарыкка чыккандан кийин, коррупция боюнча айыпталып, кызматынан кеткен эле. Ал он жылга абакка кесилеген. Лондондогу кымбат баалуу мүлктөрүн кайдан алганы боюнча түшүндүрүп бере алган эмес. Ал сот чечими чыкканда Лондондо эле. Ага карабай кызы менен бирге кайтып келип, азыр экөө тең абакта олтурат.

Шариф баарына аскер жетекчилерин күнөөлөгөн жана саясатка кайтып келем деген үмүтүнөн ажырай элек. Анын агасы Шехбаз Шариф бул шайлоодо партияны баштап чыкты. Азыр анын партиясынын Улуттук ассамблеяда 182 оруну бар.

Имран Хан 90-жылдары дүйнөдөгү жана өлкөдөгү эң таанымал спортчу эле. Кийин саясатка келди, бирок 20 жыл ичинде чоң деле жетишкендиктери жок. Айрым талдоочулар "Пакистан Техриик-и-Инсаф" партиясынын лидеринин артында пакистандык аскер жетекчилери турат деп эсептейт.

Хандын Акыйкат кыймылын бир топ шек жараткан топтор дагы колдоого алган. Өзү болсо, прагматикалык позицияны карманууда.

Дагы бир шайлоодогу негизги фигура - Билавал Бхутто Зардари. 29 жаштагы саясатчы Бхутто династиясынан. Булар Пакистанды узак жылдар башкарышкан. Билавалдын апасы Беназир Бхуттону өлтүрүп кетишкен.

Пакистан элдик партиясынын жаш лидери биринчи жолу шайлоого катышып жатат. Анын максаты - апасы баштаган ишти улантуу экенин айткан. (AbA)