АКШ пастор Брансондун ишине байланыштуу Түркияга санкция киргизди

АКШ 2016-жылдын октябрынан бери Түркияда камакта жаткан пастор Эндрю Брансондун ишине байланыштуу эки түрк министрине карата санкция киргизди.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

"Президенттин буйругу менен каржы министрлиги Түркиянын юстиция министрине жана ички иштер министрине каршы санкция киргизет. Бул министрлер пастор Брансондун камакка алынышында негизги ролду ойногон",-деди Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс.

Эми санкцияга ылайык, Түркиянын юстиция министри Абдулахмит Гүлдүн жана ички иштер министри Сулейман Сойлунун АКШдагы банк эсептери тоңдурулат. Андан сырткары, америкалык жарандар бул министрлер менен кандайдыр бир келишим түзгөнгө тыюу салат.

АКШ жараны болгон христиан пастору Эндрю Брансонду түрк бийлиги белгилүү динаятчы Фетхуллах Гүлен менен кызматташкан деп айыптоодо. Брансон айыптоолорду четке кагууда.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Эрдоган АКШ өзүнүн ишенимдүү жана күчтүү союздашынан айрылып калуудан коркпой тобокелчиликке барып жатат деген.

Түркия Гүленди 2016-жылы ишке ашпай калган аскер төңкөрүшүнүн артында турган деп күнөөлөп жүрөт.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу: "АКШ санкциянын жардамы аркылуу максатына жетпейт",-деп айтты.

"Эгерде АКШ администрациясы ушундай ыкма менен өзүнүн мыйзамсыз талаптары менен чыкса, биз өзүбүздүн маселени чече албайбыз",-деп жазды "Твиттер" баракчасына.

Түркиянын юстиция министри Абдулахмит Гүл санкциялар ага таасирин тийгизбей турганын айтты.

Акыркы жылдары Анкара менен Вашингтон ортосундагы мамиле оор болууда. Мындай мамиле АКШ белгилүү динаятчы Фетхуллах Гүленди Түркияга бербей койгондон кийин башталды. Андан сырткары Түркия күрд элдик кошуундары менен кызматташты деп АКШга нааразылык билдирген.

АКШ пастор Эндрю Брансонду тез арада бошотууну талап кылууда. АКШнын президенти Дональд Трамп эгер талап аткарылбаса, экономикалык санкцияларга барууга даяр экенин айткан. Ушундай эле билдирүүнү америкалык вице-президент Майк Пенс жасады.

Түрк президенти болсо, мындай опузалар аны коркута албай турганын, анын Брансонго карата позициясы өзгөрбөсүн билдирди.

Эрдоган өз сөзүндө, АКШ өзүнүн ишенимдүү жана күчтүү союздашынан айрылып калуудан коркпой тобокелчиликке барып жатат деген. (AbA)

Тектеш темалар