Бангладеш: 18 миллион калкы бар шаарды дүрбүткөн кырсык

Protesting students in Dhaka Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Студенттер жана мектеп окуучулары демонстрацияларын улантууда

Бангладеште бир аптадан бери нааразылык акциялар уланып жатат. Демонстрацияларга эки мектеп окуучунун өмүрүн алган унаа кырсыгы себеп болду.

Нааразылык акцияларды негизинен мектеп окуучулары менен жаш студенттер уюштурду. Алар өкмөттөн жол коопсуздугун камсыз кылууну талап кылышууда.

Нааразылык акциялар күчөп, полиция менен кагылышуулар дагы болду.

Демонстрацияларга эмне түрткү болду?

29-июлда Дакка шаарында эки окуучуну өтө тез бара жаткан автобус сүзүп кеткен. Автобустун айдоочусу кардар талашып, башка автобустар менен жарышып келе жатканы кабарланды.

Бул окуя кырсык катары кабыл алынышы мүмкүн болчу. Бангладеште өткөн жылы 4 миңден ашуун адам унаа кырсыгында каза тапкан. Бирок окуучулардын өлүмү башында социалдык тармактарда кызуу талкууланып, андан кийин окуучулар көчөлөргө чыга башташты.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Окуучулар көчөлөрдү бууп алышты

Он миңдеген студенттер жана окуучулар Даканын көчөлөрүнө топтолуп, жолдорду бууп, шаардагы унааларды толугу менен токтотуп салууга жетишти.

Окуучулар жүрүп бара жаткан жүк ташуучу унааларды, автобустарды жана машиналарды токтотуп, айдоочулардын күбөлүгүн жана унаалардын абалын дагы текшеришти.

"Биз бир гана корруцияны токтоткубуз келет жана айдоочунун күбөлүгүн таратканды токтотушсун", -деди 17 жаштагы активист.

Эмнеге полиция менен кагылышуулар болду?

Бангладеште демонстрациялар көп катталбайт. Бирок бул жолу миңдеген демонстранттар жолдорду бууп, 18 миллион калкы бар шаардагы унаалар, автобустар эч жүрө албай калды.

Ишемби күнү полиция көздөн жаш чыгарган газ колдонуп окуучуларды таратууга аракеттенген. Башында бийлик мектеп окуучуларына күч колдонгонун четке каккан.

Ошондой эле бийликтеги партиянын жаштар канаты, Bangladesh Chhatra League уюмунун мүчөлөрү менен нааразылык акцияга чыккандардын ортосунда кагылышуулар болгону да айтылууда.

Сүрөттүн автордук укугу NurPhoto/Getty Images
Image caption Бийликтеги партиянын жаштар канаты демонстранттарга каршы күч колдонгону айтылууда

Дүйшөмбү күнү полиция университетте окуган студенттерге күч колдонуп, жергиликтүү оорукана 40 адам демонстрацияларда жаракат алып даарыланып жатканын билдирди.

Ошондой эле Bangladesh Chhatra League (BCL) журналисттерге каршы кол салып, алардын жабдыктарын талкалап жатканы кабарланууда.

Бир жергиликтүү журналист BCL уюмунун мүчөлөрү делген топ келип, видео материалдарын өчүртүп, андан соң аны сабап кеткенин айтты.

"Алар мага баарын өчүр, эгерде булар обого чыгып калса сенин ишиң бүттү, сага эч ким жардам бере албайт", - деди журналист. Ал Би-Би-Сиге атын жашыруун кармоого суранды.

Студенттер нааразылык акцияларын кантип уюштурушту?

Демонстрацияларга негизинен жаштар катышканы үчүн коомдук медиа маанилүү роль ойноду. Эки окуучуну автобус сүзүп кетти деген жаңылык коомдук медиада тез таркап, демонстрациянын өзү дагы коомдук медиа аркылуу уюштурулду.

Азыр полиция менен кагылышуулар болгонуна карабастан студенттер коомдук медиа аркылуу нааразылык акциялары уланаарын билдиришүүдө.

Ошондой эле активисттер коомдук медиа аркылуу эл аралык медиа уюмдарын окуяны чагылдырууга чакырышты.

Өкмөт кандай жооп кайтарды?

Бангладештин өкмөтү жол коопсуздугун реформалоо убадаларын берди. Дүйшөмбү күнү Жол коопсуздугу боюнча жаңы мыйзам кабыл алынды. Ал көп жылдан бери талкууланып келген.

Бирок расмийлер демонстрацияларды токтотууга чакырды. Өкмөт ишемби күнү кайрадан демонстрациялар уюштурулбасын деген максат менен 3G менен 4G интернетти өчүрүп салган.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Нааразылык акцияга чыккандар менен полиция кагылыша кетти

Бириккен Улуттар Уюму болсо нааразылык акцияга чыккан жаштардын коопсуздугуна кабатыр болгонун билдирип, тараптарды сабырдуулукка чакырды.