Соода согушу: АКШга Кытай колдоно турган төрт рычаг

Fists with the US and Chinese flags Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Азырынча Кытай менен Кошмо штаттары ортосундагы соода согушу бажы төлөмдөрүн көтөрүү менен эле чектелүүдө. Дүйнөнүн эки ири экономикасы бирин-бири жаңы санкциялар менен опузалап, коркутуулардын көбү президент Трамп тарабынан айтылды.

Январдан тарта Вашингтон бир нече аталыштагы кытай товарынын импортуна чектөө киргизди. Пекин дагы өзүнүн тарифтерин көтөрүү менен жооп берген.

Бирок, кытай бийлигинин бул кармашта колдоно турган дагы төрт куралы бар.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption АКШ менен Кытай ортосундагы соода согушу импортко кошумча бажы төлөмдөрүн киргизүү менен эле чектелбеши мүмкүн.

1. Америкалык компаниялардын ишине таасир этүү

Бул үчүн бир нече мүмкүнчүлүктөр бар. Бийлик бажы тартибин татаалдаштырып, Кытайдагы эл аралык компаниялар үчүн өндүрүштүн баасын көтөрүп салса болот.

"Мындай чараларды киргизүүгө Кытайдын тажрыйбасы жетиштүү. Ошон үчүн америкалык бизнес ачык эле кооптонуп жатат",- дейт Сиракуз университетинин экономика боюнча профессору Мэри Лавли.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Айрым эксперттер Кытай соода согушун тереңдетүүгө барбайт деп эсептейт.

"Мындай мүнөздөгү стратегиянын куну эки тарапка тең көпкө түшүп калышы мүмкүн. Эки тараптын тең рыногуна экспортерлор тарабынан салынган инвестициясынын көлөмү кескин төмөндөйт деп күтсө болот. Андай болгондо, атаандаштык төмөндөп, керектөөчүлөр үчүн тандоо болбой калат жана баалар өсөт",- деп кошумчалады адис.

2. Кошмо Штаттарды обочолотуу аракети

Кытайда президенттик кызматты чектеген мөөнөт алып салынган. Бул деген төрага Си Цзиньпинди тез жана кыска аралыкта ийгиликтерге жетүү керек деген басымдан куткарат.

Бул соодага дагы тишелүү. Кытай бийлиги шашылбай башка өлкөлөргө соода альянсындагы түйүндөрүн жайылтып олтуруп, акырындык менен Вашингтонду обочолонтуп салат. Айрым аналитиктердин эсебинде, Пекин тарабынан азыртан эле Европа жана Азия, ошол эле Америка континетинин өзүндө ушундай оюндар ойнолуп жатат.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Си Цзиньпиндин бийликтеги мөөнөтү чектелбейт.

Кытай бир нече өлкөлөрдүн башын бириктирген Транс-Тынч океан өнөктөштүгү соода келишиминдеги лидерлик позицияны ээлеп калышы мүмкүн деген пикирлер бар.

2017-жылы январда Трамп АКШны бул келишимден чыгарууну караган жардыкка кол койгон. Бирок, аны ратификациялоо жагы токтоп турат.

Кытай АКШ менен соода чатагына барган жалгыз өлкө эмес. Буга чейин Транс-Тынч океан өнөктөштүгү соода келишиминдеги эки өлкө - Канада жана Мексика соода жүргүзүү боюнча Вашингтон менен кайым айтышууга барды. Булардын катарына Евробиримдикти дагы кошсо болот.

3. Юанды девальвациялоо

Эгерде Кытай чукулунан чабуулга өтөм десе, анда юанды девальвациялайт. Кытай акчасынын наркы төмөндөгөндө, бул эки эсе натыйжалуу болот: кытай экспорту арзандайт, Кытайдагы америкалык товарлар кымбаттайт.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кытайды буга чейин дагы жасалма түрдө юандын наркын төмөндөткөн деп айыптап келишкен.

Бирок, мындай чечимге баруу оңой эмес.

"Кытай жергиликтүү өндүрүштү колдоо үчүн экономикасына акча салат же юандын наркын төмөндөтөт",- дейт экономика боюнча баяндамачы Брайан Борзиковский.

Мындай валюталык чабуул чукул арада жыйынтыкка алып келет. Анын эки мизи бар экенин да унутпоо керек. Базарда юанды андан дагы арзан баада сатып алууга өтүшөт. Бул кытай экономикасында олку-солку кырдаалды жаратышы турган кеп.

4. Баалуу кагаздар

Соңку 20 жыл ичинде Пекин америкалык баалуу кагаздарды ири көлөмдө сатып алып, өкмөттүк облигацияларга чоң каражат салды. Эгерде Кытай бул баалуу кагаздардын чоң бөлүгүн сатам деп чыкса, дүйнөлүк базарда жер титирегендей эле болмок. Америкалык баалуу кагаздардын баасы кескин арзандайт. Америкалык компаниялар жана керектөөчүлөр үчүн насыялардын наркынын өсүшүнө алып келет. Жыйынтыгында америкалык экономиканын өсүшү төмөндөйт.

Кытайдын өзү деле мындан эсен-соо чыгып кетиши кыйын. Анткени өлкө мындай ишенимдүү инвестициялык инструмент таба албайт.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption АКШнын өкмөттүк облигацияларынын чоң бөлүгүн Кытай сатып алган.

Ошондуктан Кытай соода согушунан чыгып кетпесе дагы, ортодогу тирешүүнү тереңдетүүгө барбайт дейт айрым талдоочулар.

"Соода согушунда АКШга караганда Кытайдын аялуу жактары көп. Американын экономикасы көлөмдүү жана бир топ натыйжалуу",- деди эксперт Скотт Кеннеди.

Экономика боюнча Нобель сыйлыгынын ээси Жозеф Стиглиц бул пикир менен макул эмес. Анын эсебинде, мындай бороондуу учурду жашап өтүү Кытай үчүн жеңилирээк болот.

"Соода согушунда жабыркагандарды колдоо үчүн анын колунда инструмент жана ресурс бар. Кытай үч триллион доллар резерв менен олтурат",- деди окумуштуу.

Ишенимдүү айта турган бир гана жагдай, бул тирешүү эки өлкөнүн чегинен чыгып, дүйнөлүк рынокко сокку урушу мүмкүн. (AbA)

Тектеш темалар