Кытай элдешкис душманга айланган өлкөлөрдүн тилин кантип тапты?

Сауд Арабиясы, Иран жана Израиль бири-бири менен элдешкис душманга айланган өлкөлөр. Бирок, баары Кытай менен достук мамиледе. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Сауд Арабиясы, Иран жана Израиль бири-бири менен элдешкис душманга айланган өлкөлөр. Бирок, баары Кытай менен достук мамиледе.

Иран, Израиль жана Сауд Арабиясы ар дайым жээктин эки тарабында турган, мамилеси чатак өлкөлөр.

Ондогон жылдан бери Жакынкы Чыгыштагы негизги оюнчулардын бири-бирине мамилеси татаал бойдон калууда. Чөлкөмдөгү негизги суннит жана шийит күчтөрү болгон Тегеран менен Эр-Рияд өздөрүнүн союздаштары - Сирия, Йемен, ал тургай Палестин автономиясы аркылуу тирешип жатат. Ошол эле учурда эки өлкө тең Жакынкы Чыгышта конфликттеги ролу үчүн Израилди дагы катуу сындап жүрөт.

Андан келип, Израиль менен Сауд Арабиясы Ирандын өзөктүк программасын өздөрүнө чоң коркунуч катары көрөт. Эки өлкө тең Тегеранга катуу каршы турган Вашингтондун союздашы.

Кытай сөөк өчтү душманга айланган үч өлкө менен тең бекем мамиле түзө алды. Жакынкы Чыгыштагы өнөктөрү ортосундагы чыңалуу Бээжинге баш оору деле болбогон сыяктуу. Буга кантип жетишти?

Алды менен Кытайдын Жакынкы Чыгыштагы оюнчуларга жакындашуу стратегиясын ийне-жибине чейин иштеп чыкканы көрүнүп турат. Муну акыркы жылдардагы мамлекеттик сапарлардан байкаса болот.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Израиль менен Сауд Арабиясы Ирандын өзөктүк программасын өздөрүнө чоң коркунуч катары көрөт

Иран үчүн маанилүү өнөктөш

Мамлекеттик сапарлардын акыркысы 2018-жылдын июнь айында болду. Анда Ирандын лидери Хасан Рухани Кытайга барган.

Кытай менен Иран ортосундагы мамиле 1979-жылдагы Ислам ыңкылабынан кийинки кырдаалда чыңдалды. Анда Иран эл аралык изоляцияга кабылган учуру эле. 1980-жылдан 1988-жылга чейин уланган Иран-Ирак согушунда Бээжин Тегеранга курал-жарак сатып турган негизги өнөгү болгон.

2000-жылдары Вашингтон менен Евробиримдик өзөктүк программасынан баш тарттыруу максатында Иранга карата санкцияларды кеңейткен учурда, Кытай Тегеран менен соода байланышын токтоткон жок. Иранга башка өлкөлөрдөн алып келүүгө мүмкүн болбогон товарларды жеткирип берген.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Ушул жылдын июнь айында Си Цзиньпин менен Ирандын президенти Хасан Рухани Шанхайда жолукту

Коммерциялык мамиле 2010-жылы Кытай БУУнун Иранга каршы санкциясын колдогондон кийин деле улана берди. Бээжин соода мамилесинен жакшы эле пайда көрдү. Ирандын мунайын импорттоп эле тим болбой, өзүнүн товарларын дагы эч кандай атаандашы жок базарга алып кирди.

Ирандын географиялык жактан жайгашуусу дагы ыңгайлуу жерде - Жакынкы Чыгыш менен Азия жана Европаны бириктирген жолдо. Мындай абалы Иранды Кытайдын "Бир кур, бир жол" деп аталган ири долбоорунун бир бөлүгү болуп калышына мүмкүндүк берди.

Кытайдын ири геосаясий долбоору жаңы эл аралык соода коридорун түзүүгө багытталып, эки долбоордон турат - "Улуу Жибек жолунун экономикалык алкагы" жана "XXI кылымдагы деңиз аркылуу өткөн Жибек жолу".

Демилгенин максаты - Чыгыш менен Батыш ортосундагы сооданы кайра жандантып, "Жаңы Жибек жолундагы" маанилүү стратегиялык пункт болуп калуу. Кытай бул долбоор үчүн болжолу 8 триллион доллар каражат сарптайт деп күтүлүүдө.

Мындан сырткары Вашингтондун Ирандын өзөктүк программасы боюнча көп тараптуу келишимден чыгып кеткени, Кытай үчүн эки эсе маанилүү болуп калды.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Си Цзиньпиндин башкаруусу учурунда Кытай Жакынкы Чыгышка таасирин күчөттү

Хайтек жана Израилдеги туризм

Дүйнөнүн кайсыл ири державасы Израиль менен өтө жакын мамиледе? Дароо эле АКШны ойлойбуз.

