Дүйнөнүн жашоого эң ыңгайлуу шаарлары жарыяланды

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Вена шаары

Австриянын борбору Вена, Австралиянын Мельбурн шаарынан озуп өтүп, дүйнөдөгү жашоого эң ыңгайлуу калаа катары табылды.

"Экономист" журналынын иликтөөлөрүн жүргүзгөн "Экономист чалгындоо бөлүмү" 140 шаарда сурамжылоо жүргүзүп, биринчи жолу Европа аймагындагы шаар биринчиликти алды.

"Экономист чалгындоо бөлүмү" бир нече факторду эске алат, анын ичинде саясий жана социалдык туруктуулук, кылмыштуулуктун деңгээли, билим берүү жана медициналык жардам алуунун оңойлугу дагы бар.

Жети жылдан бери биринчиликти бербей келген Мелбурн шаары быйыл тизмеде экинчи орунду ээледи.

Мелбурн шаарынан кийин тизмеде Осака (Жапония), Калгари (Канада) , Сидней (Австаралия) жана Ванкувер (Канада) бар.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Жети жылдан бери биринчиликти бербей келген Мелбурн шаары быйыл тизмеде экинчи орунду ээледи

Сурамжылоого ылайык, тизмедеги шаарлардын дээрлик жарымы бир жылдын ичинде шаардагы инфраструктура жана коопсуздукту жакшыртууга жетишип, упайларын көбөйткөн.

Жашоого кооптуу жана ыңгайсыз болгон шаарлардын башында Сириянын борбору Дамаск турат. Дамасктын артынан Дака (Бангладеш), Лагос (Нигерия), Карачи (Пакистан) жана Порт Морсби (Папуа-Жаңы Гвинея) турат.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

2018-жылдын жашоого эң ыңгайлуу шаарлары

1. Вена, Австрия

2. Мелбурн, Австралия

3. Осака, Жапония

4. Калгари, Канада

5. Сидней, Австралия

6. Ванкувер,Канада

7. Токио, Япония

8. Торонто, Канада

9. Копенгаген, Дания

10. Аделаида, Австралия


2018-жылдын жашоого кооптуу жана ыңгайсыз шаарлары

1. Дамаск, Сирия

2. Дака, Бангладеш

3. Лагос, Нигерия

4. Карачи, Пакистан

5. Порт Морсби, Папуа-Жаңы Гвинея

6. Хараре, Зимбабве

7. Триполи, Ливия

8. Дуала, Камерун

9. Алжир, Алжир

10. Дакар, Сенегал

Тектеш темалар