Түркия аскер учактары үчүн АКШны сот менен опузалады

F-35 Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган АКШ бийлиги мурда түзүлгөн келишим боюнча түрк армиясына F-35 аскер учактарын жеткирип бербесе, эл аралык сотко кайрылууга даяр экенин айтты.

"Алар эми F-35 аскер учагын бербейбиз деп, бизди коркутканга өттү. Эгер мындай болсо, эл аралык арбитраждык сот деген бар. Биз ошолорго кайрылабыз. Зарылчылык болсо, анда альтернатива [америкалык аскер учактарына] дагы бар", - деди түрк президенти.

Эрдогандын билдирүүсүндө эмне мандем бар?

2017-жылы сентябрда Түркия менен Орусия С-400 зениттик-ракеталык комплексин сатуу боюнча келишимге кол койгон. Бул курал абадан коргонуу эле эмес, ракетага каршы коргонуу милдетин дагы аткарат.

Орусиянын мындай куралы биринчи жолу түрк армиясынын кампасына кийинки жылы барып түшөт. Ошону менен Түркия НАТОдогу мындай куралга ээ жалгыз өлкө болуп калмакчы. Дүйнөдө мындай курал Орусиянын өзүнөн сырткары Белоруссияда, Кытайда бар.

Орусия менен Түркия ортосундагы мындай келишим АКШда нааразылыктарды жаратты. Тагырагы, америкалыктар мындай курал НАТО үчүн жарабайт деп түшүндүрдү. Түркия ракетага каршы коргонуу боюнча биридиктүү системанын бөлүгү боло албай калат дешти.

Андан сырткары америкалык сенаторлор Орусияга санкциялар салынганын Түркиянын эсине салган. Ушул жылдын жаз айларынан тарта конгрессте маселе көтөрүлүп, эгер Түркия орусиялык куралдан баш тартпаса, жаңы үлгүдөгү F-35 учагын бербөө сунушу болгон.

Июнь айында АКШ президенти Дональд Трамп аскер учактары жеткирилет деп убада кылган.

Бирок, кийин конгресс коргонуу боюнча бюджетке түзөтүү киргизип, орусиялык зениттик комплекс сатып алып жаткан өлкөгө америкалык жаңы үлгүдөгү аскер учактарын берүү жагын кайра карап чыгууну тапшырды.

Бул маселе кайра каралып, дүйнөдөгү АКШнын курал-жарагын сатып алган үчүнчү өлкө болгон Түркияга аскер учактарын берүү маселесин убактылуу токтотуп туруу сунушталды.

Түркия эмне үчүн С-400дү тандады?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Түркия менен Орусия С-400 зениттик-ракеталык комплексин сатуу боюнча келишимге кол койгон.

Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу билдиргендей, америкалык жана европалык өндүрүшчүлөр баш тарткандан кийин гана түрк тарап орус куралын алууга аргасыз болгон.

2013-жылы америкалыктар Түркияга өзүнүн Patriot зениттик комплексин берген. Бирок, 2015-жылы аны кайра өлкөдөн алып чыгып кете баштады. Муну Сирияда аскердик потенциал төмөндөгөнү менен түшүндүргөн.

Жыйынтыгында Түркия заманбап үлгүдөгү абадан коргонуу системасы жок калды.

Түркияга F-35 эмне үчүн керек?

Түркия өзүнүн аскер учактарынын бешинчи муунун түзгүсү келет.

Бул долбоор TFX деп аталып, ага түрк инженерлеринен сырткары британдык BAE Systems дагы тартылган. F-35 - көп багыттуу бешинчи муундагы аскер учагы. Аны иштеп чыгуу АКШда 1990-жылдары эле башталган.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Биринчи F-35 Түркияга салтанаттуу түрдө июнь айында берилген.

Азыркы учурдагы АКШнын бешинчи муундагы аскер учагы F-22 сыр боюнча сакталып келе жатат. Аны АКШ сатыкка да чыгарган эмес.

Анкара аскер учагын иштеп чыгууга бир миллиарддай акча бөлдү. Ал эми келишимдин жалпы баасы, анын ичинде учак сатып алуу чыгымдарын кошкондо 16 млрд долларга бааланат.

Жергиликтүү маалымат каражаттары май айында F-35 учагынын ордуна Түркия орусиялык 5-муундагы Су-57 учагын сатып алышы мүмкүн деп жазышкан.

Орусиялык Су-57 азырынча сыноодон гана өтүүдө. Орусиянын Коргоо министрлиги аскер учагы Сирияда согуштук шартта сыноодон өттү деп билдирген.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Жергиликтүү маалымат каражаттары май айында F-35 учагынын ордуна Түркия орусиялык 5-муундагы Су-57 учагын сатып алышы мүмкүн деп жазышкан.

5-муундагы аскер учактары НАТОго мүчө башка өлкөлөрдө жок. Бир нече аскер учактары бар, бирок техникалык мүнөздөмөсү боюнча башкалардан артта калат. Тактап айтканда, бул франциялык Rafale учагы. Аны Германия, Британия, Италия жана Испания биргелешип иштеп чыккан.

НАТОдөн сырткары мындай 5-муундагы аскер учагы Кытайда бар. Бул J-20 жана J-31 аскер учактары. Биринчиси Кытайдын аскер техникасынын санын толуктаса, экинчиси сыноодон өтүүдө.

Түркия менен АКШнын мамилеси

Түркияны F-35 аскер учагынын маселесинен сырткары экономикалык санкциялар дагы кооптондурат. Мунун баары Эндрю Брансондун кармалышына байланыштуу болуп жаткандай. Түркия аны Гүлен менен кызматташкан деп камакка алган.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Эндрю Брансон.

АКШ динаятчыны тез арада бошотууну талап кылган. АКШ президент Дональд Трамп эгер талап аткарылбаса, экономикалык санкцияларга барууга даяр экенин айткан. Ушундай эле билдирүүнү америкалык вице-президент Майк Пенс жасады.

Түрк президенти болсо, мында опузалар аны коркута албай турганын, анын Брансонго карата позициясы өзгөрбөсүн билдирди.

Эрдоган өз сөзүндө, АКШ өзүнүн ишенимдүү жана күчтүү союздашынан айрылып калуудан коркпой тобокелчиликке барып жатат деген. (AbA)

Тектеш темалар