БАРда россиялык журналисттерди ким өлтүргөн?

Журналисттер үйүнүн жанына курман болгон журналисттердин сүрөттөрү коюлду Сүрөттүн автордук укугу SERGEI SAVOSTYANOV/TASS
Image caption Москвадагы Журналисттер үйүнүн жанына курман болгон журналисттердин сүрөттөрү коюлду

Борбордук Африка Республикасында россиялык журналисттерди мусулмандардын "Селека" козголоңчул кыймылынын согушкерлери өлтүргөн болушу мүмкүн. Бул жөнүндө жергиликтүү булактарга таянып ТАСС агенттиги билдирди.

Борбордук Африка Республикасында шейшембиде россиялык журналисттер Орхан Джемаль, режиссер Александр Расторгуев жана оператор Кирилл Радченконун көп сандаган ок тийген жансыз денелери табылган эле.

Россиялык журналисттер бул жакка даректүү фильм тартканы келишкени белгилүү. Алар Африканын эң бир кооптуу өлкөсүндө эч кандай сакчылары жок жүрүшкөн.

Журналисттерге ким кол салганы так белгилүү боло элек. Алардын өлтүрүлгөн окуясы жөнүндө жергиликтүү башкаруучулар ар башка версияларды айтып жатышат. ТАСС агенттиги жергиликтүү радиостанцияга шилтеме берип, бул кол салуунун артында мусулмандардын "Селека" козголоңчул кыймылынын согушкерлери турган болушу мүмкүн деп билдирди.

Кол салуу болгон жерге жакын Сибю шаарынын мэри Анри Депеле россиялык журналисттердин айдоочусунун берген көрсөтмөсүн айтып берген. Анын айтымында журналисттер түшкөн автомашина Сибута шаарынан 23 км аралыкта баратканда жол четиндеги бак-дарактардан куралчан адамдар чыга калышып, ок жаадырышкан. Россиялык журналисттер дароо жан беришкен. Бирок айдоочу өлбөй тирүү калган, анын шаарга кантип жеткенин азыр териштирип жаткан чак.

Сибюнун дагы бир бийлик өкүлү россиялыктарды 30-июлда эле арабча сүйлөгөн, башына чалма чалган он чакты адам кармап кеткен деп жатат. Бирок алардын ким экенин анын өзү билбейт.

Кол салгандардын максаты эмне болгону белгисиз. Интерфакс жергиликтүү полицияга таянып, карактоо болушу мүмкүн деп билдирди. Анткени журналисттердин жанында сегиз миң доллар нак акча жана кымбат баалуу аппаратура болгон. Текшерүү көрсөткөндөй, кол салуу болгон жерден акча да, аппаратура да табылган эмес.

Журналисттердин жайнаган ок тийген жансыз денелерин шейшембиде эртең менен БУУнун миссиясынын кызматкерлери табышкан. (КС)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар