"Фейсбук" Испаниянын футбол лигасын түз ободо көрсөтөт

The deal will bring all 380 La Liga games to Facebook

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Келишимге ылайык, "Ла Лиганын" 380 оюну "Фейсбукта" көрсөтүлөт

"Фейсбук" Испаниянын футбол лигасынын беттештерин Түштүк Азияда түз ободо көрсөтөт. Коомдук медиа да иш алып барган компания "Ла Лига" менен ири келишимге кол койду.

Жума күндөн тарта Индия субконтинентиндеги мамлекеттер "Барселона" менен "Реал Мадриддин" беттешин "Фейсбук" баракчасында көрө алышат.

Индия, Ооганстан, Бангладеш, Бутан, Непал, Малдивдер, Шри-Ланка жана Пакистандын тургундары "Ла Лига" оюндарын бекер көрүшөт.

Бул аймакта 348 миллион "Фейсбук" колдонуучулары бар. Алардын 270 миллиону Индияда жашайт.

"Фейсбук" Испаниянын лигасынын оюндарын көрсөтүү укугун алуу үчүн канча каражат жумшаганы ачык жарыяланган жок. Reuters агенттигине ылайык, 2014-жылы "Ла Лига" беттештерди көрсөтүү укугун $32 миллион долларга саткан.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Бул аймакта 348 миллион "Фейсбук" колдонуучулары бар

"Фейсбук" оюндар учурунда эч кандай жарнамалар болбойт деп билдирди. Бирок кийин жарнамаларды кошуу боюнча дагы талкуу жүрүп жатканын айтышууда.

Бул келишим кадыресе телеканалдарга коркунуч жаратат деген сөздөр чыгууда. Бирок "Фейсбук" "Ла Лига" менен келишим телеканалдарга кооптуу эмес деп ишендирүүдө.

Адистер болсо интернет каналдар тез өнүгүп жатканын белгилеп, "Фейсбук" келечекке даярдык чараларын көрүп жатат деп айтышууда.

Буга чейин "Фейсбук" АКШдагы бейсбол лигасын түз ободо көрсөтүү укугун сатып алган. Технология жаатында иш жүргүзгөн компания бир бейсбол оюнун көрсөтүүгө бир миллион доллар төлөгөн.

2019-жылдан тарта Amazon компаниясы Англиянын Премьер-лигасындагы жыйырма оюнду түз ободо көрсөтмөкчү. (AT)