Израиль менен Кытайды дагы байланыштырган кызыкчылыктар бар. Соңку учурда эки өлкө ортосундагы экономикалык байланыштар тездик менен өсүүдө.

Мурунку жылдагы Израиль премьери Биньямин Нетаньяхунун Бээжинге иш сапары учурунда тараптар 25 млрд. доллар өлчөмүндө келишимге жетише алды.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 2017-жылдагы Нетаньяхунун Кытайга сапары учурунда ири суммадагы келишимдерге кол коюлду

Нетаньяхунун айтымында, жогорку технолгиялар секторундагы Кытайдын үлүшү Израилге келип жаткан инвестициялардын үчтөн бирин түзөт. 2016-жылы эле жогорку технологиялар менен иштеген израилдик компанияларга түздөн-түз салынган акча 16 млрд. долларды түзгөн.

Кытай Израилдин туризм тармагын дагы активдүү колдоп келүүдө. 2017-жылы 100 миңдей кытайлык турист келген. Бул сандар 2015-жылга салыштырганда эки эсеге көп.

Нетаньяху экономикалык байланыштар Кытай менен саясий аренада дагы лоялдуу мамилеге алып келет деген ишенимин бир нече ирет билдиргени бар. Бирок, ушул кезге чейин Бээжин БУУнун Коопсуздук кеңешинде Израилге каршы добуш берип келүүдө.

Сауд Арабия жана Кытай

2017-жылдын март айында Кытайдын президенти Си Цзиньпин Сауд Арабиянын падышасы Салман ибн Абдул-Азизди кабыл алды.

Негизинен мунайдын тегерегинде сөз болот деп күтүлгөн. Жыйынтыгында тараптар экономикалык жана соода келишимдерине жетишкенден сырткары, космос жана толукталып туруучу энергия булактары жаатында дагы макулдашуулар болгонун жарыялашты.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Сауд Арабиясы жана Кытай Йемен боюнча бир пикирге келди. Ал эми Сириядагы чыр-чатак боюнча эки башка позицияда

Аналитик Давид Уалаалунун пикиринде, "Сауд Арабиясы мунайга болгон баа келечегинде мурдагыдай жогору болбошуна көзү жетти жана өзүнүн башка активдери тууралуу ойлонууга мезгил жеткенин аңдады" дейт.

"Ошол эле учурда Кытайдын саудиялык мунайга кызыгуусу күч жана акырындык менен падышачылыктын инфраструктурасына инвестиция салуу аркылуу Жакынкы Чыгыштагы таасирин арттырууда",- деп эсептейт эксперт.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кытай саудиялык мунайга болгон импорттун көлөмүн көбөйтүп келүүдө

Сауд Арабиясы үчүн Кытай - эң ири соода өнөгү, ошондой эле саудиялык мунайды ири көлөмдө импорттогон экинчи өлкө. Саясий деңгээлде бул өлкөлөр ар дайым эле бири-бирине макул эмес.

Маселен, Бээжин хусит козголоңчулары менен көрөшүүдө Йемендин өкмөтүнө жардам көрсөтүп, Эр-Рияддын кызыкчылыгына төп келе тургандай иш кылды. Бирок, Сирияда жарандык согуш башталгандан бери, саудиялыктар өзүнүн душманы санаган Башар Асаддын режимин колдоп келүүдө.

Ийгиликтин чеги

Кытай бири-бири менен душмандашкан бул үч өлкөнүн тилин кантип таап жатат?

"Кытай чөлкөмдүк, саясий, диний чыр-чатактарга чалынып калбай, ар дайым Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен мамилени стабилдүү кармай алган. Мындай тынчы жок чөлкөмдө Кытай эч бир тарапка жан тарткан эмес",- дейт геосаясий анализ боюнча америкалык Stratford фирмасынын эксперти Эмили Хоуторн.

"Кытай экономикалык көз караштан гана сунуш жолдой турганын башкаларга ачык түшүндүрүп койду. Өнөктөрү дагы Кытай менен бизнес жүргүзгөнгө кубанычта. Анткени Бээжин көп өлкөлөрдөн, айталы, АКШдан айырмаланып эч кандай идеологиясын таңуулабайт",- дейт эксперт.

Хоуторндун айтымында, Кытайдын Жакынкы Чыгышта негизги үч кызыкчылыгы бар: энергетикалык коопсуздук, жогорку технологиялар жаатындагы бизнеске мүмкүнчүлүк алуу жана "Бир кур, бир жол" долбоорун ишке ашыруу.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кытай саударабиялык бийликтин пайдасына Йемендин өкмөтүн колдогон. 2013-жылы Йемендин президенти Абд-Раббу Мансур Хади кытай лидери Си Цзиньпин менен жолуккан

Азырынча Бээжиндин стратегиясы ийгиликтүү уланып жатат. Бирок, анын Жакынкы Чыгыштагы таасири өзүнө чоң көйгөй жараткан учур дагы болуп калышы мүмкүн дейт эскперт Хоуторн. (AbA)

Тектеш темалар