"Фейсбукту" тартипке салууга мүмкүнбү? Жалган маалыматтарга каршы чаралар

Британ парламентиндеги комитет жалган маалыматтарга жана зыяндуу контенттерге бөгөт коюу үчүн «Фейсбук» жана башка чоң социалдык түйүндөр милдеттүү түрдө этикалык кодекстер менен көзөмөлдөнүшү керек деп жатат. Муну техникалык компанияларга салынган салыктын эсебинен каржылоо сунушу айтылды.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images/Facebook

Коомдук сайттар өз алдынча жалган маалыматтардын агымын токтото албай жатканы сынга алынып келе жатат.

Дүйшөмбүдө британ парламентинин Маданият, медиа жана спорт боюнча комитети бир жыл боюу жүргүзгөн «Маалыматты бурмалоо жана жалган жаңылыктар» деген изилдөөсүн жарыялады.

Документте Марк Цукербергге өзүнчө көңүл бурулган. Парламентарийлер «Фейсбуктун» негиздөөчүсүн бурмаланган маалыматтардын тарашына чара көрө алган эмес деген тыянакка келишкен. Компания болсо жеке маалыматтарды сактоо боюнча мыйзамдарды билип туруп бузганы айтылат. Андан сырткары парламентарийлерди атайын адаштырган маалыматтарды берүүгө аракеттенишкени сынга алынган.

Бул маселе британ парламентинде байма-бай көтөрүлүп жатат. Буга чейин дагы коомдук сайттар боюнча атайын докладдар жасалган.


Коомдук сайттарда фейк маалыматтар реалдуу жаңылыкты сүрүп чыгууда

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Өткөн жылдын жай айында ушул эле комитет интернет аркылуу тараган жалган маалыматтар ушунчалык тездик менен өсүп, реалдуу маалыматтарды сүрүп чыга баштаганын айтып чыккан.

Бул боюнча британ парламентинин Коомдук палатасынын маданият, басма сөз жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Дэмиан Коллинз билдирүү жасаган. Фейк жаңылыктарды кишилер реалдуу кабарлардан айырмалоосу кыйын болуп калды деген Коллинз.

Мунун алдында британ өкмөтү ММКнын шайлоо алдындагы жарыяларына цифралык идентификация киргизүү ниетин билдирген. Бул интернетке жарыяланган саясий тексттердин баары бир авторго катталат дегендик. Автор жарыяланган материалдар үчүн жооптуу болот.

Британ парламентиндеги докладдар өткөн жылдын жыл башындагы Cambridge Analytica фирмасына байланыштуу жаңжалдан улам даярдалып жататды.

Саясий жарнамалар менен иш алып барган лондондук компанияны "Фейсбуктагы" миллиондогон колдонуучулардын жеке маалыматтарын пайдаланган деп айтыпташкан. Жеке маалыматтарды АКШдагы 2016-жылы өткөн президенттик шайлоодо жана "брексит" боюнча референдумдун тыянактарына таасир этүү үчүн пайдаланган деген айыптоолор тагылган.

Комитеттин мүчөлөрү коомдук сайттар аркылуу шайлоого таасир этүү аракеттери болгон делген өлкөлөрдөгү маалыматтарды карап чыгышты. Аларга орусиялык атайын кызматтар "Фейсбуктагы" жарыялар аркылуу шайлоочулардын маанайына таасир этүүгө аракет кылганы тууралуу дагы маалыматтарды беришкен.

"Эгерде бул кийгилишүү куралы өтө күчтүү болуп, бир кнопканы басуу менен эле дүйнө жүзүндөгү миллиондогон кишилердин маанайына таасирин тийгизсе, эгерде алар жалган маалыматтарды эч кандай булагын көрсөтпөй эле тарата алса, анда биз демократияга олуттуу коркунуч жараткан көрүнүш менен иш алып барып жатканыбызды билишибиз керек",-деп билдирген өткөн жылы жай айындагы билдирүүсүндө Дэмиан Коллинз.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Марк Цукерберг америкалык конгрессмендердин суроолоруна жооп берип, бирок Вестминстерге келүүдөн баш тартып койгон

Комитет көрсөтмө берүү үчүн Facebook жетекчиси Марк Цукербергди бир нече ирет чакырды. Марк Цукерберг америкалык конгрессмендердин суроолоруна жооп берип, бирок Вестминстерге келүүдөн баш тартып койгон.

«Фейсбук» компаниясы болсо баарын жайгаруу аракеттерин көрүп жатканын билдирүүдө.

Өткөн жылдагы докладда кишилер мурдагыдай эле өлкөдө болуп жаткан окуяларды салтуу мааалымат каражаттарынан: телевидение, газета жана радиодон алат. Ошол эле учурда коомдук сайттардагы шилтемелерден дагы кеңири алып баштады деп белгиленген.

Көптөр мындай маалыматтарга ишенет, анткени муну тараткан досторуна, жакындарына ишенет эмеспи. Фейк жаңылыктар түрдүү формалар аркылуу тарап, таасирин тийгизет. Айталы, сатира же пародия, сүрөттөр, ачык эле пропаганда түрүндө тарайт деп белгиленген өткөн жылдагы докладда.

Ошондой эле авторлор мына ушундай жагдайларды эске алуу менен шайлоо мыйзамдарын өзгөртүүнү сунушташкан эле. (AbA)